Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:33

Жар салынган жашыруун келишимдердин тагдыры


Кыргыз-өзбек чек арасы
Кыргыз-өзбек чек арасы

Президент Алмазбек Атамбаев Өзбекстан менен 2001-жана 2008-жылдары түзүлгөн жашыруун келишимдер болгонун билдирди.

27-декабрда жылдын соңунда өткөргөн маалымат жыйынында президент Алмазбек Атамбаев Өзбекстан менен түзүлгөн жашыруун келишимдер тууралуу буларды айткан эле:

- Мен башын кашыкка тосуп берген Акаев эмесмин. Өзбекстан менен жашыруун келишимдерди түзүүгө тапшырма берген Бакиев да эмесмин. Бизде 2001-жана 2008-жылкы андай эки жашыруун келишим бар. Булар убагы келгенде дагы чыгат. Мага мамлекеттин кызыкчылыгы маанилүү. Мени канча жамандасаңар жамандай бергиле.

Президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары, тышкы саясат боюнча бөлүмдүн башчысы Сапар Исаков мамлекеттик сырга байланыштуу ал келишимдерди атоодон баш тартты:

- Келишимдер бар. Бирок мен аларды айта албайм. Андай мамлекеттик сырларды айтканга укугум жок.

Сапар Исаков
Сапар Исаков

Ошол эле учурда Сапар Исаков 2001-жылкы келишим Сох боюнча меморандум экенин кыйыр түрдө тастыктады.

Президент Алмазбек Атамбаев айткан жылдары Өзбекстан менен чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн кыргыз өкмөттүк комиссиясынын башчысы Саламат Аламанов эч кандай жашыруун келишимдер жөнүндө кабары жоктугун билдирди:

- Мен да угуп таң калдым. Ал эмне деген жашыруун келишимдер? Эмнеге байланыштуу? Ошондуктан ал жөнүндө эч кандай маалыматым жок. Эми ким билет... Биз сүйлөшүү жургүзүп атканда ошондой келишимдер болсо бизге айтылат эле деп ойлойм, мындай келиштик, ушул нукта иштешиңер керек деп. Андай тапшырма бизге эч кимден берилген эмес. Ошондуктан өздөрүнчө сүйлөшкөн нерселер бардыр. Аны билбейм. Ага жооп бере албайм.

2001-жылы февраль айында адегенде кыргыз коомчулугунан жашырылып, бирок ачыкка чыгып кеткен кыргыз-өзбек меморандумуна кол коюлган. Ага ылайык, Кыргызстан Сох анклавын Өзбекстандын чоң территориясы менен туташтырууга коридор ачып берүүгө макул болсо, өзбек тарап өзүнүн жеринен ага жараша жер бөлүүгө макул болгон. Саламат Аламанов бул меморандумда жашыруун статусу болгон эмес дейт.

2001-жылкы меморандум түзүлгөндө Аскар Акаев президент, ал эми Курманбек Бакиев өкмөт башчы болгон.

Ал боюнча сүйлөшүүлөргө катышкан мурунку вице-премьер-министр, коомдук ишмер Базарбай Мамбетов меморандумга кол коюу таржымалына токтолуп, 2001-жылы 19-февралда таң эрте Өзбекстандын ал кездеги өкмөт башчысы Уткир Султанов Бишкекке күтүүсүз сапар менен келип, Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында сүйлөшүүдө меморандумга кол коюуну Курманбек Бакиевден талап кылганын эскерет:

- Ошол сүйлөшүүлөрдө мен отургам. Ошондо Өзбекстандын премьер-министри “кечээ күнү Каримов Акаев менен сүйлөшүп, Сохту Риштан району менен туташтыра турган коридор берүүгө Акаевди макулдатты, ошол үчүн мен учуп келдим. Экөөбүз протоколго кол коюшубуз керек” деди. Бакиев кол койо албайм дегенде, “анда мен Акаевге барам” деди. Акаев болсо ошол резиденцияда күтүп отурган.

Өзбекстандын Сох анлавы менен Кыргызстандын Чарбак айылынын чеги
Өзбекстандын Сох анлавы менен Кыргызстандын Чарбак айылынын чеги

​Базарбай Мамбетовдун айтымында, меморандумга Бакиев кол койбой койгондон кийин Султанов Аскар Акаевдин алдына кирген. Ал жерде Акаев Бакиевди меморандумга кол коюуга мажбур кылган. Бирок меморандумдун Кыргызстанга зыяндуулугуна байланыштуу эртеси күнү эле Тышкы иштер министрлиги аркылуу аны Бакиев чакыртып алган.

Базарбай Мамбетов "2008-жылы жашыруун келишим түзүлгөн эмес, өзбек бийлигинин алдында да эч ким чөгөлөгөн эмес" дейт:

- Кыргызстандын расмий бийлиги Өзбекстандын президентинин алдында эч качан тизелеп турган эмес. Аны биздин президент өзү импровизация кылып эле кошуп атат.

Ошол эле учурда Базарбай Мамбетов Бакиевдин учурунда Өзбекстан менен суу-энергетика, газ боюнча сүйлөшүүлөрдө катачылыктарга жол берилгенин, андай катачылыктар азыркы бийлик учурунда да кайталанганын кошумчалады.

Президент Алмазбек Атамбаев айтып кеткен 2008-жылкы жашыруун келишим жөнүндө эч кандай кабары жоктугун чек араларды делимитациялоо боюнча өкмөттүн өкүлү Курбанбай Искандаров “Азаттыкка” билдирип, ошол эле учурда "мүмкүн чек ара эмес, башка маселелер боюнча келишим жөнүндө сөз болуп жаткандыр, алардан кабарым жок" деди.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG