Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:08

Чыр коштогон он тогуз күндүк концерт


Оштогу улуттук драма театрынын алдында илинген концерттин жарнамасы. 20-март, 2015-жыл.
Оштогу улуттук драма театрынын алдында илинген концерттин жарнамасы. 20-март, 2015-жыл.

Оштогу артисттер 19 күндөн бери улуттук драма театрда концерт өткөрө албай убара. Буга театр директорунун жубайы Самара Каримова аттуу ырчынын концерти бүтө электиги себеп болууда.

Он тогуз күн (4-марттан 22-мартка чейин) тынымсыз концерт коюп жаткан жаш ырчы Самара Каримова коомчулукту бир эсе таң калтырса, бир эсе кыжырлантты.

Анткени буга чейин Кыргызстанда мынча узак убакыт концерт койгон ырчы болгон эмес. Анын үстүнө Оштун эли майрам сайын, ар бир ырчынын концертин тандап, тамаша кылганга көнгөн. Мындан улам башка ырчылар майрамдык концерттерин орундугу эки эсе аз өзбек драма театрында өткөрүүгө аргасыз.

Ырчы Бек Борбиев ушу тапта Ошто концерт коюп жүрөт. Бул жолу анын концерти Бабур атындагы өзбек драма театрында өтүүдө. Борбиев мындан улам Ош улуттук драма театрынын директору Асан Мансуровго нааразы экенин жашырбады.

Ырчынын күйөөсү Асан Мансуров театрдын ижара акысына 125 миң төлөгөн. Концерттин соңунда дагы 50 миң сом төлөнөрүн айтты
Ырчынын күйөөсү Асан Мансуров театрдын ижара акысына 125 миң төлөгөн. Концерттин соңунда дагы 50 миң сом төлөнөрүн айтты

- Эки жылдан бери ушул убакта Ош улуттук драма театры такыр бошобойт. Эми директордун аялы болсо эле ушинте берген туура эмес да. Мен эң көп дегенде беш күн гана концерт койгом. 19 күндүк концертти буга чейин уккан эмесмин. Анын үстүнө билеттерди зордоп саттырды деп угуп калдым. Эгер мен театр директору болсом, аялыма концерт өткөрүүгө жол бермек эмесмин.

Ырчынын концерти башталганда мамлекеттик кызматта иштегендердин айрымдары “Театр башчысы Мансуров концерт билеттерин зордоп саттырып жатат” деген нааразылыктарын билдиришти. Атын атагысы келбеген мамлекеттик кызматкер таңууланган билеттер тууралуу “Азаттыкка” айтып берди. Анын билдиришинче, Мансуров кадырын салып жатып концерт билеттерин мугалимдерге, айыл өкмөттөргө жана дарыгерлерде 200 сомдон зордоп саттырган.

- Мени билет ал деп кыйнашты. Мен концертке ким менен бармак элем деп болбой койдум. Бирок көбүнө билеттерди зордоп саттырышты. Нааразы болуп арыздана албай жаткандар да толтура. Көп кызматкерлер сөгүнүп эле кала беришти.

Театр башчысы Асан Мансуров 19 күндүк концерттин билеттери мамлекеттик мекемелерге таратылганын танбайт. Бирок ал аялынын концертинин билеттерин каалоочулар гана алып жатканын айтууда.

- Биз мекемелерге билет бергенибиз ырас. Бул Самараны реклама кылуу максатында гана болгон иш. Билеттер өтпөй калса кайра кайтарып бергиле дегенбиз. "Албайбыз" дегендерге кыйнап саткан жокпуз. Мажбурлады деген да туура эмес. Мэрия кызматкерлерине билет күч менен таратылды деген маалымат чындыкка коошпойт. Биз мэрияга билет берген эмеспиз.

Оштогу Бабур театрынын көрүүчүлөр залы
Оштогу Бабур театрынын көрүүчүлөр залы

Куудул Борончу Кудайбергенов да башкаларга кезек бербей концерт койгондорго капа. Ал артисттердин баары эле эл көп баткан театрда өнөр тартуулагысы келерин айтты:

- Бардык эле артист концертин эл көп баткан театрда өткөргүсү келет. Биз аялдар майрамына карата 400 орундуу өзбек драма театрын ижарага алдык. Батпай калган адамдар көп болуп, улуттук театрда өткөрбөгөнүбүзгө нааразы болуп жатышты. Бирок Тынар экөөбүз театр директорунун жубайы эмес экенбиз да. Биз кыйладан бери эле Ош улуттук драма театрда концерт бербей калганбыз. Анткени драма театрдын ууру тешиктери көп. Ар бир концертте театрдын кызматкеримин деген жетимиштей адам бекер кирип кетет. 25 миң ижара акыдан тышкары ар түрдүү кызматтарды көрсөтөбүз деп 30 миңдей акчаңды заматта алып коет.

Ош улуттук драма театры 800 орунга ылайыкташкан. Ага Асан Мансуров 2009-жылдан бери директор. Анын жубайы Самара Каримова былтыркы жазда да жети күн катары менен концерт берген. Анда да билеттери мамлекеттик мекемелерге таратылган. Театрдын бир күндүк ижара акысы 12 миң сом. Жеке ишкер катары катталган Самара Каримова 19 күндүк концерти үчүн театрдын ижара акысына 125 миң сом төлөгөн. Ырчынын күйөөсү Асан Мансуров концерт соңунда дагы 50 миң сом төлөнөрүн айтты. Бирок сырттан келген артисттер театрдын ижара акысы 25 миң экенин айтышууда.

XS
SM
MD
LG