Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:14

"Ата Мекендеги" ажырым


Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаков “Ата Мекен” партиясынан чыкканын расмий жарыялады.

Самаков шейшембиде тараткан билдирүүсүндө аталган партия 20 жылдан бери кармап келген принцибинен тайып, мурдагы өткүрдүгүн жоготту деп сындаган. Мындан улам “Ата Мекендин” катарынан чыгып, өз алдынча партия түзгөнүн жар салды. Бирок “Ата Мекендин” мүчөлөрү Самаковдун сынчыл көз карашын четке кагууда.

Карганбек Самаков “Ата Мекендин” курамынан чыкканын партия лидери Өмүрбек Текебаевге жолдогон кайрылуусунда жарыялады. Анда Самаков партиядан чыгышынын себептерин түшүндүргөн. Депутаттын жүйөсүндө, “Ата Мекен” партиясы 2010-жылы шайлоо алдында берген убадаларын аткара албай, коалицияны таратуу жана түрдүү компроматтар менен алышып, өкмөттү алмаштыруу менен гана алек болуп калды деп сындаган.

Карганбек Самаков
Карганбек Самаков

"Мен качандыр бир кезде “Ата Мекендин” мүчөсү болгонума сыймыктанчумун. Акчасы аз болсо да, өктөм, эрктүү партиянын катарында болгонум үчүн. Бирок азыр ошол “Ата Мекеним” кайда? Мен тааный албай жатам. Күжүрмөн партиянын тынч отуруп, өнүкпөй калышына 18 гана депутаттык орун жетиштүү болду. Бюрократия жана жумшак орундар бизди саздай соруп кетти", - деп билдирген депутат өз кайрылуусунда.

Ошондой эле Карганбек Самаков өкмөт жана парламент жоопкерчиликтен качып, президенттин артына жашынып алганы, натыйжада парламенттик система дискредитация болуп жатканын билдирген. Ал ошондой эле партия лидерлери жоопкерчиликти алып, өкмөттү башкарууга барышы керек деп эсептейт. Депутат буга байланыштуу партия катарынан чыгып, өз алдынча “Биримдик” аттуу партия түзгөнүн жар салды.

Самаков саясий келечегин ойлодубу?

Карганбек Самаковдун билдирүүсүнө “Ата Мекен” партиясынын өкүлдөрү дароо жооп кайтарды. Партиянын лидери Өмүрбек Текебаев Самаковдун кадамына өз саясий келечегин ойлоду деп баа берди:

Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

- Самаковдун мындай партия түзүп кетиши мыйзам ченемдүү көрүнүш. Анткени ал өзүнүн саясий келечегинин камын көрүп жатат. Ал эми “Ата Мекен” ага мындай келечекке кепилдик бергиси келген эмес. Ошондуктан, Самаковдун кызыкчылыгы үчүн туура кадам деп ойлойм. Биз анын чечимин кубаттайбыз, ийгилик каалайбыз.

Ошол эле учурда Текебаев Самаковдун “Ата Мекендин" дарегине айткан сын пикири менен макул эмес:

- Самаков партия жумшак болуп кетти деген ойду айтып жатат. Буга ачык жооп бергим келет, биздин фракция иш жүзүндө 15 депутаттан турганы менен баштапкы эркибизден кайткан жокпуз. Парламент жетекчилигинин кемчилигин ачыкка чыгарып төраганы , өкмөттүн кемчилигин ачык айтып, аны алмаштырып жатабыз. Самаков ушул мүнөздү жумшак десе, анда ага төрт жыл ичинде мындан да аша чаап, катуу болууга, чечкиндүүлүк кылууга мүмкүнчүлүк болгон. Бирок андайды байкай алган жокпуз.

Карганбек Самаков “Ата Мекен” партиясынан чыгып кеткен үчүнчү депутат болду. Буга чейин аталган партиядан Равшан Жээнбеков, Өмүрбек Абдырахманов да саясий шериктеринен бөлүнгөн. Алардын бири Өмүрбек Абдырахманов Самаковдун партиядан чыгышы күтүлгөн кадам болчу дейт. Анын айтымында, Самаковдун партия лидери менен тиреши тереңдеп кеткен:

Өмүрбек Абдырахманов.
Өмүрбек Абдырахманов.

- Карганбек Самаков көптөн бери эле партиядан чыгам деп айтып жүргөн. Анткени партияны Текебаев менчиктеп алып, өзү каалагандай башкарууга аракет кылат. Ал эми Самаковдун өз алдынча амбициясы жогору болчу. Аны ишке ашырууга Текебаев мүмкүнчүлүк бербесин билген соң бул кадамга барды.

Кыргыз парламентинде буга чейин “Ата Мекенден” башка фракцияларда да ажырым кездешип келген. Буга чейин Жогорку Кеңештеги бардык фракцияларда өз алдынча депутаттык топтор пайда болуп, пикир келишпестиктер жаралган. “Ата Журт” фракциясы бир нече топко бөлүнсө, “Республика” фракциясында талаштуу жагдай түзүлүп, кош бийлик пайда болгон. Мындай кырдаалда “Ата Мекен” салыштырмалуу биримдиктүү фракция катары эсептелчү.

Саясий илимдердин кандидаты Бакыт Орунбеков бул көрүнүштү өлкөдөгү партиялык маданияттын калыптана электиги менен түшүндүрөт:

- Бизде партияга мүчө болууда анын идеологиясы эмес, жеке адамдык көз караш, мамилелер мааниге ээ. Самаковдун партиядан чыгышын ушул нерсе менен түшүндүрсөк болот. Мындан соң Карганбек Самаковдун партиядан чыгып кетүүгө укугу бар. Өз алдынча партия түзүшүн демократиялык көрүнүш катары эсептөө керек. Ошол эле учурда партиялардын ичиндеги мындай ажырымдар өлкөдө партия түзүүдө идеологиялык баалуулуктар анча калыптана электигинен кабар берет.

Ошол эле учурда айрым эксперттер депутаттардын бул кадамын келээрки жылы болчу парламенттик шайлоого даярдык деп баалашууда. Анткени 2015-жылы күзүндө болчу шайлоодо учурда парламентте отурган партиялардын кайрадан шайланаарына кепилдик жок. Ошондуктан, күчтүрөөк партияга кошулуу менен депутаттык мандатка ээ болууга аракет күч алганы мыйзам ченемдүү көрүнүш дешет серепчилер.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG