Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:54

Бишкектин четинен кезинде турак жай куруу үчүн тилкелерди жең ичинен бөлүштүрүүнүн кесепетинен жер талаштын аягы басылбай келүүдө.

Жаңы конуштардагы жашыл тилке, балдар аянты жана социалдык имараттарды куруу үчүн калтырылган жер тилкелери бөлүнүп кеткен фактылар ачыкка чыгууда. Ошол эле кезде алды-сатты келишиминин негизинде талаштуу жер тилкелери экинчи колго өтүп кеткен учурлар бар.

Ак-Өргөнүн жергиликтүү тургундары өздөрүнүн укугун коргоп чыгып, мыйзамсыз жол менен мыйзамдаштырылган жер тилкелерин коргоого чыкты. Жер талашкан тараптардын ортосундагы мындай чалкештик кезинде мыйзамсыз жер тартып берген аткаминерлердин айынан келип чыккан.

Жасалма документ, жалган чечим

Бишкектеги жаңы конуштардын бири Ак-Өргөдөгү жер талаштын аягы басылбай келет. Учурда бул конуштун өзүндө эле сексенден ашуун талаштуу жер тилкелери бар. Ак-Өргөнүн Күн көчөсүндөгү жашыл тилкеге ылайыкталып, балдар аянты үчүн калтырылган жер кийин четинен он жети тилкеге бөлүнүп, сатылып кеткен. Бул жер аркылуу жогорку чыңалуудагы электр линиясы өткөнүнө карабастан техникалык шартты бузуу менен токтом чыккан. Муну менен жаңы конуштун 1989-жылкы баштапкы башкы планы бузулган.

Ак-Өргөдөгү аксакалдар сотунун төрагасы Тилек Исмаилов мындагы жер тилкелери жасалма документтер менен берилип кеткен жагдайга токтолду:

- Бул жер тилкелерине чыгарылган чечимдердин жылдары дагы бири-бирине дал келбейт. Бирөөнө 1995-жылы чыкса, экинчисине 97-жылы чыккан. Эгерде мыйзамдуу жер тилкесин бөлүү болсо, анда бир эле жылы бирдей жалпы бир токтом чыгат эле го. Анын номурлары дагы бирдей эле шартта бекитилмек да. Бирок тиешелүү аткаминерлер башында пайдубалы жок жерге техникалык паспорт берип, анан ал аркылуу кызыл китеп берген учурлар болуптур. Кайсы бир жер тилкелери боюнча Мамлекеттик каттоо органы кызыл китеп бербей койгондо, сотко берип, ошол жактан чечим чыгартып анан жасалма жол менен мыйзамдаштыруу иштери болгон экен. Биз мунун түбүнө жетебиз.

Менчик укугу тебеленгендер

Ак-Өргөнүн Күн көчөсүндөгү талаштуу жер тилкесинин бири 1995-жылы Зергүл Жээнбаеванын наамына катталган экен. Бул жер тилкесин Астанада иштеген Жылдызбек Шанызак уулу 2008-жылы сатып алган. Бишкек райондор аралык соту 2007-жылы бул талаштуу жер тилкесине кызыл китеп берүүгө Мамлекеттик каттоону милдеттендирген. 2009-жылы Бишкек шаардык соту бул чечимди жокко чыгарып, аны кайра кароого жөнөткөн.

Жер тилкесинин жаңы кожоюну Жылдызбек Шанызак уулу Жогорку Сотко даттанып, бирок ал шаардык соттун чечимин күчүндө калтырган. Жылдызбек Шанызак уулу айыпсыз жерден анын менчик укугу тебеленип жатканын айтты:

- Биз Мамлекеттик каттоодон текшерүүдөн өткөн, кызыл китеби бар жерди мыйзамдын чегинде алды-сатты келишиминин негизинде сатып алгам. Ал кезде буга окшогон эч кандай ызы-чуу болгон эмес. Бул жердин талаштуу экени туурасында да маалымат жок болчу. Анан эле кийин үй салайын деп келсем, аркы жакта турган үйдү мурда сатып алган Автандил Молдошев деген киши мага караштуу чектин жарымын өзүнө каратып тосуп алыптыр. Ал жерге бак-дарак отургузуп коюптур. Мына ошондон бери соттошуп, маңдай терим менен табылган акчага сатып алган жерге ээ боло албай келе жатам. Жети жылдан бери соттошо берип чарчап бүттүм.

Учурда менчик укугун калыбына келтирүүнү суранган Жылдызбек Шанызак уулу бул ишти кайра кароонун алкагында ага караштуу делген жер тилкесин тосуп алды деген доомат менен Автандил Молдошевдин үстүнөн Ленин райондук сотуна даттанган. Бирок Молдошев бул жер коомдук пайдалануудагы жер тилкеси экенин айтып, аны ал качан болсо дагы балдар аянтчасы үчүн бошотуп берүүгө даяр экенин айтты:

- Менден ала турган жер кичине эле тилке. Бул жер мындагы менин кошуналарым болгон үч адамдын эсебинен алынат. Бирок бул жер мурда жашыл тилке катары жер бөлүштүрүп жаткан учурда калтырылган экен. Ошондуктан мындагы кошуналар аны балдар аянтчасы катары өздөштүрүү талабы менен чыгып келе жатканына көп болгон экен. Мен тосулган жерди мына ошол балдар аянтчасына бошотуп бер деген күнү тосмону алып салам. Мен бул жерди талашпайым.

Ак-Өргөдөгү жер талаш

“Жарыгы жанбаган” жашыл тилке

Автандил Молдошевдин бул сөзүн кошунасы Мекен Акматалиева дагы тастыктады. Анын айтымында, мында 1989-жылы жер тилкелери жаңыдан бөлүнүп жатканда жашыл тилке жана балдар аянтчасы үчүн жер каралган. Мекен Акматалиева учурда кошуналардын коюп жаткан талабын айтып берди:

- Биз бул жерге 89-жылдан баштап жайгаша баштадык. Ал кезде мына бул тилкелердин бардыгы бош болчу. Анан ал жер аянты жашыл тилке катары балдар ойной турган аянтча болот деп калтырылган деп жүргөнбүз. Себеби ошол кездеги картада ошондой болчу. Анан эле арадан 4-5 жыл өтпөй эле ал жер тилкелери бөлүнө баштаптыр деген сөздү угуп калдык. Бирок анда деле бул жерге эч ким келген эмес. Кийин эле башка бир экинчи бир адамдарга сатып жиберишип, ошолор кийин келип алып жерди талаша башташты. Кийин билсек, мурдагы планды мэриядан өзгөртүшүп, бирөөлөр аркылуу экинчи же үчүнчү колдорго сатышкан экен.

Ак-Өргөдөгү бул талаштуу тилкени коомдун менчиктин карамагына алуу жана доомат койгон ээлерине башка аймактан жер бөлдүрүп берүү маселеси 2009-жылы эле көтөрүлгөнү белгилүү болду. Муну жергиликтүү аймактык башкармалыктын башчысы Жылдыз Мусабекова дагы ырастады:

- Анан ошол кезде чечим чыккан. Мына ошол 17 жер тилкесинин ээлерине башка жактан жер бөлүп берүү маселеси курч коюлган. Андан кийин аталган жер тилкелери бошотулат деген болчу. Бирок андай болбой, кайра башка адамдарга сатылып кеткен учурлар болуптур. Мына ошонун айынан мында адамдар кызыл чеке болуп, жер талашып, урушуп кагылышкан окуялар көп болду. Жылда жазында ушундай бир талаш боюнча чыр чыгат. Бул маселе көптөн бери чечилбей келе жаткан маселе.

Шылуундардын “шыбагасы”

Мына ошентип жергиликтүү аткаминерлер менен соттордун кезинде башты адаштырган аныктамаларынын кесепетинен Ак-Өргөдөгү талаштуу тилкелердин тагдыры чечилбей келүүдө. Мындагы бала бакча, эмкана жана балдар аянтчасы үчүн калтырылган жер тилкелеринин көбү жеке турак-жай үчүн берилип кеткен. Жергиликтүү тургун Айнагүл Самудинова жең ичинен жер сатууга жол бергендердин бири дагы ушул күнгө чейин жоопко тартылбаганын айтты:

- Мына ушунун бардыгы жасалма токтомдун негизинде бөлүнгөн жер тилкелери. Аллея боло турган жер аянтын дагы бөлүп салышкан. Ошонун бардыгын кийин тургундар таап чыгып, үй салып сата койобуз дегендер менен күрөшүп келе жатабыз. 2005-жылы 87 жер тилкесине бөлүп саткан фактылар бар. Мунун бардыгы чоң акча менен жана бийликтеги байланыштар аркылуу жасалган. Соттошуу жүрүп жатса, айрым адамдар үйдү салып туруп, сатып жиберген учурлар бар.

Учурда Ак-Өргөдөгү жана Арча-Бешиктеги жер тилкелеринин базар баасы жыйырма беш миң АКШ долларына чейин бааланат. Мына ошондуктан жер тилкесине ээлик кылууга болгон кызыкчылык күчөгөн учур. Бул арада карапайым жарандар ортосундагы талаштуу жер тилкелери үчүн болгон соттук териштирүүлөрдүн аягы көрүнөр эмес.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG