Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:18

Милициянын батир алуу бактысын байлагандар


Сүрөттүн макалага тиешеси жок
Сүрөттүн макалага тиешеси жок

Ички иштер министрлиги акыркы чейрек кылымда биринчи ирет 180 батирлүү үйдүн курулушун бүтүрүүдө. Бирок үйгө муктаж карапайым милиционерлер батир алчулардын тизмесинен чыгып калган.

Турак жай кезегинде турган үч жүзгө чукул адамдын арасында белгисиз себептер менен аты-жөнү тизмеден чыгып калган милициянын ардагерлери да бар. Алардын бири, кызмат үстүндө башынан оор жаракат алган 2-топтогу майып Шерлан Шаршенов өзүнүн жагдайын айтыш үчүн эки айдан бери ички иштер министрине кире албай жүргөнүн билдирди. Министрликтин турак жай комиссиясы Шаршенов соңку иштеген жери боюнча кезекке турушу керек деген жүйөнү келтирди.

Кезертип күткөн кезектин аягы...

Милициянын старшинасы Шерлан Шаршенов соңку ирет Нарын облустук ички иштер башкармалыгына караштуу Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнөн оорусуна байланыштуу пенсияга чыккан. Өзүнүн айтымында, Шаршенов кызматтык милдетин аткарып жүргөн учурда башынан оор жаракат алып, эки жолу операция болгон. Ал үй-бүлөсү менен он жети жылдан бери Бишкекте батирде ижарада турат. Буга байланыштуу Шерлан Шаршенов көп жыл мурун батир алуу үчүн кезекке турган. Бирок Ички иштер министрлигиндеги турак жайга муктаждардын тизмесинде жок экенин ал жакында гана билген.

Милициянын ардагери Шерлан Шаршенов милиция кызматкерлери үчүн курулган көп кабат үйдүн курулушу бүтүп калганда кезектен чыгарып коюшканын айтты:

- Ал жердеги жооптуу кызматкер Самыйбекова башында жакшы эле кабыл алып, колума бланка берип, толтуруп келиңиз деген. Мамкаттоодон турак жай жок деген документ, акыркы жолу иштеген жериңизден өтүнүч кат алып келиңиз деди. Сиздин документтерди комиссияга киргизем деген. Ошонун бардыгын алып барып тапшыргам. Бирок кийин барсам эле “сизге батир берилбейт, кезекте жок экенсиз, эми аракет кылбай эле коюңуз” деди. Анда эмнеге мурда эки ирет кезекте турасың, үй курулары менен батир берилет деп кат бересиңер десем. Сени тил эмизип, сооротуп коюш үчүн эле берилген каттар экен дейт. Өздөрү берген документтен өздөрү баш тартып жатса, анан милицияга карапайым калк ишенеби? Биз учурунда керек болгон экенбиз, эми кереги жок болуп калыптырбыз. Министрге үч ирет кат киргиздим. Жооп жок.

Бишкектеги жаңы курулуштар
Бишкектеги жаңы курулуштар

Буга чейин Шерлан Шаршеновдун батир алууга кезекте турганын Ички иштер министрлигинин финансы-чарбалык башкармалыгы эки ирет тастыктап, кепилдик катын берген. Анда милиция үчүн турак жай курулары менен ага тизме боюнча батир берилери көрсөтүлгөн. 2012-жылы берилген ал катта башкармалыктын ошол кездеги башчысы Ниязбековдун колу коюлган.

Жоголгон тизме, жоболоң ой

Бирок Ички иштер министрлигинин аталган башкармалыгынын инспектору, турак жай комиссиясынын катчысы Бегай Самыйбекова кезекке тургандардын арасында Шаршенов жок экенин мындайча белгиледи:

- Мен жаңыдан кызматка киришкенде үйгө кезекке тургандардын тизмесин өткөрүп беришкен. Анда Шерлан Шаршенов деген жок экен. Ал деги эле кезекке турбаптыр. Бизде анын эч кандай документтери каттоого алынган эмес. Ал киши бир жолу келгенде айтып түшүндүрсөм, түшүнгөн жок. Ар бир башкармалыктын өзүнүн турак жай комиссиясы бар. Ошол жакка барып, батыраак кезекке туруңуз дегемин. Уккан жок. Анан Нарынга барып кезекке туруп, мурдагы жетекчилигинен өтүнүч кат жана кезекке турганын тастыктаган протокол алып келсе, анан бул жакта анын маселеси каралмак да.

Бирок мурда жогорудагыдай талабы жок эле тизмеге киргизилип, бирок кийин анын аты-жөнү эмне себептен батир алуучулардын кезегинен чыгып калганы белгисиз.

Кыргыз милиционерлери
Кыргыз милиционерлери

Ички иштер министрлигинин турак жай комиссиясы Шаршеновдун буга чейин батир алууга кезекте турганын тастыктаган башкармалыктын 2012-жылкы каттарын быйыл 7-апрелде жөнөткөн каты менен жокко чыгарды.

Милициянын ардагери, полковник Жолдошбек Бузурманкулов бул жагдай кылдат териштирүүнү талап кыла турганын айтты:

- Бул жигит адегенде кезекке тургандардын тизмесине кирсе, анан эле белгисиз себептер менен андан чыгып калса, анда демек, ал орунга башка бирөөнү киргизип жиберишкен го деген ой келет да. Анан эми адамды батир аласың деп кат берип жүрүшүп, анан эле бир күнү үй курулуп бүтүп калганда, албайсың дегени башка чапкан менен барабар да. Кандайдыр бир себептер менен жылдырып койду деген күндө дагы бул уят иш. Анткени ал Кыргызстандын кайсы бурчунда болсо дагы, мамлекетке кызмат кылган. Анан эми милицияда иштеп жүрүп, жаракат алып, анан ошондон майып болуп калса, он жети жылдан бери бала-чакасы менен ижаралап жашап жүрсө, бул адамга оор. Анан эми ИИМ ошону түшүнүшү керек эле. Муну министр билбесе керек. Бери жактагылары былгытып жатат.

Буга чейин Нарын облустук ички иштер башкармалыгы ички иштер министри Мелис Турганбаевге Шерлан Шаршеновго батир бөлүп берүү боюнча өтүнүч кат келтирген. Бирок Ички иштер министрлигинин турак жай комиссиясы Шерлан Шаршеновду Нарынга барып, анан батир алууга кезекке тур дегенден башка жообун айта элек. Нарында болсо, милиция кызматкерлери үчүн турак жай курулган эмес. Бишкекте алгач жолу курулуп башталган 180 батирлүү үйдүн курулушу быйыл күзүндө тапшырылат. Ички иштер министрлигинде турак жайга кезекте тургандардын саны учурда 265 адамды түздү.

XS
SM
MD
LG