Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:04

Кыргыз-тажик чек арасында дагы чыр чыкты


Ак-Сай айылы. 17-декабрь, 2013-жыл.
Ак-Сай айылы. 17-декабрь, 2013-жыл.

Баткендин Ак-Сай айылынын тургундары тарабынан буулган Ворух анклавына кеткен жол түнкү саат он экиден өткөндө ачылды.

Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук Ички иштер башкармалыгынын башчысы Анарбай Алимбаев билдирди. Маалыматты жергиликтүү тургундар да тастыктады.

Бейшемби күнү кечке жуук Ак-Сайдын ички жолун оңдоп-түзөө үчүн келген техниканы тажик чек арачылары айылга киргизбей койгонуна байланыштуу аксайлыктар Тажикстандын Ворух эксклавына өтө турган жолду бууп салган болчу. Натыйжада эки тараптан 200дөй киши чогулуп, абал чыңала баштаган.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Бакир Жолчиев Ак-Сайга барып, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн соң тажик жарандары жол куруучу унааны Ак-Сайга өткөргөн. Ошондон кийин гана топтолгондор тарап кеткен.

Жергиликтүү элдин айтымында, Ворухка кеткен жол буулгандан кийин тажик жарандары да Ош - Исфара жолундагы Жака-Өрүк участогундагы жолду торогонго аракет кылышты. Азыр аймакта абал тынч.

Таш-Тумшукта да такталбаган жолдун айынан чыр чыкты

Бүгүн 13-мартта Баткен районунун Ак-Татыр айыл өкмөтүнө караштуу Таш -Тумшук жана Үч - Дөбө айылдарынын жанында да кыргыз-тажик чек арасында тажик жараны тактала элек жолду оңдоп жатканда чыр чыккан. Эки тараптан тең эл топтолуп, жаңжал күч органдарынын кийлигишүүсү менен токтогон. Аталган эки айыл Тажикстандын Хожа-Аъло айылынын ичинде турат. Бул жерде үйүн тажик жарандарына сатып, көчүп кеткен учурлар көп.

Кыргыз-тажик чек арасындагы бул окуя Үч-Дөбө айылында Кубаныч Акматовдун үйүнөн анча алыс эмес жерде болгон:

- Бул жол кыргыздарга да, тажиктерге да таандык эмес. Нейтралдуу жол. Жол чек ара болуп эсептелет. Жол оңдойбуз деп 150 метр жерге 40 камаз топурак төгүп, ушундай иштерди баштады. Менин үйүмдөн 300 метр ары жакта. Бир жылдан бери токтотпой жатышат. Абал оор.

Ушул тушта окуя болгон жерге милиция кошумча күч жөнөттү. Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Улан Рысбековдун “Азаттыкка” билдиришинче, чыр эки тараптан тең күч органдары баргандан кийин басылды:

- Кыргыз тараптан 100дөй, тажик тараптан 150дөй адам чогулду. Ал жерге чек арачылар, милиция кызматкерлери барды. Топтолгондор арасында кайым айтышуу болду. Жаңжалды милициянын күчү менен токтотуп калдык. Биз өзүбүздүн элибизди, тажиктер өздөрүнүкүн тынчытты. Чек ара маселелери эртерээк чечилбесе, кырдаал өтө эле кооптуу.

Баткен районундагы Үч-Дөбө менен Таш-Тумшук айылы жанаша турат. Эки айыл тең Тажикстандын Хожа-Аъло айылынын ичинде калган. Бул жерде үйүн тажиктерге сатып, көчүп кеткендер өтө көп.

Таш-Тумшук айылында жашаган Бакыт Эргешов аймактагы маселелерге тийиштүү көңүл бурулбай жатканын, тажик айылынын ичинде калгандыктан эл кыйналып күн көрөрүн айтууда:

- Көчөлөрүбүздө тажиктердин чек арачылары жүрөт. Биз болсо бийликтерден чек арачы бергиле, булар биздин көчөлөрдү ээлеп алат деп суранып эле жатабыз. Үйүбүз курчоодо турат. Баткенге маселелерибизди айтып барсак минтип келбегиле дейт, же болбосо алдап, кууп жиберет. Бизди караган эч ким жок. Эл болсо үйүн сатып жатат. Мурда 500 түтүн болсо, азыр болсо 39 эле үй-бүлө калды. Менин эч нерсем деле жок. Орусияга барып иштеп келчүмүн, азыр эми чыга албай отурам. 85 жашка чыккан энем, беш балам бар. Үй-бүлөмдү таштап кете албай жатам.

Баткен районунун Көк-Таш, Ак-Татыр, Самаркандек айыл өкмөттөрү Тажикстан менен чек аралаш жайгашкан. Айрым жерлерде кыргыз-тажик үйлөрү аралашып эле кеткен. Күнүмдүк турмуш-тиричилиги деле аралаш өтөт, бири-биринин аймагын аралап өткөнгө аргасыз болушат.

Быйыл 11-январда Баткенде тажик айылдарын айланып өткөн жол курулуп жатканда куралдуу кагылыш чыккан. Тажик тарап жолду курууга каршы болуп, чек арачылары ок чыгарган. Мындан кийин кыргыз тарап чек араларын бир тараптуу жаап салган. Ушул тушта чырдуу жолду салуу иштери токтоп турат.
Буга жергиликтүү эл нааразы болууда.

XS
SM
MD
LG