Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:16

Диний билим берүү мыйзамы парламентте


Кыргызстанда алгачкы жолу “Диний билим берүү жөнүндөгү” мыйзам кабыл алынышы мүмкүн. Аталган мыйзам долбоору 19-сентябрда биринчи окууда Жогорку Кеңеште талкууланды.

Бир кыйла кечигип сунушталып жаткан долбоорду оң баалагандар арбын. Бирок анын иш жүзүндө аткарылышы боюнча талаштар жок эмес.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири - Жогорку Кеңештеги билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев. Ал мыйзам долбоору кабыл алынып калса, диний билим берүүдөгү чар жайыттуулук жөнгө салынат эле деген ишенимде.

- Кээ бир медреселердин топтому Пакистан мамлекетинин диний мектептеринин багыты менен кетип жатат. Ал эми айрымдары Сауд Арабиянын, Кувейттин, Иорданиянын багыты менен, дагы башкалары Египеттин үлгүсү менен иштеп жатат. Ошондой эле Түркиянын багыты менен иштеген медреселер да бар. Натыйжада медреселердин окуу пландары, программалары, китептери жана усулдары бири-бирине шайкеш келбейт.

Депутаттын маалыматы боюнча, Кыргызстанда 91 диний билим берүүчү мекеме бар. Бул Борбор Азия мамлекеттериндеги башка төрт өлкөнү бириктиргенде да алардагы диний окуу жайлардын саны Кыргызстанга жетпейт дегенди түшүндүрөт. Окуу жайлардын 75и ислам, 16сы христиан конфессияларына таандык. Бирок аларда канча бала билим алары белгисиз.

Аталган окуу жайлардын арасынан христандык 3 диний мектеп гана Билим берүү министрлигинен уруксат алып, окуу программалары мамлекеттик стандартка ылайыкташкан. Калганы Юстиция министрлигинен коомдук уюм катары катталып, өз конфессияларынан алынган уруксат менен иш жүргүзөт. Жогорку Кеңештеги талкууда белгилүү болгондой, депутаттарды мусулман медреселериндеги кырдаал көбүрөөк ойлондуруп жаткандай.

Эгер мыйзам кабыл алынып калса, диний билим берүүчү окуу жайларга бирдиктүү стандарт киргизилип, алар милдеттүү түрдө билим берүү министрлигинен лицензия алуулары керек болот. Бул балдарды кабыл алардан мурда алардын техникалык-материалдык шарты, кесипкөй, билимдүү мугалимдери болушу керек дегенди билдирет.

Депутат Каныбек Осмоналиев жаңы мыйзам боюнча, медресени бүтүргөн бала башка мектептерди бүтүргөн окуучулар сыяктуу эле жалпы билим берүү боюнча аттестатка ээ болуп, гуманитардык жана так илимдерди да үйрөнүп чыгат деп ишендирүүдө.

- Биринчи мыйзамды жазалы. Андан кийин биздин 65 медресе билим берүүнүн стандартына ылайыктап, өздөрүнүн лицензиясын алып баштайт. Стандартка туура келгендери иштейт, келбегендери ишин токтотот. Ошондуктан, бирдиктүү стандарттан корккон кээ бир күчтөр азыр ушул мыйзамга каршы иштерди уюштуруп жатат. Кыргызстанда сонун медреселер бар, медреселердин баарын эле жаман деп айтпайм. Бирок ошол эле кезде эч нерсеге жарабаган медреселер да бар.

Ал эми диний билим берүүчү жогорку окуу жайды бүткөндөр болсо, мамлекет тааныган дипломго ээ болуп, алган кесибине ылайык, бардык тармакта, анын ичинде мамлекеттик да кызматта иштегенге мүмкүнчүлүк алмакчы.

Мыйзам долбоорундагы талаштуу жагдайлардын дагы бири - диний окуу жайларды каржылоо булагы болууда. Долбоордо диний окуу жайларды жеке адамдар, чет элдик демөөрчүлөр, ошондой эле мамлекет да каржыласа болот деп жазылган.

Айрымдар мамлекеттин диний мекемени каржылоо мүмкүндүгү анын динге карата бейтараптуулук принцибине каршы келбейби десе, ошол эле кезде кээ бир эл өкүлдөрү чет элдиктердин демөөрчүлүгүнө уруксат берген беренеден чочулашууда. Социал-демократтар фракциясынын депутаты Исмаил Исаков:

- Диний окуу жайлардын башка мамлекеттердин каржылашына этияттык менен карашыбыз керек. Ооба, бир жагынан ал дагы керек. Бирок ар кандай уюмдар өз кызыкчылыгын көздөшөт. Акчаларды берип коюп, булар келечекте бизге керек болот деп, балдарды ошого даярдашат.

Мыйзам долбоору боюнча диний окуу жайларга 9-классты бүткөн гана адамдар окуй алат. Ошондой эле диний мектептерге өзүнчө жана жогорку диний окуу жайларга өзүнчө стандарт киргизилмекчи.

Аталган мыйзам кабыл алынып калса, ал чет жерге диний билим алууга кеткендерди да көзөмөлдөөгө мыйзамдык шарт түзүлмөк. Мыйзам парламентке биринчи окууга гана киргизилди. Андыктан, ал толугу менен кабыл алынганча бир катар өзгөрүүлөр киргизилиши мүмкүн. Бирок эң башкы маселе аталган мыйзамдын шарттарын аткарып иштөөгө Кыргызстандагы диний окуу жайлар даярбы деген суроодо болууда.
XS
SM
MD
LG