Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:43

"Күз күрөш" башталды


Жогорку Кеңеш ишин баштады
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:56 0:00

Жогорку Кеңеш ишин баштады

Жогорку Кеңеш жайкы тыныгуудан кийинки ишин баштап, өлкөдөгү жаңы саясий сезонду ачты.

Депутаттар биринчилерден болуп Кумтөр, 2014-жылдын бюджети сыяктуу олуттуу маселелерди карамакчы. Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев күзүндө өлкөнү солкулдатуу аракеттери болорун билдиргени бар. Кыязы, бул алдыдагы күзгү саясий сезондун курч мүнөзүнөн кабар берип жаткандай. Ушу тушта өлкөдө талылуу маселелер катары чек ара, улуттар аралык мамилелер айтылууда.

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн алтынчы сессияга чогулуп, ишин баштамакчы. Салт боюнча бул окуя жаңы саясий сезондун башаты катары айтылат.

Кандай олуттуу маселелер биринчилерден болуп караларын КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков айтып берди:

- Акыйкатчынын ордуна талапкерлерди тактоо, Акыйкатчы институтуна байланыштуу маселени биринчи карайбыз. Кийинки кезекте Кумтөр, 2014-жылдын бюджети боюнча маселелер турат. Андан сырткары мыйзам долбоорлорун кабыл алуу сыяктуу иштер бар. Ал эми өкмөттүн тагдыры тууралуу сөз кылууга азыр эрте.

Жаңы сезон президент Алмазбек Атамбаевдин “күздө өлкөнү олку-солку кылуу аракеттери болот” деген билдирүүсүнүн фонунда башталууда. “Азаттыкка” маегинде президент туруктуулукту бузууга ынтызар күчтөр бар экенин белгилеген эле:

- Алдын ала айтыш керек болуп турат. Аракеттер болот. Бирок мамлекетти солкулдата албайт. Мамлекет барган сайын күчтөнүп баратат. Провокациялар күздө да, жазда да болот. Бирок муну андай мезгил өтүп калганын билбегендер жасап жатат. Азыр бийликке келем дегендер шайлоого даярданышы керек.

Серепчилер өлкөдөгү саясий кырдаалга таасир бере турган талылуу маселелер катары чек ара, улуттар аралык мамиле, Кумтөр жагдайын бөлүп көрсөтүүдө. Бул жаатта бийлик алдын алуу чараларын көрүп жатканын билдирип келет.

Ош, 2011-жыл
Ош, 2011-жыл
"Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясынын Оштогу өкүлү Руслан Ташанов аймакта улут аралык мамилелер мурдагыдай курч турбаганы менен баары бир сактануу зарыл деген ойдо:

- Кооптондуруучу ачык саясий жагдайлар жок. Бирок улуттар аралык маселеге токтолчу болсок, бир топ өзөктүү маселелер бар. Алар дагы деле болсо чечилген жок. Биринчи кезекте, улуттук азчылыктардын мамлекеттик башкарууга катышуусу, экинчиден өзбек тилинин статусу, үчүнчү маселе – жаштардын мамилеси. Башкача айтканда, жаштардын башка улуттагыларга болгон ишенүүсү, толеранттуу мамиле кылуусу көйгөй болуп турат.

Азыр айрыкча Тажикстан жана Өзбекстан менен чек арадагы абалды бир беткей деп айтууга болбойт. Өкмөттөгү күч түзүмдөрү боюнча вице-премьер-министр Токон Мамытов чиеленген жагдайлар көп экенин моюнга алып, бирок кыргыз тарап кандай шартка болбосун даяр экенин билдирди:

- Биздин чек ара аскерлеринин сырттан келчү күчтөргө даярдыгы бар. Өзүбүздүн айрым даярдыгыбыз, күчүбүз жетпесе, шериктеш мамлекеттер бар. Чек ара коопсуздугун чечүүдө кандай күчтүү өлкө болбосун жалгыз бир мамлекеттин колунан баары келе бербейт. Ошондуктан бул жерде биргелешип иштеш керек.

3-октябрь, 2012-жыл
3-октябрь, 2012-жыл
Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы жетекчилеринин бири Артур Медетбеков массалык маалымат каражаттарына жымжырттыктын артында татаалдашып бараткан саясий кырдаал турганын айтса, эл аралык маселелер боюнча талдоочу Эмил Жураев кадыресе боло жүргөн саясий окуялар орун аларын билдирген. Ал эми политология илимдеринин доктору Аалыбек Акунов кырдаал мамлекеттик ири маселелердин чечилишине жараша болот деп эсептейт:

- Бир топ саясий маселелерди чечүү күзгө калтырылган. Саясий кырдаал ошол көп маселеге көз каранды. Кумтөр тууралуу өкмөт кандай отчет берет, Батукаевдин түрмөдөн эрте чыгарылуусу боюнча комиссиянын иши жана башкалар... Ошолор адилеттүү чечилсе, анда кырдаал тынч эле болот го. Эгер дагы жаап-жашырылып, бурмаланса абал өзгөрүшү мүмкүн.

Аалыбек Акунов Кыргызстандын аймактарындагы абал да борбордогу чечимдерге жараша экенин кошумчалады. Кыскасы, жайкы жай турмуштан кийин Кыргызстан күрдөөлдүү күзгө кадам таштады. Анын саясий жолу кайсы багытта кетээри парламенттин алгачкы жыйындарынан эле билинет деп жатышат.

XS
SM
MD
LG