Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:06

Оор жумуш баскан балалык


"Дордой" базарында коробка жыйнап иштеген 13 жаштагы Билал, 13-июнь.
"Дордой" базарында коробка жыйнап иштеген 13 жаштагы Билал, 13-июнь.

Жайкы эс алуу маалына карабай бир топ өспүрүмдөр бул күндөрүн базар менен талааларда өткөрүүгө мажбур.

13 жаштагы Билал өзүнөн бир жаш кичүү карындашы менен “Дордой” базарында коробка терип иштейт. Үй-бүлөнү каржылаган атасынын көзү өткөнүнө төрт айдай болуп, иши ого бетер көбөйүптүр.

Биз Билал менен өзү жашаган Келечек жаңы конушунан жолуктук. Экөөбүз “Дордойго” бирге бет алып, жолду кыскартып сүйлөшүп бараттык. Билалдын ой келди эмес, орду менен жана олуттуу сүйлөшү мени кубандырды. Өзү да элпек көрүнөт.

- Коробка жыйнап иштеген кыйынбы?

- Ооба, кээде коробкалар оор болуп калат. Карындашым да жыйнайт. Мага негизи окуган жагат. Бирок үй-бүлөгө тамак-аш алыш үчүн акча табыш керек, башка үйдө иштей турган эч ким жок. Ошон үчүн иштейбиз.

- Кайсы сабакты жакшы көрөсүң?

- Азыр адабият сабагын жакшы көрөм. Бирок котормочу болгум келет.

- Кайсы өлкөгө баргың келет?

- Мен Аравияга баргым келет. Бул өлкө мага кичинекей кезимен бери эле жагат. Төрт жашыман бери ушул өлкөгө баргым келет. Ал жакта ичимдик, аракты издеп жүрүп таппайсың да. Тамекини деле. Ошон үчүн ушул өлкө жагат.

Билал бала болгонуна карабай достору жолуккан учурда оюн жөнүндө эмес, жумуш тууралуу көбүрөөк сүйлөшөт экен.

- Досторум менен жолукпайм деле. Кээде жолугуп калганда кандай жумуш таптың деп, эгер тапса мен дагы ошол иште иштесем болобу деп сүйлөшөбүз.





Ал эми 10-классты бүткөн Нуркыз оор жумушка бешинчи классында эле аралышыптыр. Дем алыш күндөрү же каникулдарда ата-энесине жардам болсун деп кол кабыш кылат.

- Мен дагы базарда коробка чогултуп иштеп калдым. Анан окуу башталып калды. Базарда кошуналар, классташтарым көрөт, кемсинтип дегендей. Коробка өзү да чоң болот. Ары-бери өтүп атканда бирөөлөргө тийип кетсе “алчы ары, таштандыңды” деп, кээде чалып, коробкаларыбызды тээп кеткен учурлары да болду.

Бир топ кыйын учурларды көрүп, бирөөдөн жакшы сөз, экинчисинен кагуу жеген Нуркыз турмушка бышып бүткөндөй. Учурда ал талаада иштейт экен.

- Талаада иштеген абдан кыйын. Эртеден кечке иштеп 300-350 сом аласың. Оор болсо да акча керек болгондон кийин айла жок иштейсиң. Иш бергендер эмне айтса ошону жасайсың. Кээде пияз тигебиз, сабиз отойбуз. Ысыкта чыдабай отуруп калсаң “сен иштегени келдиң беле, тур” дешет.





“Дордой” базарында иштегендердин бир тобу Келечек жаңы конушунда жайгашкан “Балдарды коргоо борборунан” түшкү ысык тамак жеп кетишет.

Мен ошол жерден жылдыздуу, назик Бегимай деген кыз менен тааныштым. Ал да таалада иштейт экен. Үй-бүлөнү каржылаган, таяныч болгон атасы жок, анын үстүнө апасы жол кырсыгынан бутун сындырып алгандыктан оор иштерди жасай албайт дейт. Ошондуктан акча табуу дээрлик Бегимайдын мойнунда. Ага өзүнөн бир жаш улуу эжеси жардамдашат.

Бегимай иштеген учурундагы кыйналган учурарын мындайча эскерди:

- Базарда иштегенде кээ бирөөлөр өлө басынтчу. "Коробка керекпи, эже" деп сурасам “ишиң эмне, керек да” деп кагып-силкип сүйлөчү. Унчукпай эле күлүп кете берчүмүн. Талаада да аябай ысыкта иштеп атканда ыйлагым келет. Ошондо “мен эмнеге башкалардын балдарындай болуп үйдүн эле жумушун кылып жүрбөйм” деп өзүмөн сурайм. Ошондо өзүмү кулдардай сезип ыйлагым келет. Бирок айла жок эртеси дагы башка жумуш издеп чыгам. Эң көп тапканым 200 сомдой табам. Эртең менен кетип аябай кыйналып кеч келем. Үйдө эч нерсе кылган адам жок болсо үйдө да жумуш жасайсың.

Чоңойгондо балдардын укугун коргогон укук коргоочу, юрист болууну самаган Бегимай өзүнүн балдарын оор иштерге жибербей, ошол эле убакта эрке талтаң да кылбайм дейт.

Таалай Жакыпов балдар менен баарлашууда.
“Балдардын укугун коргоо боборунун” социалдык кызматкери Таалай Жакыпов алардын негизги максаты балдарды мектепке кайтыруу экенин айтат.

- Кээде кечке иштеп акчасын толук алалбай калган учурлар да болот. Айрымдарын барып акчасын алып берген учурларыбыз болгон.

Бирок биздин негизги максатыбыз балдарды ишке тартуу эмес, тескерисинче алардын ишин азайтып, мектепке тартуу. Алар барып-барып жумушун ташташ керек. 12 жаштан 14 жашка чейинки балдарды тренерликке даярдайбыз. Андан өткөндөн кийин ал балдар өзү курдуу балдарга “Досторумдун кеңеши” деген программанын алкагында адамдарга кандай мамиле кылыш керек, өзүн кантип алып жүрөт, үй-бүлөдөгү мамиле боюнча тренинг өтүшөт. Андан соң “Лидерлик” курсун окуп, борборго социалдык кызматкер болуп алынат.


Ошентип айрым өспүрүмдөр эс алуунун даамын сезбей ал күндөрдү базарда, талаада өткөрүшүүдө.

12-июнь - Балдарды оор эмгегекке чегерүүгө каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө байланыштуу Кыргызстанда бир катар иш-чаралар өтүүдө. Бейөкмөт уюмдардын айтымында, Кыргызстанда бойго жете электе ишке тартылган балдардын саны 20 миңден ашат.

XS
SM
MD
LG