Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:19

Орусияга акча табам деп кеткендердин көбү бул өлкөдө калып, ал жактын жарандыгын алууну туура көрүшүүдө. Эксперттер акыркы 20 жылга көз чаптырып, Кыргызстандан Орусияга калктын бештен бир бөлүгү кетип калганын тастыкташууда.

Соңку маалыматтар боюнча, орус жарандыгын алгандардын саны 400 миңге чукулдап барат. Кыргызстанда элдин кескин түрдө суюлушу өлкө эгемендигине коркунуч келтирчү көрүнүш катары бааланууда.

Москвада таш ыргытсаң кыргызга тийип калдыбы?


Москвада көптөн бери боло элек, же шаарга биринчи келген тааныштарым Орусиянын борбор калаасындагы кыргыздардын көптүгүн көрүп, бул көрүнүштү таң калуу менен кабыл алышат. Москвада көптөн бери жашагандар агым 2010-жылкы 7-апрель жана Ош окуяларынан кийин өтө күчөгөнүн айтат.

Москвадагы кыргыздар
Эртең менен жумушка баратып, биринчи көчө шыпырган кыргыздарды жолуктурасың, андан соң метродо телефон менен “акча жөнөттүм” дегендерге кезигесиң, түштөнүүгө кафеге барсаң, ал жактагы официанттар да Кыргызстандын Ноокатынан же Кара-Суусунан келген болот.

Кыскасы, Москвада “таш ыргытсаң кыргызга тийет”. Кээде “кыргыз тилин сагынсаңыз, Москванын борборундагы метро станцияларга барыңыз” деп тамашалап калабыз.


Сандардын чатагы


Орусияда канча кыргызстандык жүрөт? Бул суроо баарын кызыктырат. Бирок так жооп жок. Кызуу иш башталган учурларда - бул жаз, жай, эрте күз – Кыргызстандан Орусияга келген эмгек мигранттарынын саны миллион адамды түзүшү ыктымал.

Москвадагы кыргыздар.
Иш жок кездерде 500 миңге түшөт. Мигранттар Кыргызстан-Орусия каттамында жүрүшкөндүктөн, ким биротоло көчтү, ким утурумдук иштейт, бул суроолорго жооп бергидей так сандарды аныктоо кыйын.

Мисалы, Орусиянын Федералдык миграция кызматы берген маалымат боюнча, 2010-жылдын сентябрь айына карата расмий түрдө 340 миң кыргызстандык катталган. Бирок Орусияда мыйзамсыз жүргөндөр эселеп көп. Ошол эле орус тарап берген расмий маалымат боюнча, 2010-жылы Орусияга 552 миң кыргызстандык кирип, кайра 503 миң адам чыккан.

Кыргызстанда ким калат?


Орусиядагы кыргызстандыктар менен иштешекен “Кыргыз биримдиги” коомдук уюмунун төрагасы Абдыганы Шакиров өз эсептөөлөрүнө таянып, соңку маалыматтар боюнча 400 миң адам орус жарандыгын алганын айтат.

“Ала-Тоо” коомдук уюмунун жетекчиси Жамиля Бегиева берген сандар мындан алыс кетпейт. Ал да түрдүү иликтөөлөрдүн негизинде 340 миң деген санды айтууда.

Айжигит Буранов
Кыргызстандын Москвадагы консулу Айжигит Буранов да “Азаттыкка” курган маегинде кайрылгандардын көбү жарандыкты алмаштыруу боюнча келишээрин баса белгилеген.

- Мыйзам боюнча, жарандыкты алмаштырба деп биз эч кимди үгүттөй албайбыз , - деп үшкүрүнгөн Айжигит Буранов.

Орусияга келген эмгек мигранттарынын көбү Кыргызстандын түштүк облустарынан. Ал жактагы адистер да Орусияга кетип жаткан адамдар орус жарандыгына керек боло турган документтерди сөзсүз даярдай кетишет деп маалымат беришти.

Күнүгө ондогон адамдар жарандыгын алмаштырып жатканын көргөн эксперттер “Кыргызстанда ким калат?” деген кооптонууларын жашырышпайт.

Жамиля Бегиева
- Кыргызстанда демографиялык абал кандай болот? 340 миң адам Орусиянын жарандыгын алса, аны аялы менен баласын эске алып, үч эсеге көбөйтсөк, ошондо миллион кыргыз орус жарандыгын алып кетсе, анан 17-35 жаштагы кыздарыбыз төрөөгө шарты жок жүрүшсө бул жакта, Кыргызстанда ким калат? - дейт Жамиля Бегиева.

Соңку жалпы эл каттоонун жыйынтыгы боюнча (2009-жыл), Кыргызстандын элинин саны 5 миллион 300 миңден ашуун адам болгон. Бирок каттоо учурунда мигранттарды эч ким бөлүп көрсөткөн эмес. Алар Орусияда жүрсө деле, Кыргызстанда жашашат деген таризде катталышкан. Мындай тажрыйба шайлоолордун алдында бурмалоолорду жасоого чоң мүмкүнчүлүктөрдү аччу.

Бирок миграция боюнча талдоочу, Англиядагы “Экзетер” университетинин магистранты Асел Дөөлөткелдиева так статистиканы билбөө өлкөнүн экономикасына, жалпы келечегине терс таасир тийгизээрин айтат:

- Кеткен жаштардын көпчүлүгү расмий каттоосуз үй-бүлө курушат. Ошондуктан көп аялдар жана балдар барган жеринде укуксуз калышууда. Мамлекет да ушунун айынан башка өлкөлөрдө төрөлгөн балдардын так санын аныктай албай жатат, ошондуктан алардын көйгөйлөрүн чече албайт. Негизи мамлекеттин миграция боюнча саясаты жана так долбоору болушу керек. Мисалы, мекендештерибиз кайтып келишсе, алардын так санын эч ким билбейт. Мамлекет аларды канча турак-жай, жумуш орун, мектептер менен камсыз кылыш керек, такыр белгисиз.

Учурда Кыргызстандан кеткендердин көбү кыргыздар, андан соң өзбек улутундагылардан турат. Каттоонун жыйынтыгы боюнча, өлкөдөгү 10 адамдын ичинен 7 кыргыз, кийин өзбектер анан орус улутундагылар кетет.

Кыргызстандыктар Орусиянын жарандыгын жеңилдетилген жол менен ала алышат, буга эки тараптуу келишим негиз болууда. Орусиянын жарандыгын алгандардын укуктары көбүрөөк сакталат. Бирок биз сурамжылаган адистер кыргызстандыктар орус паспортторун майда-барат суроолордун чечилбегенине байланыштуу гана алып жатышат дешет. Мисалы, милиция токтотпосун деген ой менен алмаштыргандар көп. Орус жарандыгын алып алышып, бирок эч кандай жарандык укуктарын колдонбой жүргөндөр да толтура.

Адистер да, жарандыгын алмаштыргандар да, Кыргызстанга кайтып келишээрин ар дайым белгилешет.

Кош жарандуулук болбойт


Консулдуктун юристи Алмаз Абдисияев кош жарандуулук Орусияга ыңгайсыз болгондуктан, ал жоюлган деп маалымат берди. Бирок ошого карабастан, азыркы мигранттардын басымдуу бөлүгү мыйзамсыз түрдө эки өлкөнүн жараны. Алар орус паспортун алып жатканда, кыргыз паспортун да сактап калышууда.

Москвадагы кыргыз мигранттары.
Эгемендиктин 20 жылдыгы белгиленип жаткан учурда, калктын бештен бир бөлүгү Орусияда жүрсө, бул тенденция келечекте кыргыз элинин демографиялык, экономикалык абалына кандай таасир берет деген суроо туулбай койбойт.

Атап айтканда, чочулаткан маселелер - бул мыкты адистердин кетиши, эмгекке жарамдуу, балалуу боло турган курактагы адамдардын сыртта жүрүшү, көпчүлүк мигранттардын чет өлкөдө басмырланышы, алардын балдарынын билимсиз чоңоюп жатышы, кыз-келиндердин ден-соолугунун начарлашы, үй-бүлө институтунун урап баратышы, каада-салттардын, тилдин бара-бара унутулуп жатышы.

Орусиянын Красноярск шаарында туулуп, орус жараны болуп, Орусияда жүргөн мектеп окуучулары менен маектешип отурабыз. Алар Кыргызстанга качан кайтаарын так билишпейт... Балким кайтпай да калат...
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG