Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:52

Ош менен Жалал-Абадды калыбына келтирүүгө жумшалган миллиондогон доллар эл аралык каржылык жардамдын эсеби чыга элек.

Буга чейин эсептөө палатасы менен парламенттин бюджет жана каржы комитети бир нече курдай текшергени менен бир жыйынтыкка келе элек. Бул боюнча үчүнчү ирээт түзүлгөн депутаттык комиссиянын иши создугуп, өз корутундусун жарыялоого шашпай турат. Миллиондогон суммадагы ири каражат кайда жумшалганы боюнча ачык-айкын жооп жок деп шектенген айрым коомчулук өкүлдөрү парламент менен өкмөт бул маселени өз ара соодалашуунун аянтчасына айлантып алды деп сынга алышууда.

Сандардын чатагыбы же Сатыбалдиевди алуунун амалыбы?

Адис-финансисттердин баамында, өкмөт өз милдеттемесине алган жана эл аралык донорлор берип, калыбына келтирүү иштерине кеткен каражаттын жалпы суммасы 200 миллион АКШ долларына барабар. Ош менен Жалал-Абадды калыбына келтирүүгө башында 2009-жылы Орусиядан келген 300 миллион насыянын 100 миллион доллары сарпталган. Мындай чечим Убактылуу өкмөттүн 2010-жылы 24-июнундагы “Ош менен Жалал-Абадды калыбына келтирүүнүн алгачкы чаралары” боюнча чыккан декретинде кабыл алынган.

2010-2011-жылдары Кыргызстанга абдан көп акча келген эле. Каражат натыйжалуу пайдаланылса Ош менен Жалал-Абадда көп кабаттуу кичирайондорду куруп койууга болмок.

Мындан сырткары мамлекеттик дирекциянын адистештирилген фондуна Орусия менен Казакстандан жети миллион долларга барабар курулуш материалдар түрүндө гумжардам келген.

Буга чейин эки жолу каржы министри болуп иштеген Акылбек Жапаров мына ошол эл аралык жардамды пайдаланууда мамдирекция чаржайыттыкка жол бергенин айтат:

- Ачык-айкын тендерлер өткөн эмес. Курулушту жүргүзүү боюнча атайын планы жок эле каражат натыйжасыз пайдаланылган деген негизде биз мамдирекциянын ишмердигин комитетте караганбыз. Анан эле бул маселени парламенттин талкуусуна коюп, карайбыз деп жатканда мен ал жактан кетип калып, ошол бойдон маселе терең иликтенбей калды. Мен ошол кездеги мамдирекциянын жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиев менен сый эле мамиледемин. Бирок анын ушундай тажрыйбалуу жетекчи болуп туруп, ишти чаржайыт алып барганына таң калгам. Анын мына ошол эл аралык каржылык жардамды колдонууда кетирген кемчиликтери тууралуу комитеттин жыйынында айтып чыкканмын. 2010-2011-жылдары Кыргызстанга абдан көп акча келген эле. Каражат натыйжалуу пайдаланылса Ош менен Жалал-Абадда көп кабаттуу кичирайондорду куруп койууга болмок.

2010-жылкы июнь коогасында 2300дөн ашуун турак-үйлөр, соода жана өндүрүштүк ишкер жайлары менен бирге эле маданий-социалдык багыттагы объектилер өрттөлүп, же кыйроого учураган. Калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү үчүн өкмөттүн алдында мамлекеттик дирекция түзүлгөн болчу. Мамлекеттик дирекция түзүлгөндө аны жетектөөгө азыркы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев дайындалган.

Өкмөт башчысынын маалымат катчысы Мелис Эржигитов каржылык жардамдын каякка жумшалганы дайын экенин айтып, ага жетишээрлик мисалдар бар экенин келтирди:

- Ош, Жалал-Абад шаарларында, Оштун Кара-Суу, Араван, Жалал-Абаддын Сузак, Базар-Коргон райондорунда жалпылап айтканда жүз элүүдөн ашуун ар кандай объектилер жаңыдан курулду, оңдолду же калыбына келтирилди. Бул эми жанагы күйгөн же талкаланган жеке турак үйлөрдү кошпогондо. Ошолордун ичинде бийиктиги эки кабаттан он алты кабатка чейинки бир жарым миңден ашуун батирлүү отуз алты көп кабат үй тургузулду. Жолдор оңдолду, жаңы конуштарга суу жана электр энергиясы тартылды. Ош шаарындагы жыйырма жылдан бери каралбай, үстүнөн тамчы агып турган отуздан ашык жатаканалардын чатырлары оңдолду. Анан мына ушунун бардыгын көрүп туруп, көргүсү келбеген айрым саясатчылар “акча каякка жумшалды?” дегенде таң калбай койбойсуң. Албетте мунун артында саясий себептер бар.

Соодалашууга айланган текшерүүлөр...

Баса белгилей кетүүчү жагдай: 2011-жылы парламенттин бюджет жана каржы комитетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун демилгеси менен Ош менен Жалал-Абадды калыбына келтирүүгө жумшалган каражатты көзөмөлдөө боюнча жумушчу топ иштеген. Бирок жарым жылга чукул каржылык текшерүү иштерин жүргүзгөн ал жумушчу топтун ишинин жыйынтыгы чыкпай калган. Депутаттык жумушчу топтун баяндамасы каржы комитетинде каралып, мамлекеттик дирекциянын ишине "канааттандырарлык" деген баа берилген. Андан соң коалиция тарап, жумушчу топтун жетекчиси Акылбек Жапаров жаңы өкмөттүн курамында каржы министри кызматына отурган.

“Интербилим” коомдук уюмунун Оштогу өкүлү Гүлгаакы Мамасалиева депутаттардын мына ошол текшерүүсүнүн жыйынтыгы саясий соодалашууга айланган деп шек санайт:

- Чындыгында учурунда каржылоонун жыйынтыгы боюнча депутаттар бир эмес эки жолу текшерип келип, олуттуу мыйзам бузуулар чыгып жатат деп айтылып жаткан. Анан эле ошол текшерүүнүн жыйынтыгын сураганыбызга карабай, жарандык коомдун өкүлдөрүн ага аралаштырбай четтетип коюшкан. Депутаттар тобу келип, дирекциянын ишмердиги боюнча ошол кездеги жетекчи Жантөрө Сатыбалдиев менен сүйлөшүп, “бардыгы жакшы” деп кетишкен. Биздин ошондо "акчанын чыгымдалышы кандай болгону боюнча маалымат бергиле" деген талабыбызга көңүл да бурушкан эмес. Эми болсо ошол маселе көтөрүлгөнүн кезектеги саясий оюн катары эле кабыл алдым. Себеби депутаттар ошондо эле коомчулукка ачык айтып чыгышса болбойт беле?

Калыбына келтирүү иштерин иликтеген депутаттык жумушчу топтун жетекчиси Акылбек Жапаров мындай дооматты четке какты. Ал депутаттык жумушчу топ мамлекеттик дирекциянын ишмердигин толук иликтеп чыгууга ошол учурда бийлик тарабынан мүмкүнчүлүк берилбегенин айтып чыкты.

Жалпылап айтканда жүз элүүдөн ашуун ар кандай объектилер жаңыдан курулду, оңдолду же калыбына келтирилди. Ошолордун ичинде бийиктиги эки кабаттан он алты кабатка чейинки бир жарым миңден ашуун батирлүү отуз алты көп кабат үй тургузулду. Ушунун баарын көрүп туруп, көргүсү келбеген айрым саясатчылар “акча каякка жумшалды?” дегенде таң калбай койбойсуң...

Жапаров ошол кезде эсептөө палатасынын текшерүүсүнүн жыйынтыгы боюнча кылмыш иши козголуп, бирок анын аягы белгисиз болуп калганын билдирди:

- Биз атайын каржылык текшерүү жүргүзгөн эмеспиз. Болгону жарандарга берилчү жанагы ссудалар кандай бөлүштүрүлүп жаткан жагын эле караганбыз. Ал эми дирекциянын жалпы каржылык ишмердигин эсептөө палатасы бизге чейин эле текшерген экен. Бизге андай каржылык текшерүү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк беришкен эмес. Анткени аны эсептөө палатасы жана укук коргоо органдары гана текшере алат дешип, бизди жолотпой койушкан. Эсептөө палатасынын текшерген материалдарынын негизинде каржы полициясы кылмыш ишин козгогон. Ошол материалдарды азыр эле жок кылып жиберишпесе дале турат болуш керек. Анан тигил дирекцияны жаба койолу дегенде мен кийин өкмөт мүчөсү катары иликтеп, жыйынтык чыгарып анан жабалы деп каршы чыккан болчумун.

Эсеби чыкпаган эсеп палатасы

Эсеп палатасы 2011-жылы мамлекеттик дирекциянын ишмердигин текшерип чыгып, 44 миллион сом бюджеттик каражат максатсыз чыгымдалганын таап чыккан. Каржылык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча тендерден утуп алган курулуш компаниялары куруп жаткан турак-жай аянтынын баасы менен аткарылган жумуштун көлөмүнүн ортосунда айырмачылык чыгып калган.

Эсеп палатасынын ошол кездеги төрагасы Сабырбек Молдалиев аталган каржылык мыйзам бузуу текшерүүдөн соң гана ордуна келтирилгенин “Азаттыкка” айткан болчу:

- Курулуш компаниялары мурда бүтө элек эле иштерди аткарылды деп аткарылган жумуштун көлөмүн ашыкча көрсөтүп жазып койгон. Бирок биз бул боюнча доомат койгондон кийин мына ошол компаниялар өздөрүнүн эсебинен кайра ошол каражатты калыбына келтиришкен болчу.

Эсептөө палатасынын жаңыдан дайындалган төрайымы Эльмира Ибраимова 2012-жылы ноябрь айында Ош шаарына барган учурунда Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын каржылык ишмердиги кайрадан дагы бир жолу текшериле турганын айтып, ага кошумча мөөнөт койулганын белгилеген болчу.

Бирок ошол эле кезде мурдагы 44 миллион сомдун чатагы боюнча мамлекеттик дирекциянын ишин текшерген аудитордун көз карашы башкача. Аталган мекемени буга чейин эки ирет текшерген эсеп палатасынын аудитору Жусуп Иманалиев 2011-жылкы текшерүүнүн жыйынтыгында каржылык мыйзам бузуу эмес, өз ара түшүнбөстүк болгон деп белгиледи:

- Бул жерде мисалы, курула турган турак-жайдын бир чарчы метрин 465 доллардан баалашкан болсо, мына ошол жалпы көлөмдөн ашкан эмес. Бирок биздин инспекторлор аткарылган жумуштун көлөмүн эсептеп чыгып, ашыкча чыгарылган айырмачылык бар деп корутунду чыгарышкан. Биз муну иликтеп көрүп, дирекция менен ошол компаниялардын ортосундагы түзүлгөн келишим бузулган эмес деген жыйынтыкка келген болчубуз.

Жарандык коомдун талабы

Ошол эле кезде жарандык коом калыбына келтирүүгө кеткен эл аралык каржылык жардамдын жана аткарылган жумуштун көлөмү боюнча коомчулукка толук отчет берилиши керек деп талап кылууда. 2010-жылдын июль айынан 2012-жылдын октябрь айына чейинки өкмөттүк баяндамаларга үңүлсөк, Кыргызстанга ири көлөмдө каржылык жардам көрсөтүлгөнүн байкоого болот. Бирок мына ошол каражаттын кайсыл бөлүгү кантип жана кандайча жумшалганын коомчулук азырынча биле элек.

Калган акча каражат боюнча ачык-айкын так каржылык отчет болуш керек эле да. Эмнеге ушул күнгө чейин аны жарыялабай жатышат? Деги эле эмнеге отчет бердиртпей туруп мамдирекцияны ушунчалык тез арада жаап салышты? Демек бул жерде бир мандем болушу мүмкүн.

Түркия 2010-жылы Кыргызстанга 21 миллион доллар убада кылып, анын он бир миллиону калыбына келтирүү иштерине багытталган. Кытай өкмөтү беш миллион АКШ долларына барабар каржылык жардам көрсөткөн. Ага кытайылык компания 66 батирлүү көп кабат үй куруп берүү милдетин алган. Иран мамлекети Ошто спорт комплексин курууга бир миллион доллар бөлгөн. Оман өлкөсү башында бир миллион доллар убада кылып, бирок ал каражат толук келген эмес. Азия Өнүктүрүү Банкы калыбына келтирүү иштерине гранттык жана насыя түрүндө жалпысынан 100 миллион доллар каражат караган.

Мамлекеттик дирекциянин мурдагы жетекчиси Жусупжан Жээнбеков каржылык жардамдын көп бөлүгү дирекциянын эсебине түшпөстөн, жумушту донорлор өздөрү ишке ашырганы үчүн дирекция толук отчет бере албастыгын мындайча түшүндүрдү:

- Мисалы Оман өкмөтү 243 миң долларлык курулуш иштерин баштап коюп, аягына чыгарбай кетти. Чала калган ишти азыр бюджеттин эсебинен биз бүтүрүп жатабыз. Иран жана Кытай өкмөттөрү каражат бөлгөнү менен аны өздөрү куруп жатышат. Азия Өнүктүрүү Банкы болсо жеке турак үйлөрдү курууга өздөрү ишканаларды жалдап, өздөрү куруп жатат. Биздин дирекциянын эсебине мына ошол донорлор бир тыйын которгон жери жок. Бирок башында ошонун бардыгы биз аркылуу өтөт деп айтылган. Бирок ошол каражатты өз алдыбызча өздөштүрүүгө биздин акыбыз жок. Донорлорду текшермек тургай, алардын ишине кийлигише албайт экенбиз.

Бирок ошол эле кезде коомчулук өкүлдөрү калыбына келтирүү иштеринин көпчүлүк бөлүгү мамлекеттик дирекция тарабынан аткарылганын мисал келтирип, ага карата эл аралык каржылык жардам болгонун белгилешүүдө. Болгону жабырлануучуларды кышка калтырбай убактылуу турак-жай менен камсыздоо долбоорлору гана ЮСАИД, АКТЕД, Кызыл Жарым Ай жана БУУнун качкындар иштери боюнча комиссарлыгы тарабынан өкмөттүн кийлигишүүсүз жүргүзүлгөнү белгилүү болду.

“Интербилимдин” Оштогу өкүлү Гүлгаакы Мамасалиева калган каржылык жардамдын бардыгы мамдирекция аркылуу өткөн деп бышыктады:

- Башка калган иштердин бардыгын мамдирекция өзү ишке ашырды го. Көп кабаттуу үйлөрдү өздөрү курушту, мамлекеттик объектилерди өздөрү бүтүрүштү, жолдорду өздөрү оңдошту, жарык берүүнү өздөрү кылышты. Мына ушунун бардыгы оңбогондой чоң акча да. Мисалы үчүн жанагы Орусия менен Казакстандан келген курулуш материалдары кандайча колдонулду деген суроого азыркыга чейин толук жооп жок. Анан калган акча каражат боюнча ачык-айкын так каржылык отчет болуш керек эле да. Эмнеге ушул күнгө чейин аны жарыялабай жатышат? Деги эле эмнеге отчет бердиртпей туруп мамдирекцияны ушунчалык тез арада жаап салышты? Демек бул жерде бир мандем болушу мүмкүн.

Парламент текшерүүнүн жыйынтыгын карайт

Ош менен Жалал-Абадды калыбына келтирүүгө кеткен каражаттын кайда жумшалганы боюнча суроолор жакында өкмөт башчысына каршы багытталган чоң саясий маселеге айланчудай. Анткени текшерүү иштерин үч айдан бери создуктуруп келаткан үчүнчү ирээт түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусу жакында парламенттин талкуусуна койулат.

Мамлекеттик дирекциянын ишмердигин иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын мүчөсү Нарынбек Молдобаев өтө чоң мыйзам бузуулар табылганын айтып, анын бардыгы палатанын отурумунда жарыялана турганын белгиледи:

- Биз ошол маселени текшерип, абдан чоң жакшы эмес фактыларды таап, ошол боюнча иш алып барып жатабыз. Материалдар аябай көп. Биздин комиссиянын бир дагы мүчөсү кызыкдар тараптар менен эч кандай соодалашууга барбай койдук. Муну эми материал парламенттин талкуусуна чыкканда түшүнөсүңөр да. Парламенттик талкууга алып чыгып, ага премьер-министр өзү жооп бермейинче биз бир дагы факты тууралуу маалымат айта албайбыз.

Ошол эле кезде өкмөт башчысынын маалымат катчысы Мелис Эржигитов Сатыбалдиевге атаандаш саясий күчтөр дирекциянын ишмердигин жамандап чыгып, коомчулуктун башын айлантканы жатат деп билдирди. Ал премьер-министр маселе парламентте каралганда бардык суроолорго документтердин негизинде жооп бере турганын белгиледи. Парламенттик оппозиция буга чейин мамлекеттик дирекциянын ишмердигиндеги каржылык мыйзам бузууларды текшерүүнү көтөрүп келгени менен бул боюнча азырынча расмий билдирүү менен чыга элек.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG