Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:54

Молдалиев: орундарды бөлүп алуу туура эмес


Парламенттеги башкаруучу коалицияны түзүү милдетин алган КСДП фракциясы техникалык өкмөт түзүүгө ниеттенип жатканын билдирди.

Азыркыдай шартта техникалык өкмөт түзүү канчалык зарыл, анын милдеттери кандай? Бул багыттагы суроолорго саясат талдоочу Орозбек Молдалиев жооп берет.

“Азаттык”: 2010-жылы Убактылуу өкмөт кеткенден кийин парламент шайланып, өкмөттү бекиткенче да техникалык өкмөт иштеп турду эле, мындай өкмөттү түзүү азыр канчалык зарыл?

Орозбек Молдалиев: Эмнеге техникалык өкмөт түзөбүз деп жатат, ошонун аргументтерин билиш керек. Конституция боюнча, жаңы өкмөт түзүлгөнгө чейин отставкага кеткен өкмөт милдетин аткаруучу болуп турат. Кайсы бир себептерден улам министрлер кабинети милдетин аткара албай калса, техникалык өкмөт түзүүгө болот. Аны мыйзамдын негизинде түзүш керек. Мисалы, “камалып калса же башка себептер болсо” деген өзүнүн жолдору бар. Кырдаал мыйзамга туура келип жатса, болот.

Техникалык өкмөт түзүү аракетин негиздеп берсин деп жатканымдын себеби, аргументтеринен эле кандай өкмөттү шайлаганы жатканы көрүнүп калат. Премьер-министрдин милдетин аткаруучунун, башка убактылуу иштеген министрлердин деле бир катар рычагы бар. Эмне үчүн ошолорду алыш керек болуп жатканын негиздеп берсе, коомчулукка да кызык болуп турат.

“Азаттык”: Сиз техникалык өкмөт түзүү зарылдыгы эмнеден келип чыкты деп ойлойсуз?

Орозбек Молдалиев: Жогоруда айткан учурлардан улам келип чыгат. А эмне үчүн убактылуу өкмөт техникалык өкмөттү түздү? Өкмөттүн ишин алдыга жылдырыш үчүн революцияга катышкандардан башка ишбилги, профессионал адистердин тажрыйбасын колдонуш үчүн түздү. Муралиев башында турган ал топ милдетин аткарып, жаңы бийлик шайланганда ишинин отчетун тапшырып кеткен.

“Азаттык”: Негизи техникалык өкмөттүн милдети эмне?

Орозбек Молдалиев: Кийинки өкмөт шайланганга чейин ошолордун милдетин аткарган эле өкмөт. Премьер-министр башка болуп, курамына азыркы министрлер да кириши мүмкүн. Бирок эмнеге мындай кадамга барып жатышканын негиздеп бериш керек. Мисалы, Текебаев “Азыркы өкмөт башчысы качып кетет, аны камаш керек, палан-пастан” деп жатпайбы. Качканы жатабы, эмне кылайын деп жатат коомчулукка айтып берсин, анын жашыра турган эч нерсеси жок да.

“Азаттык”: Техникалык өкмөт түзөөрдө убактылуу өкмөт “максатыбыз саясатташуудан алыс туруу” деген, техникалык өкмөттүн ушул негизги шарты аткарылат деп ойлойсузбу?

Орозбек Молдалиев: Эми ага роботтор келбейт да. Билийк деген өзү саясат. Ал эми “министрлер кабинети саясатташып кетпесин” деп жатканы “саясатташып жатып алып өзүнүн ишин аткарбай койбосун” деген сөз. Мисалы, биздин бир министр чет өлкөгө барып алып, “силер менен биз визалык режимди жоюшубуз керек” дебедиби. Бул анын жумушу эмес, аны саясат чечет, мына ушуну саясатташып кетти десе болот.

“Азаттык”: Учурдагы саясий кырдаалдан чыгуу үчүн эмне кылыш керек?

Орозбек Молдалиев: Өкмөттүн партиялык квота менен түзүлгөнүн коом кабыл алган менен партиялар жөндөмдүү, ишти алып кете ала турган адамдарды сунуш кылбай жатпайбы. Министрлер кабинети профессионалдык жактан аксап жатат.
Бир тараптан иштей албагандарын Бабанов алып салса, партиялардын кишисин алып койгондугу үчүн нааразылык чыгып жатат. Экинчи тараптан, Бабанов деле өзүнө жаккандарын койуп, калгандардын сунушу менен эсептешпегендей таасир калтырды. Бул жерде "кемигинде да, керкисинде да бар" дегендей өкмөттөн да, парламенттен да кетип жатат.

Көпчүлүк учурда “ушул орун биздин энчибизге тийип калды эле эптеп бирөөнү коюп койолучу” деген принцип бар. Министрликтер кандай иштегенин көрүп жатабыз. Мисалы, социалдык тармактагы министрликтер. Алар азыр милдетин аткаруучу, кетип бараткан кишилерди көп сындабай эле койолук. Бирок жалпысынан алганда, социалдык тармактын, мисалы, билим берүү тармагынын иши начар. Коррупция ЖОЖдордо эмес, күчөп отуруп бала бакчага жетти. Билим берүү тармагында иштесе эле аны адискөй деп айта беребизби? Жогорку деңгээлдеги адистер дайындалышы керек. Анан “биздин партиянын кишиси эле, бул министрлик бизге бөлүнгөн” деген туура эмес тажрыйба.

Техникалык өкмөттү алып келүүдө бириничден, жалаң профессионалдарды алып келип иштетүү максаты бар болсо, ага кошулса болот, анда коом өзү эле колдоп берет. Экинчиден, саясаттан алыстатуу – алардын түшүнүгүндө, партиялардан дайындоо принцибин жокко чыгарып, адистерди койуу болсо анда колдош керек.
XS
SM
MD
LG