Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:49

ИИМди уялткан МАИчилердин жоругу


Сүрөттөгү адамдардын окуяга тийешеси жок
Сүрөттөгү адамдардын окуяга тийешеси жок

Ош шаардык жол кайгуулчулардын өз ара сөгүнгөнүн көрсөткөн тасманын айынан төрт кызматкер иштен алынып, үч жетекчи кызматкерге сөгүш берилди.

Бирок талаштуу видео катышуучуларын дүңү менен жазалоо чарасы коомчулуктын сынына кабылууда. Өкмөт башчыдан тарта ички иштер министринин жана жергиликтүү жетекчилердин баш оорусуна айланган бул окуя күч кызматтарындагы иш тартибинин чыныгы абалы катары бааланууда.

Ош шаардык жол кайгуул кызматкерлеринин өз ара сөгүшкөнү 3-июлда тартылып, 22-августта интернетке тараган. Жаш кызматкерди ашата сөгүп, видеодо баш каарман болгон Жеңиш Жумашев кадимки чогулуштар да ошондой эле сөгүшүүлөр менен болорун тастыктады. Ал эми мурда тартылган тасма милицияларга берилген үй талаштан улам интернетке жарыяланып кеткенин айтты:

- Мунун баары милицияга берилген үйлөрдү бөлүштүрүүдөн чыкты. Мен МАИде үй бөлүштүрүү комиссиясынын төрагасы катары бүт кызматкерлерди чогултуп, жыйын өткөрүп жатканбыз. Анан Полот деген кызматкерден «сенин үйүң барбы?» деп сурасам, «ишиң болбосун» деп начальниктин кабинетинде сөгүнүп кирди. Анан мен бул протоколдук жыйын экенин, ал сөгүнүүсүн токтотушу керек экенин талап кылдым. Бирок ал «Сен деле сөгүнөсүң, керек болсо сен сөгүнгөн видео да бар» деген. Ошонун эртеси күнү видеону интернетке чыгарып жибериптир. Негизи мени жумуштан алышканын туура эле дейм. Анткени ал жерде мен мактана турган эч нерсе жок. Бирок чыккынчылык да кечиримсиз нерсе. Мурда чыккынчылар атылган. Иса экөөбүздүн ортобуздагы сөз ошол жерде эле чечилген болчу.

Ал эми Ош шаардык жол кыймылын көзөмөлдөө кызматынын башчысы Шаирбек Шакиров МАИ кызматкерлери арасында мындай жүрүм-турумду мурда байкабаганын айтты.

- Бизде буга чейин мындай сөгүнүү болгон эмес. Биз андай жүрүм-турумду көргөн эмеспиз. Ал жыйырма жылдан ашык МАИде иштеген эле. Бул кызматкер өзүнүн баласы үчүн сөгүнүп, этиканы сактаган эмес. Биз андан "эмне үчүн мындайга бардың?" деп сураганыбызда, эмоцияга алдырып койгонун айтты.

Бул тасма өкмөт башчы Темир Сариевдин да назарына илинген. Ал тасмада сөгүнгөн МАИ кызматкери баласы үчүн эмес өлкө үчүн ушундай күйсө болмоктугун айтып, аны иштен айдоо менен чектелбей, бүт чиндеринен да ажыратуу керектигин айтты. Ички иштер министри Мелис Турганбаев ачык сөгүнгөн МАИ кызматкери бүт милициянын бетине көө сүрттү деди:

- Бул бир эле МАИ эмес, ИИМдин да аброюна аябай зыянын тийгизип жатат. Өкмөт башчынын буйругу жер-жерлердеги өздүк курам менен милиция кызматкерлеринин жүрүм-туруму, жанагы видеодогу уятсыз, акмакчылык менен айтылган сөздөр боюнча жыйындарды өткөрөлү деп атабыз.

Видеодо кесиптешинен тил уккан Иса Шакирбай уулу болгон окуя тууралуу пикир айтуудан баш тартты. Бул арада видеону көргөндөр жаш кызматкердин мыйзам чегинде аракеттенгенин жогору баалап, анын жумуштан алынышын сындап чыгышты. Жарандык активист Калича Умуралиева да сөгүш укканы аз келгенсип, кызматтан алынган Иса Шакирбай уулуна сыйлык берилиши керек деп эсептейт.

- Кызматтык милдетин так аткарган кызматкерди жумуштан алганды туура эмес деп эсептейм. Негизи алар өзүнүн жетекчисинин баласы экенине карабай эреже бузган айдоочуга айып жазганы туура да. Менин оюмча Жеңиш Жумашевди кетириш керек. Себеби, ал өзүнө берилген укуктун чегинен чыгып кеткен. Ал эми тиги балдарга тескерисинче сыйлык берүү керек.

Учурда интернеттеги талкууларда жетекчисинин мазактоосуна кабылган кызматкерлерге жан тартуу маанайы күч экени байкалууда. Көпчүлүк аларды бейкүнөө иштен айдалып жатат дешүүдө. Азырынча ал пикирлер жергиликтүү милиция жетекчилигине кандай таасир этери белгисиз. Бирок Ош шаардык милициясынын маалымат катчысы Замир Сыдыков башкы башкармалыктын чечими өзгөрүшү мүмкүн экенин айтты:

- Жарандык коомдун мүчөлөрү активисттр иштен алынган кенже жетекчилик курамдагы үч МАИ кызматкерин бошотуу мыйзамсыз болду деген пикирлерди айтып жатышат. Бул маселе да Башкы башкармалык тарабынан каралып туруп, кайрадан жыйынтык чыгышы мүмкүн.

Бирок баары жан тартып жаткан Иса Шакирбай уулунун аты буга чейин да бир таанылган эле. Орозо айында ооз ачарга шашып бараткан айдоочу өзүн Иса Шакирбай уулу сабаганын айтып, маалымат тараткан. Бирок окуянын эртеси эле берген көрсөтмөсүн өзгөртүп, жыгылып кеткенин айтып чыккан. Иш ошону менен жабылып калган болчу.

XS
SM
MD
LG