Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:25

Аттестацияга кирбеген диниятчылар арбын


Имамдар, Бишкек
Имамдар, Бишкек

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия ислам багытындагы диний окуу жайлардын мүдүрлөрүнүн 90дон ашык пайызы аттестацияга кирбей калганын билдирди.

Аттестациялоо 24-февралдан тарта башталат жана Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жаңы уставы боюнча диний жогорку окуу жайлардын жетекчилеринин, мугалимдеринин сөзсүз светтик жогорку билими болушу керек. Буга чейин жер-жерлердеги имамдар экзамен менен иргелген эле.

Чүйдүн Кара-Балта шаарындагы ислам институтунда жүзгө жакын бала билим алат жана он мугалим иштейт. Окуу жайдын ректору Садыбакас Доолов диний жогорку билимди чет өлкөдөн алган экен, эми кыргыз тили боюнча экинчи дипломун алганы турат:

- Шарият билимин 1986-1991-жылга чейин Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында алгам. Ал учурда жеке медреселер бар эле. Окуп келгенден кийин ошол эле багыт менен иштеп жүрөм. Ош мамлекеттик университетине тапшырып, мына быйыл диплом алам. Өзүм араб тили жана грамматикасы боюнча сабак берем. Ошого кыргыз тили боюнча кошумча билим алып, окуумду бүтүп жатам.

Негизи медресе мүдүрлөрү, мугалимдери арасында светтик жогорку билими барлар аз.
Бакыт Түнгатаров

Жалал-Абад облусунда алты медресе, бир ислам институту бар. Бакыт Түнгатаров Облустук казыяттын диний окуу жайларды көзөмөлдөй турган өкүлү. Ал ошондой эле Сузак районундагы кыз-келиндер медресесин убактылуу жетектеп жатат:

- Аттестацияда бериле турган суроолорду алганбыз, ошого даярданып жатабыз. Негизи медресе мүдүрлөрү, мугалимдери арасында светтик жогорку билими барлар аз. Мен өзүм Эл аралык университеттин бул жактагы филиалында 3-курста окуп жатам. Диний жогорку билимди Сауд Арабиядан алгам. Ал жакта 2002-2008-жылдары окуп келгем.

Кыргызстанда жалпысынан 10 жогорку диний билим берүүчү жай жана 92 медресе каттоодон өткөн. Дин иштери боюнча комиссиянын төрага орун басары Бактыбек Осмоновдун билдиришинче, диний окуу жайлардын башчыларынын дээрлик баары аттестацияга кабыл алынбай калды:

- Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жаңы уставынын негизинде диний окуу жайлардын мүдүрлөрү жогорку диний жана жогорку светтик билими болушу керек. Көбүнчөсүнүн светтик жогорку билими жок болгондуктан документ тапшыргандардын 92 пайызы аттестацияга кабыл алынган жок. Андан сырткары 483 мугалим документтерин тапшырган, ошолордун 42 пайызы да аттестацияга кирбей калды.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын аттестациялык комиссиясынын төрагасы Абдулла Асыранкулов аттестациядан кабыл алынбай жана экзамен учурунда кулап калгандардын ордуна башкалар алынарын айтты:

- Биринчи билетте жазылган суроолорго жооп беришет. Анан ар бир мугалимдин өзүнүн окуткан сабагы боюнча тереңдетилген суроолор берилет. Мисалы, Курандан сабак берсе Курандан, хадистен сабак берсе хадистен суроолор берилет. Ошондой эле Коргоо кеңешинин муфтиятка байланыштуу чечимдери, дин тутуу эркиндиги, диний уюмдар тууралуу мыйзамдар боюнча сурайбыз. Комиссиянын курамында муфтияттан сырткары Дин комиссиясы жана жарандык коомдун өкүлдөрү бар. Быйылкы аттестациянын өзгөчөлүгү – светтик мүнөздөгү суроолор көп берилет.

Көбүнчөсүнүн светтик жогорку билими жок болгондуктан документ тапшыргандардын 92 пайызы аттестацияга кабыл алынган жок.
Бакытбек Осмонов

Кыргызстан мусулмандар башкармалыгынын жетекчи орун басары Замир ажы Ракиев аттестациянын максат-мааниси тууралуу кеп салды:

- Адамдардын диний билим деңгээли жогоруласын, динибизге кызмат болсун, медреселерибиздин кадыр-баркы көтөрүлсүн, ошол окуу жайларды бүткөн балдар кийин талаалап калбасын, алган дипломдору дагы бир жерге иштеп, кызмат кылганга жарасын деген максатта өткөрүп жатабыз. Экинчи жактан азыр баарыңар билгендей радикализм-экстремизм коомубузду аралап кетти. Ошолордун алдын алуу максаты да болуп жатат. Сирияга бир топ жараныбыз кетип калды. Бул негизинен диний билимсиздиктен, өзүбүздү өзүбүз көзөмөлдөй албай калгандан болуп жатат.

Буга чейин Коргоо кеңеши өлкөдөгү диний кырдаал боюнча бир канча жолу жыйынга чогулган эле. Анда дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясы кабыл алынган. Президент Алмазбек Атамбаев ашкере исламдашуунун, диний фанатизмдин кесепеттерин эскерткен. Коргоо кеңеште айтылган жагдайлардан улам өткөн жылы имамдар аттестациядан өткөн. Сынак тапшырган 1,3 миңдей имамдын 800нүн илим-билими жетиштүү деп табылган.

XS
SM
MD
LG