Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:54

Орусия кош жарандыкка кызыгып жатабы?


Кыргызстандын ички паспорту менен Орусия паспортун кармап турган жигит (Иллюстративдүү сүрөт).
Кыргызстандын ички паспорту менен Орусия паспортун кармап турган жигит (Иллюстративдүү сүрөт).

Бишкектеги орусиячыл бир коомдук уюм Орусия Кыргызстан менен кош жарандык жөнүндөгү макулдашууну ратификациялоого барууга кызыкдар экенин айтып чыкты.

Орус тилин коргогон жергиликтүү уюмдун мындай билдирүүсү көндүм популизм катары да, Орусиянын геосаясий кызыкчылыктагы долбоору катары да бааланууда.

Кош жарандыкка жамынган саясат жатабы?

“Айкөл Манас жана Сергий Радонежский атындагы укук коргоо борбору” деген ат менен белгилүү Бишкектеги коомдук уюмдун башчысы Игорь Трофимов өз маалыматын Орусия Мамдумасынын төрага орун басарларынын бири, ЛДПР фракциясынын башчысы Владимир Жириновскийге таянып таратты:

- Орус тилин расмийби, мамлекеттикпи, экинчи расмий же экинчи мамлекеттикпи, айтор кайсы формада болсо да пайдаланган, өз Конституциясына жазган өлкөлөрдүн жарандары Орусия жарандыгын жөнөкөйлөштүрүлгөн схемада ала алат. Бир шарты - жарандар орус тили боюнча сынактан өтүшү керек. Чынында Кыргызстан постосветтик өлкөлөрдөгү Орусияга жана орус маданиятына, орус тилине ак ниет мамиле жасаган Беларусия сыяктуу өзгөчө мамлекет. Владимир Жириновский эгер Кыргызстандын жетекчилиги ушундай сунуш менен кайрылса, ал ЛДПР фракциясынын башчысы катары колдой тургандыгын билдирди.

Кош жарандык – миңдеген жарандары Орусияда миграцияда жүргөн Кыргызстан көптөн бери көтөрүп келаткан маселелердин бири. 2007-жылы өзгөртүлгөн “Кыргызстандын жарандыгы жөнүндөгү” мыйзам бир учурда Орусиянын жана Кыргызстандын жарандыгын алып жүрүүгө уруксат берген. Бирок Мамлекеттик Дума кош жарандыкка байланыштуу кандайдыр бир макулдашууну ратификацияламак тургай, кызыгуусун да билдире элек. А түгүл айрым орусиялык саясатчылар муну ашыкча оптимизм катары баалаган учурлар болгон.

Анткен менен Жогорку Кеңештин депутаттары кыргызстандык мигранттардын Орусиядагы жагдайын жеңилдетүү максатын көздөп, кош жарандык маселесин маал-маалы менен ар кандай өңүттө көтөрүп келе жатышат.

2012-жылы Жогорку Кеңештин Дастан Бекешов баштаган элүү чакты депутаты Мамлекеттик Думага да кайрылышкан:

- Кош жарандык боюнча жок дегенде отуруп сүйлөшөлү, болобу-болбойбу деп бир топ депутаттар кол коюп, Думага жибергенбиз. Жооп бермек тургай, кайрылууну карашкан да жок.

Ушундан улам депутат Дастан Бекешов Орусия азыр Кыргызстан менен кош жарандык боюнча кандайдыр бир макулдашууга даяр эмес деп эсептеп, Трофимовдун айтканын кадырэсе эле популисттик билдирүү деп баалады.

Кооптонткон демилге

Трофимов болсо кош жарандык боюнча маселенин чечилиши эми кыргыз бийликтеринин кадамдарына жараша болорун эске салды. Анын ишениминде, өзү өзгөчө өлкө санап жаткан Кыргызстанда “Акыйкатчы жөнүндөгү”, “Жогорку Кеңеш регламенти жөнүндөгү”, “Нормативдик-укуктук актылар жөнүндөгү”, “Мамлекеттик тил жөнүндөгү”, “Өкмөт жөнүндөгү” беш мыйзам орус тилине шек келтирип жатат. Ушул мүнөздө анын мурдараак жолдогон арызын Кыргызстандын Конституциялык палатасы негизсиз деп эсептеген болчу.

Трофимов таянып жаткан мамдумадагы ЛДПР фракциясынын лидери Владимир Жириновский ар кандай күтүүсүз, чуулгандуу билдирүүлөрү менен таанымал. Ал былтыр Кыргызстан карыздарынын ордуна Ысык-Көлдү Орусияга бериши керек деп анын айынан Жогорку Кеңеш орусиялык саясатчынын Кыргызстанга кирүүсүнө тыюу салган. Быйыл болсо саясатчынын кезектеги билдирүүсү үчүн Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Тышкы иштер министрлигине нота жолдоп, эки өлкөнүн достук мамилелерине шек келип жатканын билдирген. Мындай нотага ЛДПР лидеринин Москвадагы митингде Борбор Азияны, анын ичинде Кыргызстанды Орусиянын округу кылуу керек деп айтканы себеп болгон.

Жергиликтүү коомдук-саясий чөйрөдө Владимир Жириновский Орусиянын мамлекеттик саясатын, ар кыл геосаясий кызыкчылыктарын таратуучу катары бааланып жүрөт. Ошондон улам эксперттер Крым маселесинен улам геосаясий кадамдарын Орусия өзгөртүп жатканда Трофимовдун билдирүүсүнө кайдыгер кароого болбойт дешет.

Саясий жана экономикалык талдоочу Азамат Акелеевдин оюнда, маселен кош жарандыкка байланышкан бул билдирүү Орусиянын Кыргызстанды жаңы саясатына тартуу максатын көздөгөн көптөгөн ыктымал долбоорлорунун бири:

- Азыр асманыбыз да, суубуз да, жерибиз да бир колго өткөн болуп турат. Бул долбоорлор экономикага гана тиешелүү болсо кооптонуу болмок эмес. Бирок бул жерде ачыктан-ачык геосаясий кызыкчылыктар жатат. Орус тилине каршы беш мыйзам бар деп да чыкпадыбы. Ушундан улам маалымат айдыңында бизге басым-кысымдар дагы күчөй баштайт десе болот.

Жергиликтүү бир катар талдоочулардын баамында, Орусиянын жаңы геосаясаты үчүн чек аралаш Казакстан - маанилүү фактор. Мындай жагдайда Кыргызстанды бооруна тартуу маанилүү болгондуктан, Орусия кош жарандык боюнча макулдашууга келүү маселесин көтөрүшү толук ыктымал. Анткени бул ыкма Кыргызстандын ички саясатын колго алууга шарт түзөт.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG