Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:37

Нарын: ажалга түрткөн таарыныч


Иллюстрация
Иллюстрация

Акыркы убакта өз жанын кыйган өспүрүмдөрдүн көбөйүшү коомдун башкы көйгөйүнө айланды. Маселен, Ак-Талаа районундагы бир эле орто мектепте бир жарым жыл ичинде алты окуучу өз жанын кыйган.

Өспүрүмдөрдүн жанынан аша кечүүсүн адистер ата-эне менен баланын ортосундагы байланыштын солгундашы менен түшүндүрүүдө.

Жумгал районунда 13 жаштагы кыз моюнуна жип салган кезде апасы куткарып калган. Клара Мааданбекова кызынын бул жоругун үй-бүлөлүк чыр-чатак, күйөөсүнүн ичкиликке берилип кеткени менен түшүндүрдү:

- Жашаганга үй жок, темселеп көрүнгөн жерде баш калкалап жүрөбүз. Күйөөм ичет, акча болсо тартыш. Кызым бир жолу "телефон алып бер" дегенинен кагып салгам. Кийин “чачым түшүп атат шампунь алып берчи” дегенде да жемелеп атып араң алып бергем. Эртеси шампунду атасы аракка алмаштырып жибериптир. Кудай жалгап кызымды өз убагында куткарып калдым. Бирок “өлөм, терезеден секирем” деп ыйлап жатат, жакшы болуп калса, атасына көрүнбөй алыс кетип калсакпы деп ойлоп отурам. Кыйналсак да аман жүргөнү артык эмеспи.

Нарын шаарынын тургуну Тамаранын 13 жаштагы жалгыз уулу да ушундай кадамга барып, жарык дүйнө менен кош айтышкан. Күйүткө баткан эне уулунун өз жанына кол салуусун мектептеги рекэтчиликтен көрөт.

- Элден кем кылбайын деп кийимден, тамактан өксүткөн жокмун. Жогорку класста окуган балдар салык салып коркутушчу экен. Мен аны билбейм. Азыр балам менен ачык сүйлөшпөгөнүмө, ага көңүл бурбаганыма өкүнөм. Дегеле балдар менен чогуу эле сабакка баруу керекпи деп ойлоп калдым. Ата-энелерге балдарды кароосуз калтырбагыла дегим келет. Чөйрөсүнө, баскан-турганына көңүл бурушса деп ойлойм.

Нарын шаарынын дагы бир тургуну Алтынбек Сапарбеков ата-эне балдары менен ачык сүйлөшүп, өткөөл куракта кыйналбашына жардам бериши керек деп эсептейт:

- Менин чоңоюп калган эки балам бар, бул куракта кароосуз калтырган болбойт экен. Бирок өтө катуу кармагандан да коркосуң. “Бүгүн эмне кылдың, кайда бардың?” деп урушпай сүйлөшкөнгө аракет кылам. Ата-энесине же дагы бирөөлөргө таарынып, өзүнө кол салган балдарды угуп эле жатабыз. Кудай сактасын андайдан. Мен да бир кезде өткөөл курактан өткөм, менде да ушундай кыйын учурлар болгон. Азыр балдарым менен сүйлөшкөндө дайыма алардын ордуна өзүмдү коем.

Нарын шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлө баалуулуктары боюнча адиси Кылыч Мамбеталиев өспүрүмдөр менен иштөөдө аларга жашоонун жарык жактарын айтуу, жакшы нерсеге үндөө аларды туура жолго салат деген ишенимде:

- Суицидке барба, тамеки чекпе, арак ичпе деп какшаган сайын алар ошол жолго барып жатышат. Андан көрө “сен эртең белгилүү адам болосуң, сен энесиң же сен жакшы бир окуу жайда окуйсуң” деп жашоонун жарык жагын баса көрсөтүү керек. Баланын келечекке болгон ишенимин дайыма бекемдеп туруу зарыл. Азыр ата-энелерге да түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Негизи балдар бул жолго жетишпеген турмуштун айынан же үй-бүлөлүк чыр-чатактан улам барып жатышат.

Өткөн жылы Нарын облусунда беш өспүрүм өз жанын кыйган. Муну Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы мектептердеги суициддин алдын алуу иштеринин натыйжасы дешет. Анткени 2013-жылы бул көрсөткүч 15ке жеткен. Аталган инспекция тарабынан ай сайын ар бир мектепте лекциялар жана түшүндүрүү иштери жүрүп турат.

XS
SM
MD
LG