Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:53

Мамытов: Чек араны ачуу боюнча кеп жок


Токон Мамытов Баткендеги жолугушууда. 19-декабрь, 2013.
Токон Мамытов Баткендеги жолугушууда. 19-декабрь, 2013.

Бишкекте кыргыз-тажик өкмөт өкүлдөрүнүн чек арадагы жаңжал боюнча сүйлөшүүсү аяктады.

Эки күнгө созулган сүйлөшүүдө буга чейинки 30-31-январдагы жолугушууда кабыл алынган протоколдун аткарылышы талкууланды. Жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу Токон Мамытов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди

"Азаттык": Токон мырза, эки күн бою Бишкекте кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча жолугушуу өттү. Анда эмне маселелер каралды жана кандай жыйынтыкка келдиңиздер?

Мамытов: Жолугушууда негизинен 31-январда Бишкекте кол коюлган протоколдун аткарылышын талкууладык. Анда кыргыз-тажик чек арасындагы коопсуздукту сактоо боюнча биргеликте иш алып баруу каралган. Мына ушуну улантып, эки өлкөнүн Чек ара кызматтары чек арадагы туруктуулукту, коопсуздук маселесин чечүү макулдашылды. Улуттар аралык кагылышууга, айрым чагымчыл аракеттерге жол бербей коопсуздукту коргоо боюнча биргелешип аракет көрүүнү уланталы деген жыйынтыкка келдик.

"Азаттык": Ал эми 11-январдагы чатактан соң жабылган кыргыз-тажик чек арасындагы өткөрмө бекеттерди ачуу тууралуу сүйлөшүү болдубу?

Мамытов: Бул жолугушууда аталган маселе каралган жок. Биз мурдатан айткандай, чек арадагы абал толугу менен турукташмайын эки өлкө ортосундагы өткөрмө бекеттер жабык бойдон кала бермекчи.

"Азаттык": Мына ушул чатактын чыгышына эки өлкө бири-бирин айыптап келе жатпайбы. Бул чырды иликтөөнүн жыйынтыгы белгилүү болдубу?

Мамытов: Жолугушуунун жүрүшүндө Тажикстандын жана Кыргызстандын Аскер прокурорлорунун маалыматын уктук. Анан аларга мындан ары да иликтөөнү улантуу тапшырмасы берилди. Буга чейин Тажикстан өз тарабына кылмыш ишин козгоп, иликтөөнү баштаган. Биз тараптан да кылмыш иши ачылып, тиешелүү иш-чараларды көрүп жатат. Анын эки тарап иликтөөнүн жыйынтыгы тууралуу бири-бири менен маалымат алмашат.

"Азаттык": Кийинки жолугушуу качанкыга белгиленди?

Мамытов: Кийинки жолугушуу бир айдын ичинде болот деп макулдаштык. Буга чейинки эки жолугушуу Бишкекте болду, эми кийинки жолугушуу Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында өтөт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG