Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:02

Маңзат менен кармалган мигранттар көбөйдү


Эксперттер кыргыз жаштары жеңил акчага азгырылып, ушундай окуяларга туш болуп жатканын белгилейт.
Эксперттер кыргыз жаштары жеңил акчага азгырылып, ушундай окуяларга туш болуп жатканын белгилейт.

Ар кандай кылмыштар боюнча чет өлкөлөрдөгү түрмөлөрдө жаза өтөп жаткан кыргызстандык жарандардын басымдуу көпчүлүгү Орусияда.

Жаза чегерилип, эркинен ажыратылгандар тууралуу так маалымат бар, бирок иши тергөөдө каралып, айлап-жылдап сот чечимин күткөн мекендештердин саны белгисиз.

24 жаштагы Адилет Заирбеков "маңзат сатты деген айып тагылып, күнөөсүз 8 айдан бери камакта отурам" деп, Москванын четиндеги убактылуу кармоочу жайдан байланышка чыккан. Абакта жаткан жигит келинчеги менен жаңы төрөлгөн эки айлык кызы кандай күн көрүп жатканын ойлоп кабатыр.

- Метродон чыгып, эки жердеш кыргыз балага жолугуп калдым. Алар таксисттер болчу. Алар мени кээде метродон трамвайга чейин жеткирип коюшчу. Ошентип таанышып калгам. Анан биз унаага отуралы десек эле ызы-чуу болуп, бизди кармап калышты... Сегиз айдан бери отурам. Эч кандай сурак, беттештирүүлөр болгон жок. Күнөөмдү далилдеген эч нерсе жок болсо деле, мени камап отурушат. Тергөөчүлөр келип, коркутуп-үркүтүп, "мойнуңа ал, үч жылга соттолосуң" деп жатышат. Жанымдагы эки бала орусча окуганды, сүйлөгөндү билбейт. Бул жакта отургандардын 70% кыргыз, тажик, өзбектер. Менин чөнтөгүмөн маңзат чыккан жок, телефонумда мыйзамыз эч нерсе жок, тиги экөө менен тааныш болгон үчүн эле күнөөлөп жатышат.

Адилеттин адвокаты Вадим Захаряевдин айтканына караганда, Заирбековдун иши боюнча тергөөчүлөр улам алмашып, иштин илгерилишине жолтоо болууда.

- Мен жактоого алган кыргызстандык жаран Орусиянын Кылмыш кодексинин 228-беренеси боюнча айыпталууда. Аны камакка алганда да, азыр да күнөөсүн тастыктоочу эч кандай далил жок. Ага карабастан аны камоо мөөнөтүн улам-улам узартышууда. Эч кандай тергөө иштери жүргүзүлбөйт. Бир жолу беттештирүү болгон. Бирок прокуратура котормочу катышкан эмес деген себеп менен аны жараксыз деп тапкан. Ишти кайра иликтөөгө кайтарышкан. Ошентип чет элдик жаран күнөөсүн далилдеген эч кандай факты жок болсо да сотсуз камакта тогуз айдан бери отурат. Акыркы эки айдан бери тергөө иштери улантылууда. Негизи сотсуз 12 ай гана камоого мүмкүн. Ошондуктан жакын арада сот болот деп күтүп жатабыз.

Москвада сегиз жылдан бери тергөө жана сот иштери боюнча чет элдик мигранттарга котормочу болуп жүргөн Жамалкүл Сабаева жөн жерден өрт чыкпайт” дегендей, кыргыз жаштары жеңил акчага азгырылып, ушундай окуяларга туш болуп жатканын белгилейт.

- Метронун жанында бейтааныш адамдар күнүнө 2-3 миң беребиз деп чакырып, азгырышат экен. Булар ошол баңгизат сатуу менен өздөрүнө гана эмес, үй-бүлөлөрүнө, бир туугандарына, эли-журтуна зыянын тийгизип жатканын кээ бири түшүнбөйт. Кээ бир “спайс” саткандар “биз муну билген эмеспиз, таблетка деп айтышкан” дешет. Анан "жумушум жок калган, документим жок, Кыргызстанга кетейин деп жаткам, мага жардам берген эч ким жок” деген шылтоолору даяр. Жыл башынан берки төрт айдын ичинде мындай иштер аябай көбөйдү. Мен өзүм азыр 18 адамдын ишин алып барып жатам.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн инспектору Абдыш Коомбаевдин билдиргенине таянсак, өткөн жылы Орусияда үч миңден ашуун кыргызстандык жаран сот жообуна тартылган. Ал эми ушул тапта иши тергөөдө жаткан, айып тагылган канча жаран бар экени белгисиз.

- 2014-жылы Орусияда 3035 киши камалган. Уурулук менен 420, экономикалык кылмыштар менен 174, баңги заттарды сатуу боюнча 156 киши соттолгон. Азыркы убакта тергөө жүрүп жаткан иштер боюнча бизде маалымат жок. Негизи андай каттоо бардык өлкөлөрдө жүргүзүлбөйт. Бизге алардын так саны жөнүндө маалымат түшпөйт. Экинчиден, алардын иши сотто каралбаса, аларды күнөөлүү же күнөөлүү эмес деп айтууга болбойт. Тергөөдө иш токтоп, жабылып калышы мүмкүн, кыскарып калышы да мүмкүн.

ИИМдин өкүлү Орусияда акыркы 2-3 жылдын ичинде маңзат кылмышы көбөйгөнүн, ага кыргызстандык жарандар дагы кириптер болуп жатканын белгилейт. Кармалгандардын көпчүлүгү 21-25 жаштагы уландар.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG