Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:55

"Ата Мекендин" айласын кетирген өрт


6-октябрь, 2010-жыл
6-октябрь, 2010-жыл

Чүй облустук сотунда өрт чыгып, Апрель окуяларындагы талап-тоноочулук боюнча жазык иш жоголду деген маалымат чыкты.

Бул окуядан улам мурдагы ички иштер министри жана Жаза аткаруу кызматынын экс-төрагасы Зарылбек Рысалиев менен “Ата Мекен” партиясынын кайым айтышы кайра жанданды.

Сот, прокуратура тармагын жакшы билгендер кылмыш иштер өрттөнүп, уурдалып кеткен күндө деле кайра калыбына келтирcе болорун айтышат.

Жогорку Соттон маалымдашкандай, Чүй облустук сотундагы судьялардын биринин иш бөлмөсүндө 30-июлда таңга маал өрт чыккан. Бөлмөдө Апрель окуяларындагы талап-тоноочулук боюнча кылмыш иш да болгон. Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева өрттүн чыккан себеби, анда канча материал жабыркаганы такталып жатканын айтты.

Зарылбек Рысалиев
Зарылбек Рысалиев

Мурунку ички иштер министри, Жаза аткаруу кызматынын мурдагы жетекчиси Зарылбек Рысалиев айрым маалымат каражаттарына парламенттик шайлоонун алдында чуулгандуу иштен арылуу максатында “Ата Мекен” партиясы өзү уюштурушу мүмкүн экенин билдирди. "Материалдардын арасында партия лидери Өмүрбек Текебаевдин көрсөтмөсү да болчу жана ал жалган болгон", - деп айтып чыкты.

Буга байланыштуу “Ата Мекен” партиясынын маалымат кызматы атайын билдирүү таратты. Анда бул иш морадерчулук боюнча 17 жылга кесилген Абдулла Юсуповду түрмөдөн бошотуп алууну каалаган күчтөрдүн колунан келиши мүмкүн экени жазылган. Рысалиев айткандай тыптыйпыл жоголуп кетиши мүмкүн эместигин, документтер шаардык милицияда да турганын, "атамекенчилерге" каршы колдонуу максатында президент Алмазбек Атамбаевдин көрсөтмөсү менен алты ай мурун бул иш кайра козголгону айтылат.

"Ата Мекен” ошол күндөрү өлкөдө тартип орнотуу менен алектенген, ал эми морадерлор, талап-тоногондор коомчулукка белгилүү, аларды башка жактан издегиле" деп жазылат билдирүүдө.

Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

“Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев талап-тоноочулук боюнча иштин азырынча тактала электигин белгилеп, комментарий кийин болорун айтты:

- Ушундай ушак чыгып кеткен экен. Ага биздин маалымат кызматы жооп берди. Ошол материалдар өрттөнүп кетти деген тастыкталган маалымат деле жок. Имиш-имиштерге комментарий берген болбой калат го. Журналисттер кайра-кайра сурагандыктан маалымат кызматы ошентип жооп берген экен. Азыр мен балким өрттөлбөгөн нерсени өрттөлдү деп койсом тастыктагандай болуп калам.

Мурунку башкы прокурор Байтемир Ибраев Кыргызстанда буга чейин деле кылмыш иштер өрттөлүп, уурдалып, белгисиз жагдайда жоголуп кеткен фактылар болгонуна токтолду. Аны калыбына келтирүү оор деле болбосун айтты:

- Кылмыш иштин ичинде сурак протоколдору, экспертизанын корутундулары жана башка материалдар болот. Алардын баарын кайра калыбына келтирүү оор деле эмес. Эгерде экономикалык кылмыштар болсо, анда бир аз оор болуп калмак. Анткени ал жерде бухгалтердик документтердин түп нускасы болот. Ал эми кылмыш иштерди калыбына келтирүүнүн эч кандай деле кыйынчылыгы жок. Ошондой болуп келген, азыр деле ошондой.

Жогорку Кеңештин депутаты Курманбек Осмонов талап-тоноочулук фактыларын иликтөө боюнча түзүлгөн депутаттык комиссияны жетектеген. Ал морадерчулук боюнча материалдар жетиштүү экенин айтууда:

- Морадерчулук боюнча иш негизи сотко өткөн эмес. Мунун баары тергөөдө. ИИМде материалдар толугу менен бар. Жогорку Кеңеште да материалдардын көчүрмөлөрү, түп нускалары бар. Эгер ал иштер сотко өтүп, өрттөнүп кеткен болсо, прокуратура органдарында көзөмөл өндүрүшү болот. Ошол тергөөгө көз салган прокурорлордо негизги материалдардын баары болот. Таптакыр эле жоголуп кетпейт.

Курманбек Осмоновдун пикиринде, талап-тоноочулук боюнча иштерге чекит коюла элек. Мындан улам кайра козголушу толук мүмкүн:

- Шайлоо алдында болобу, же шайлоодон кийин жаңы парламентте болобу, эртеби-кечпи бул морадерчулук боюнча ишке кайрылып келе турган жагдайлар бар. Коомдо элдин бүйүрүн кызыткан бир топ маселелер бар. Ал ишти унуткарып коюуга болбойт.

Апрель окуяларындагы талап-тоноочулук боюнча соттолгон Абдулла Юсупов 2012-жылы августта НТС телеканалына маек куруп, Өмүрбек Текебаев баштаган төрт “атамекенчи” депутатты морадерчулук боюнча айыптап чыккан.

Өмүрбек Бабанов
Өмүрбек Бабанов

Ошол кездеги премьер-министр Өмүрбек Бабанов бул факт боюнча мекемелер аралык комиссия түзгөн, ал кызматтан кеткенден кийин Юсуповдун көрсөтмөлөрүн депутаттык комиссия да иликтеген.

2013-жылы жазында талап-тоноочулук боюнча кылмыш иши кайра жанданган эле. Буга ошол кездеги Жаза аткаруу кызматынын башчысы Зарылбек Рысалиевдин президент Алмазбек Атамбаевге жазган маалымдамасы негиз болгон. Анда “атамекенчилердин” иши боюнча жаңы жагдайлар табылганы айтылган. Башкы прокуратура ишти кайра тергөөнү Рысалиевдин өзүнө тапшырган. Рысалиев менен Жогорку Кеңештеги “атамекенчилер” ачык кармашкан.

Апрель окуяларынан кийин мурунку президент Курманбек Бакиев жана анын жакындарына таандык мал-мүлк таланып-тонолгон болчу. Бирок азыркыга чейин мародерчулук кылгандар кимдер экени, эмне тонолгону так аныктала элек. Байкоочулардын баамында, бул фактыларды иликтөө өтө саясатташып кетти жана кайсы бир күчтөрдүн компроматтар согушуна айланды. Эми парламенттик шайлоону утурлай “Ата Мекен” партиясына каршы кайра көтөрүлүшү ыктымал.

XS
SM
MD
LG