Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:36

Бишкек Москванын көңүлүн жайгарып жатабы?


Кыргызстан -- Орусия президенти Владимир Путиндин аты берилген чокуда сайылып турган Кыргызстан менен Орусиянын желектери. 17-сентябрь, 2012
Кыргызстан -- Орусия президенти Владимир Путиндин аты берилген чокуда сайылып турган Кыргызстан менен Орусиянын желектери. 17-сентябрь, 2012

Орусиянын Кыргызстанга болгон таасиринен улам кыргыз коомчулугунда бул өлкө Бишкектеги саясий жараяндарды өзү каалаган нукка буруу үчүн пайдаланат деген чочулоолор чыгууда.

2010-жылдагы апрель ыңкылабынан кийин Кыргызстан Орусияны стратегиялык өнөктөш деп ачык жарыялады. Ошол эле мезгилде улуттук кызыкчылыкка жараша тышкы жана ички саясат жүргүзүлөрү бардык деңгээлде айтылып келет. Бирок бийлик менен оппозициянын күрөшү учурунда улуттук кызыкчылык жеке саясий кызыкчылыктын курмандыгына айланбайбы деген суроо жаралууда.

Москвага кылчактаган саясат

Орусия Кыргызстандагы саясий кырдаалга өтө күчтүү таасири бар өлкө. Анын бир нече күчтүү рычагдары бар. Ал жүз миңдеген кыргыз мигранттары, күйүүчү майлар, Орусияга ык тарткан калктын көптүгү жана Орусиянын Кыргызстанга таасир эте турган өтө күчтүү маалымат каражаттары.

Орусиядан сырткары Европа жана АКШнын да Кыргызстанга таасири бар. Алар адам укуктары, демократиялык баалуулуктарга байланышкан өкмөттүк эмес уюмдар жана айрым саясатчылар. Бирок Батыштын таасири Орусиянын таасирине караандашы кыйын.

Мына ушул рычагдарын Орусия Кыргызстандагы саясий жараяндарды өзү каалаган нукка буруу үчүн пайдаланат деген чочулоо бар. Маселен, 2010-жылкы апрель ыңкылабынын алдында Москвага азыркы бийликтегилер байма-бай каттап, аны өз саясий максаттарына жетүүгө пайдаланса, эми азыркы оппозиция өкүлдөрү Кремлге кадамдай баштады.

Мындай шартта Кремль үчүн ыңгайлуу шарт түзүлөт. Ал кыргыз бийлигине карап, биздин ыкка көнбөсөң, оппозиция менен маселемди чечем деп опузалайт. Анын натыйжасында “Манас” аба майданы сыяктуу стратегиялык ишканаларды алууга оңой алууга жол ачат. Оппозицияга биздин колдоо менен бийликке жетесиң деп, аны да кол баласына айлантат. Натыйжада тар же жеке саясий кызыкчылык улуттук кызыкчылыктан өйдө болуп кетип жатпайбы деген суроо туулууда.

“Дин, укук жана саясат” талдоо борборунун башчысы Кадыр Маликов улуттук саясий элитанын бышып-жетиле электигине байланыштуу улуттук кызыкчылыктын жеке саясий кызыкчылыктын курмандыгына айлануу коркунучу реалдуу дейт:

- Биздеги саясий элита өзүнүн позициясын Кремлге же Вашингтонго карап түздөйт. Мындай шартта биздин улуттук кызыкчылык кайда калат деген суроо туулат. Мына ушундан абдан көп жооп берүүгө кыйын боло турган суроолор жаралат. Сырткы күчтөрдүн биздин ички саясатка кийлигишүүсү канчалык терең болот? Биздин саясий элита улуттук кызыкчылыкты жеке кызыкчылыгына курмандыкка чалып жибербейби деген маселе турат.

Кадыр Маликовдун пикиринде, азыркы кезде Кыргызстан эгемендүү ички жана тышкы саясатты жүргүзүүгө жөндөмсүз, символикалык герби, желеги бар өлкөгө айлануу коркунучунда турат.

Умсунган улуттук кызыкчылык

Москванын Кыргызстандагы бийлик менен оппозициянын карама-каршылыгын өзүнүн кызыкчылыгына пайдалануусу Украина кризисине байланыштуу окуяда көрүндү. Кыргызстан тышкы иштер министрлиги менен оппозициялык партиянын билдирүүсүнүн хронологиясы аны көрсөтүп турат. Маселен, Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги 11-мартта Украина боюнча Орусиянын саясатына туура келе бербеген билдирүү таратты. Андан кийин лидери Москвага барып келген “Ата-Журт” партиясы кыргыз бийлигинин мындай позициясын кескин сынга алган, Орусиянын Крым боюнча саясатын толук колдогон билдирүү менен чыкты.

“Ата-Журттун” билдирүүсүнөн кийин тышкы иштер министрлиги 20-мартта дагы бир билдирүү менен чыгып, анда Крымдагы референдумга көпчүлүк калк катышты жана ал реалдуулук деп атады. Муну менен Москванын көңүлүн жайгарууга кандайдыр бир ишаара жасалды.

Саясат таануучу Закир Чотаев Кыргызстан тышкы иштер министрлигинин билдирүүлөрү кылдат жасалды деп эсептейт. Ал эми Кремлдин Кыргызстандагы түрдүү саясий күчтөр менен мамиле түзүүсүндө этикалык маселе бар дейт:

- Саясий плюрализм деген түшүнүк бар. Албетте, Кремль менен ойноо этикалык жактан туура эмес. Бирок бул саясий тандоо. Сиз өзүңүздүн саясий программаңызда Орусия менен бир болобуз же көп вектордуу саясатты жактайбыз деп жаза аласыз. Азыркы кыргыз бийлиги Орусияга жакын. Бирок Кремлдин “Ата-Журттун” лидери менен жолугушуусу өзүнүн Бишкектеги өнөгүнө карата этикалык жактан туура келбеши мүмкүн. Ал эми өлкөдөгү саясий күчтөрдүн тышкы саясат боюнча өз көз караштарын жарыялашы нормалдуу көрүнүш.

Закир Чотаевдин пикиринде, Орусия өзүнүн кызыкчылыгы үчүн Кыргызстанда оппозицияны колдогон учур болгон. Бул 2010-жыл. Ал эми азыркы кезде Кремлдин мына ошол кездегидей кадам жасоосуна шарт жок.

Кадыр Маликовдун айтымында, региондо чоң өлкөлөрдүн саясий оюну улана берет. Аларга туруштук берип, улуттук кызыкчылыкты сактап калуу биздин ички саясий маданиятыбыздын деңгээлине жараша болот.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG