Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:26

Слуцкий: Кыргызстанга берилген акча азбы?


Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитети менен Орусиянын Мамлекеттик Думасынын КМШ өлкөлөрү боюнча комитети Бишкекте биргелешип жыйын өткөрдү.

Анда миграция, Бажы биримдигине кирүү жана башка маселелер каралды. Жыйында орусиялык депутат Леонид Слуцкийдин сөздөрү, Орусия федералдык миграция кызматынын өкүлүнүн мигранттардын жүрүм-туруму тууралуу пикирлери бул жыйынды демейкилерден айырмалады.

Кыргызстан менен Орусияны байланыштырган темалар күн тартибине коюлуп, ар тармактын тиешелүү өкүлдөрү сүйлөштү. Алгач Бажы биримдиги боюнча Кыргызстандын экономика министри Темир Сариев маалыматын ортого салды:

- Бажы биримдиги бизге эмне берет? Биринчиден, бул - соода үчүн чек аралар жоюлат, бажы эрежелери жок шарттар, товардын коопсуздугун тастыктаган документтер, жаңы жумуш орундары, биздин ишкерлердин эркин соодасы. Бирок Кыргызстан тобокелдикке барат. Анын бизге зыяндары – чет өлкөлөрдөн келген товардын баасынын өсүшү, биздин товарлардын атаандаштыкка туруштук бере албашы, үчүнчү өлкөлөр менен соода режиминин начарлашы жана башкалар.

Сариев Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлардын көпчүлүгү ансыз да Орусия менен Казакстанга экспорттолоруна, бул өлкөлөрдөн келген импорттун көлөмүнө токтолду.

“Ата-Журт” фракциясынын депутаты Жылдызкан Жолдошева Мамдуманын депутаттарына Кыргызстан Орусия менен болгон долбоорлордо утулуп жатканын айтып, Темир Сариевге Кыргызстан биримдикке кирсе эмнеден утарын так айтуусун талап кылды.

Темир Сариев Кыргызстан Бажы биримдигине мүчө мамлекеттерден айрым жеңилдиктерди сурап, фонд түзүп берүү шартын коюп жатканын түшүндүргөндө Думанын КМШ боюнча комитетинин төрагасы Леонид Слуцкий кепти алды:

- Акыркы бир жылдан ашыгыраак убакытта белгилүү суммадагы каражаттарды Кыргызстанга жөнөттүк. Жүздөгөн миллион доллар тууралуу сөз болуп жатат. Алдыда дагы каражат каралган. Анын 582 миллиону силер 2038-жылга чейин сураган карыз. Мына, бул силерге азбы? Эгер биз кандайдыр бир фонд түзсөк, аны да бир нерсе менен толуктап туруш керек. Анда Казакстан, Беларус, Армения да фонд түзөлү дебейби.

Леонид Слуцкий АКШнын базасын чыгаруу тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министринин АКШнын Кыргызстандагы элчисине берген нотасы тууралуу сөзүнө учкай кошо кетти.

Кызуу талкуудан кийин депутаттар миграция темасына өтүштү. Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитет төрайымы Дамира Ниязалиева Орусиядагы кыргызстандык эмгек мигранттарынын укугу бузулуп жатканына, керек болсо мамлекеттик органдар тарабынан кордук көргөнүнө токтолду:

- Биздин жарандарды милиция, бажы кызматкерлери акча бергенге мажбурлайт. Каттоого турууда, турак жай табууда, билим, медициналык кызмат алууда проблемаларга туш болуп жатышат. Ушул маселелерге кесиптештеримдин көңүл буруусун каалайт элем. Орусиянын жумуш берүүчүлөрүн аз айлык акыга иштеген, социалдык камсыздандыруусу жок, начар шартта эмгектенген мыйзамсыз мигранттар кызыктырат.

Жыйынга катышкан Федералдык миграция кызматынын жетекчи орун басары Анатолий Фоменко Дамира Ниязалиеванын мигранттар тууралуу статистикасы ката экенин билдирип, сын айтты. Кыргыз депутаттары Бирюлево окуясын эстеткенде Фоменко орус тилин билбеген, көчө таптап жумушка барбаган, жүрүм-туруму начар кыргыз мигранттары жергиликтүүлөрдүн кыжырын келтирерин баса белгиледи:

- Орусияда кыргыз эмгек мигранттары биринчи иретте эмгекчилдиги үчүн бааланат. Бирок объективдүү карайлы. Биз даярдалган, билимдүү, окутулган, орус тилин билген мигранттарды көргүбүз келет. Сиздер кыргыз мигранттары жашаган райондорго барып көрүңүздөр. Эч жерде иштебеген, мыйзамсыз жүргөн кыргыз мигранттар көп.

Узакка созулган талкуунун соңунда миграция кызматына суроолорду жазуу жүзүндө берүү, эки тарап миграция маселесин гана талкуулоо үчүн иш-чараларды өткөрүү сунушу айтылды.

Учурда эки мамлекет мигранттарга социалдык жардам тууралуу келишимди карап жатат. Ага ылайык мигранттардын пенсия маселеси чечилип калышы мүмкүн.

Жогорку Кеңеш менен Мамлекеттик Думанын эки комитети Кыргызстан менен Орусия арасындагы башка маселелерди да талкууга алышты.

XS
SM
MD
LG