Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:58

“Кыргыз Петролеумга” ыргытылган чалма


“Кыргызнефтигаздын” алдындагы “Кыргыз петролеум” компаниясына 2009-жылдан 2012-жылга чейин мамлекетке акциз жана мүлк салыгын төлөгөн эмес деген доомат койду.
“Кыргызнефтигаздын” алдындагы “Кыргыз петролеум” компаниясына 2009-жылдан 2012-жылга чейин мамлекетке акциз жана мүлк салыгын төлөгөн эмес деген доомат койду.

Мамлекеттик салык кызматы “Кыргызнефтигаз” ишканасынын “Кыргыз петролеум” компаниясына 123 миллион сом салык төлөө дооматын койду.

Мамлекеттин колуна өткөн бул компаниянын өкүлдөрү муну мыйзамдын алкагына сыйбаган салык салуу аркылуу муунтуп, “Кыргыз петролеум” ишканасын банкротко учуратуу аракети катары баалашууда. Эске сала кетүүчү жагдай, бул компаниянын жүз пайыз үлүшүн “Кыргызнефтегаз” мамлекеттик ишканасы 2012-жылы сатып алган болчу. Бирок андан кийин дагы аны бөлүп-жаруу жана башка бир үчүнчү бир тарапка сатуу аракеттери болгон.

Эске түшкөн эски салык

Мамлекеттик салык кызматы “Кыргызнефтегаздын” алдындагы “Кыргыз петролеум” компаниясына 2009-жылдан 2012-жылга чейин мамлекетке акциз жана мүлк салыгын төлөгөн эмес деген доомат койду. Мамлекеттик салык кызматы бул үч жылдагы салыктын өлчөмүн 123 миллион сом деп таап, аны тез арада төлөөнү талап кылууда. “Кыргыз петролеум” компаниясы 1995-жылдагы инвестициялык макулдашуу боюнча бардык салыктардан бошотулган болчу. Бирок 2012-жылы компаниянын элүү пайыз үлүшү канадалык тараптан толук сатылып алынган соң, ал макулдашууга өзгөртүү киргизилген. Ага ылайык, компания буга чейинки милдеттемелерден бошотулуп, салыктын бардык түрүн төлөй баштаган. Бирок жакындан бери мамлекеттик салык кызматы буга байланыштуу өкмөттүн токтому чыкканына карабастан, салыкты өндүрүүнү талап кылууда. “Кыргыз петролеум” компаниясынын расмий өкүлү Элмира Ажибаева бул тууралуу мындай деди:

- Инвестициялык макулдашууга өзгөртүү киргизилип жатканда өкмөттүн токтому менен ага чейинки салык төлөнбөй турганы бекитилген. Анан эле эми салык кызматы кайрадан мына ошол 2009-жылдан 2012-жылга чейинки салыкты төлөөнү кайра талап кыла баштады. Негизи өкмөт менен келишимге келгенде компания андай милдеттенмеден бошосо, бирок аны салык кызматы аткарбай жатса, бул эмне дегендик? Бул эми өтө чоң сумма. Аны биздин компания төлөп бере турган болсо, анда анын келечеги талкаланды дегенди түшүндүрөт. Анткени эми гана бутуна туруп келаткан компанияны тизеге чаба турган болуп жатышат.

“Салык кодекси өкмөт токтомунан жогору”

2009-жылдан баштап Кыргызстанда жаңы салык кодекси ишке киришкен. Мына ошондон тарта өлкөдөгү бардык салык жеңилдиктери жоюлган болчу. Бирок 2012-жылы өкмөт инвестициялык макулдашууга өзгөртүү киргизүүдө “Кыргыз петролеум” компаниясын аталган салыкты төлөө милдетинен бошоткон токтом чыгарган. Мамлекеттик салык кызматы өкмөттүн мына ошол токтому салык кодексинин алдында юридикалык күчү алсыз экенин жүйө кармоодо. Жалал-Абад шаардык мамлекеттик салык инспекциясынын башчысы Касымжан Дыйканбаев мында салык органдары 2009-жылы кабыл алынган Салык кодексин жетекчиликке алып жатканын айтты:

- Канадалык өнөктөштөр кетип, инвестициялык келишим кайра каралгандан кийин жаңы Салык кодексине ылайык, ага эч кандай жеңилдик каралган эмес. Биздин жетекчилик мына ошол жагдайды белгилеп, Салык кодексинин талабын жетекчиликке алууда. Мында ошол салык чегерүүнү токтоткон токтомдун юридикалык күчү тууралуу маселе бар. Бул боюнча мына ошол компания сотко кайрылууга акысы бар. Бирок алар ага барбай жатат.

Ошол эле учурда өкмөттүн токтому эмнеге негизделгени жана анын юридикалык күчү тууралуу суроого мамлекеттик салык кызматынын жетекчилиги комментарий берүүдөн баш тартты. Ошол эле кезде “Кыргыз петролеум” компаниясынын эмгек жамаатынын атынан билдирүү жасаган Муктар Артыкбаев мында атайылап ишкананы кудуретсиз абалга кептеп, тымызын бир колго тартып алуу аракети көрүлүп жатат деп шектенет:

- 2012-жылдан кийин Ашот Саркасян деген мурдагы өнөктөштөрдүн бири компанияны сатып алууга абдан кызыгып, биздин айрым өкмөт мүчөлөрүн ортого салды. Анда болбодук. Анан ошол эле өкмөттөгү айрым министрлер бул компанияны “Кыргызнефтегаздан бөлүп алып, өзүнчө ишкана кыла коебуз” деген кытмыр демилгени көтөрүшкөн. Азыр эми мыйзамга сыйбаган салыкты төлөгүлө деп таңуулап жатат. Мунун башкы максаты - ишкананын банкрот абалына алып келип, анан бизден аны тартып алып башка бирөөгө сатуу кызыкчылыгы турат. Себеби, буга чейин дагы буга окшогон бир катар аракеттер болгон. Бул бизге тааныш. Анан эми ушундай жол менен муунтуп көрөлүк деген күчтөр иштеп жатат.

Буга чейин дагы өкмөттө “Кыргыз петролеум” компаниясын “Кыргызнефтегаздан” бөлүү аракеттери болуп, эмгек жамаатынын катуу каршылыгынан кийин токтоп калган болчу. Аталган компания жергиликтүү мунайды кайра иштетүүдөн башка сырттан ташылган нефтини да иштеп чыгарат. Бул ишканада чыгарылган күйүүчү майдын токсон пайызга чукулу чет өлкөгө экспорттолот.

XS
SM
MD
LG