Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:45

Отунсуз калган Ош кыштан кантип чыгууну ойлонууда


Газ кризиси боюнча коомдук угуу. Ош шаары, 24-июль, 2014.
Газ кризиси боюнча коомдук угуу. Ош шаары, 24-июль, 2014.

Газсыз калган Ош шаары кыштан кантип чыгуунун жолдорун издөө менен алек.

Жарандык коомдун өкүлдөрү да өткөн жумада Ошто атайын жыйын өткөрүп, бийликке көгүлтүр оттун ордун толтуруунун, электр тартыштыгынан чыгуунун бир нече жолдорун сунушташты.

Сунуш көп, бирок...

Түштүк облустардагы 25 бейөкмөт уюмдан түзүлгөн Регионалдык гуманитардык форумдун “газ туңгуюгун” талкуулаган жыйынында Ош шаары кыштан кантип чыгышы керектиги тууралуу толтура сунуштар жасалды. Баягы эле электр тармагын чыңдоо маселеси бул сунуштардын башында турду жана чогулгандар бир ооздон трансформаторлорду, электр чубалгыларын алмаштыруу зарылдыгын айтып жатышты.

Форумдун бир мүчөсү Акылбек Ташбулатов күн энергиясын пайдалануу жагын да караштырып көрүүнү сунуштады:

- Президентибиз Ошко ар бир үйгө электрмеш берилет деп айтты. Аны биз болжолдуу 580 көп кабаттуу үйдөгү батирлерге бирден эле бере турган кылып эсепке алсак, 450 миң доллар каражат зарыл болот экен. Муну биринчиден сатып алуу, таркатуу акыйкат жүрбөй, коррупция болуп кетет. Экинчиден, бул электрмештердин баары жагылса, биздеги трансформаторлор көтөрө албайт. Үйлөрдүн ичиндеги электр чубалгылары үзүлүп, күйүп эле жатып калат. Электрдин өзү болбосо анда, плиталардын эмне кереги бар? Демек ошого кеткен акчага катар-катар трансформаторлорду алмаштыруубуз кажет. Мындан сырткары күн батареясы, күндүн энергиясы менен жылытуу системаларына өтүү керек. Дегенибиз биз быйылкы эле жылдын камын эмес, кийинки жылдарга да даярдана беришибиз керек. Анткени кийинки жылдары деле абал ушундай болуп калышы мүмкүн.

Жыйынга катышкандардын бир тобу жер тамдагылар үйүн жалаң көмүр менен жылытуусу керектигин айтышты. Алардын пикиринде, тамак-аш бышырууга болсо суюлтулган газ колдонуп, электрди бир гана жарык үчүн пайдалануу зарыл. Көп кабаттуу үйдөгүлөр болсо бардыгы борборлоштурулган жылуулук түйүнүнө туташтырылышы кажет. Энергияны үнөмдөп, электрмештердин да заманбап үлгүлөрүн иштетүү керек. Башкача айтканда көп кабаттуу турак жайдагылар үйдү жылытууга электрди дээрлик колдонбосо туура болот.

Жыйындын катышуучусу Гүлгаакы Мамасалиева бирок бул нерселердин наркы бир калыпта сакталып туруусу кажет деп эсептейт:

- Биринчиден көмүрдүн, суюлтулган газдын баасын бир калыпта кармап туруу керек. Азыр жайдын күнүндө көмүр 4 сомдон болуп атат, эртең бир кар жаашы менен бул баа көтөрүлүп кетиши мүмкүн. Ошонун алдын алуу зарыл. А суюлтулган газдын 20 кг.дык бир газ баллону 600 сомдон болуп атат. Ал Бишкекте болгону 450 сом турат. Ушул жагын да кароо кажет. Экинчиден, көп кабаттуу үйлөрдүн жылуулукка болгон даярдыгын камсыздоо жана туташпаган үйлөрдүн баарын борборлоштурулган жылуулук түйүнүнө туташтырып, ОшТЭЦ эртерээк жылуулук бериши керек. Маселен, жылда ноябрь айында берип келген болсо, быйыл октябрь айынан баштап эле бере баштасын. Башкысы бул жылуулуктун сапаты жылдагыдан жакшыраак берилиши шарт. Башкача айтканда түтүк менен келген суулар жакшы ысып турушу керек. Ошондо гана калк үйдү жылытууга кошумча плитаны колдонбойт. Натыйжада шаарда бир топ электр энергиясы үнөмдөлөт.

Регионалдык гуманитардык форум (РГФ) мындан сырткары газ, электр маселелери боюнча коомдук кеңеш түзүүнү, көп кабаттуу үйлөрдүн айланасындагы суюлтулган газдардын союздан калган эски системаларын колдонууну, 3 фаза колдонгон кафе-ресторандарды, сауна жана эс алуучу жайларды кышта электрден чектөө сыяктуу сунуштарды көтөрүп чыкты. Айрымдар болсо энергияны аз керектөөчү лампаларды жана жабдыктарды колдонуу керектигин айтышты.

Күзгө чейин газ келип калышы да мүмкүн

Жергиликтүү бийликтер да ушул эле маселелердин алкагында аракеттер көрүлүп жатканын айтат. Бирок баары бир кырдаал оор экенин Ош шаарынын вице-мэри Кутманаалы Абдырахман уулу моюнга алат:

- Былтыр Ош шаарына 714 млн. квт/саат электрге лимит берилген экен. А шаар болсо иш жүзүндө 776 млн. квт/саат энергия пайдаланган. Ал кезде газ бар болчу. Демек биз газ бар мезгилде да электрди 10 пайыздан ашык колдонгонбуз. Быйыл болсо бизге бир жылга 774 млн. квт/саат лимит бекитилсе, шаар 950 млн. квт/саат электр энергиясын пайдалануусу мүмкүн деген божомол бар. Азыр бизге ушунча электр береби, бербейби белгисиз. Демек кандай кылабыз деген суроо бар. Электрди жылытуу багытында эмес, жарык жана турмуш-тиричилик багытында гана колдонуу сунушу бар. Кошумча электр менен иштеген ишканалар көмүр менен иштөөгө өтөт. Шаардагы жеке сектор, ишкана, мекеме, бизнес сектор, бардык тармактар классификацияланып чыгып, оор келген мезгилде кайсынысын өчүрүү зарыл болоорун азыр тактап атабыз. Албетте, калктын жарыгы өчүрүлбөйт. Жеке секторлор кышка жок дегенде 3 тоннадан көмүр камдап алышы кажет. Көп кабаттуу үйлөрдү болсо биз болушунча жылуулук түйүнүнө туташтырууга аракет кылабыз.

Вице-мэр ошондой эле күзгө чейин газ келип калышы мүмкүндүгүн да кыйытты:

- Газ маселеси чарбалык эмес, саясий маселеге айланып кеткен үчүн ушундай абал жаралып калды. Оптимисттик маанайдагы маалыматтар да бар. Газ балким күзгө дейре болуп калышы да мүмкүн деген сөздөр бар. Анткени азыр “Узтрансгаз” менен “Газпромдун” ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бирок бул маалыматтар азыр так, даана болбогону үчүн бул күнү көгүлтүр от келет деп азыр айта албайм. Ошол себептүү биз газдын жоктугуна даяр боло беришибиз керек.

Алдын-ала маалыматтарга ылайык, Ош шаары 100 миң тоннадан ашык көмүр керектейт. Кара алтынды камсыз кылуу боюнча мэрия атайын жайларды ачып, бирдей баада сатууну уюштурганы турат.

Ошол эле кезде шаар кышта 16 миң тоннанын тегерегинде суюлтулган газ иштетиши мүмкүн. Муну камсыз кылуу боюнча 3 фирма 10дон ашык жерде өз пункттарын ачып, иш алып барууда.

Кантсе да калк арасында суюлтулган газдын коопсуздугу боюнча кабатырлануу бар. Үйү бешинчи кабатта жайгашкан Гүлүмкан Абдраева мындай дейт:

- Биздин үй Оштун Манас-Ата кичирайонунда жайгашкан. Азыр эле биздин үйлөргө караштуу трансформатор жарылып, күн алыс оңдоп жинди болуп атабыз. Утуру атылып кетип атат. Жаз-жай мезгилинде акыбал ушундай болуп жаткандан кийин, кышта кандай абалда болобуз. Жарыксыз эле отурабыз го сыягы. А суюлтулган газды бешинчи кабатка коюу чынында кооптуу. Жаш бала бар, жакшы иштете албай, жарылып кетсе эмне болот?

РГФ өзү да бул иште четте калбай калкка түшүндүрүү жана кеңеш берүү жагын колго алганы турат. Өзгөчө суюлтулган газды иштетүү, электрмештердин эффективдүүлөрүн колдонуу боюнча чакан окутууларды да жүргүзмөкчү.

Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев болсо Оштун кыштан тынч-аман чыгып кетүүсүнө Орусиядан келген 30 млн. доллардын баары жумшалаарын аймактагы иш сапарында ачыктаган. Анын ичинен 261 млн. сом электр тармагын чыңдоого, станцияларды кубаттандырууга, линияларды, трансформаторлорду алмаштырууга жана суюлтулган газ менен камсыз кылууга керектелет.

“Кыргызгаз” ишканасы Орусиянын “Газпром” компаниясына сатылгандан кийин, келишим бүттү деген шылтоо менен Өзбекстан 14-апрелде Кыргызстандын түштүгүнө газ берүүнү токтоткон. Ошондон бери Ош шаары газсыз отурат.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG