Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:40

"Келин" күйөөгө эрте тийүүгө үгүттөйбү?


"Келин" тасмасынан тартылган сүрөт.
"Келин" тасмасынан тартылган сүрөт.

Укук коргоочулар жана бир катар жарандык активисттер Коомдук телеканалдагы “Келин” аттуу көп сериялуу тасманы көрсөтүүнү токтотууну талап кылышууда.

Укук коргоочулар жана жарандык активисттер Коомдук телеканалда көрсөтүлүп жаткан “Келин” аттуу индиялык сериал күйөөгө эртелеп чыгууну үгүттөйт деген жүйөнү карманууда.

Аталган каналдын жетекчилери сериалды эфирден алып салуу материалдык чоң чыгашага алып келерин айтышат.

55 жаштагы Райма “Келиндин" бир дагы сериясын калтырбай көргөнгө аракет кылат. Айтымы, ал жашаган айылда бул тасма өзгөчө популярдуу. Секелек кыздан 80деги кемпирге чейин сааттын жебесин аңдып, боло турган убактысын күтүшөт.

- Кичинекей неберем да “Эне, “Келин ” бүгүн болобу?” деп сурап турат. Бизге жакканы, кадимки турмуштагы окуя, кызга карата тарбиялык эпизоддор. Башында көп маани берчү эмесмин, азыр кызыгып көрүп жатам.

Ал арада Балдардын укугун коргоо боюнча активист Эркайым Садыкова Коомдук телеканалдан Индиянын “Келин” аттуу көп сериялуу тасмасын көрсөтүүнү токтотуу талабы менен социалдык тармактарда акция баштады. Ага Балдардын укугун коргоо лигасынын төрайымы Назгүл Турдубекова баштаган укук коргоочулар, активисттер да кошулду.

Садыкова Фейсбуктагы өздүк баракчасына “11-майдан тарта Коомдук телеканалдан “Келин” сериалы кайра көрсөтүлө баштайт. Бул тасманы көрсөтүүгө каршымын. Ансыз деле азыр өлкөдө педофилдер, балдарга зомбулук кылгандар көбөйүп жатса, кыздарды эрте күйөөгө бергенди үгүттөгөн тасманы көрсөтүүнүн эмне кереги бар?”, – деп коомчулукту тасмага каршы үгүттөөдө.

Аталган акциянын катышуучусу, жарандык активист Лейла Сейитбек калкты маалымат менен камсыз кылууда маанилүү орунду ээлеген Коомдук биринчи канал ириде эфирге чыкчу материалдын маани-мазмунуна көңүл бурушу керек деген пикирде:

- Мен бул акцияны толугу менен колдойм. Коомдук биринчи канал калкты маалымат менен кабар кылууда эң башкы ролду ойнойт. Ошондуктан, алар биринчи ирет аталган сериалдын коомчулукка пайда-зыянын карап чыгышы керек эле. Биз дайыма идеология жоктугун айтып келебиз. Бирок бул сериал аркылуу кандай идеологияны жайылтып жатабыз? Эрте турмушка чыгып, кордук көргөн секелек кыздын жашоосу биздин калкка кандай таасир этиши мүмкүн? Ушул нерселер эске алынган эмес.

Ушул тапта Фейсбук социалдык тармагында жайылган акция барган сайын күч алып, ага кошулгандардын саны да көбөйүүдө. Маселен, аталган акцияны “Аялдар демократиялык түйүнүнүн” өкүлдөрү да колдоп чыгышты. Учурда ал топко үч миңге чукул аял мүчө. Мындан сырткары, бир катар юристтер каналдын жетекчилигинен келишимдин көчүрмөсүн көрсөтүүнү өтүнүшүп, акысыз кеңеш берүүгө даяр экенин билдиришкен. Ошол эле учурда, аталган тасманын күйөрмандары анын эфирден алынып салынышына каршы болууда.

Буга чейин КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков “Келин” аттуу сериалды көрсөтүүгө келишим ал директор болгонго чейин түзүлгөнүн, эгер аны бузушса, материалдык чыгымы чоң болорун өздүк баракчасына жазып чыккан. Тагыраагы, сериалды көрсөтүү чечими өткөн жылдын июнь айында контрагенттер менен болгон келишимдин негизинде кабыл алынган. Бирок ал учурда түрктөрдүн “Даңазалуу доор” сериалы көрсөтүлүп жаткандыктан, “Келин” тасмасынын эфирге чыгышы бир нече айга кечиктирилип, натыйжада келишим өз учурунда аткарылбаганы үчүн айыппул 12 миң АКШ долларын чапчыган. Мындан улам, Илим Карыпбеков сериалды эфирден алып салуу чечими кабыл алынса чыгаша мындан да көп болорун баса белгилеп, так суммасын коммерциялык сырга негиздеп айткан эмес. Ал сериалга каршы чыккан акциянын катышуучуларын сериалдын коомчулукка моралдык жактан тийгизген таасирин аныктап чыгып, таасын жүйөлөрдү келтирсе деген пикирде:

- Азыр эми социалдык тармактарда кеңеш айтып, контрактты өзгөртсө болот деп айтып жатышат. Юристтер айткан нерсени мен деле билем. Мен да кесибим боюнча юристмин. Анын үстүнө сериалды көрсөтүү же көрсөтпөө бул менин эле жеке чечимим эмес. Контрагенттер менен болгон келишимге КТРКнын мурдагы директору Кубат Оторбаев кол койгон. Андан көрө, акциянын катышуучулары сериалды интернеттен деле толук көрүп чыгып, коомчулукка тийгизген таасирин мага конкреттүү, так жүйөлөрдү келтирип, айтышсын.

«Келин» - 800 сериядан турган индиялык тасма. Анда тестиер кыздын күйөөгө чыгышы менен андан аркы тагдыры сүрөттөлөт.

Адатта, Коомдук биринчи каналда көрсөтүлчү берүү, тасмалардын айрымдары каналдын көркөм кеңешинин текшерүүсүнөн өтөт. Алар материалдын мазмунун, идея, көркөмдүгүн көзөмөлдөгөндөн кийин гана каналдын жектекчилигине көрсөтүү же көрсөтпөө чечимин сунуш катары киргизишет. Бирок тасманын андан аркы тагдыры жектекчиликтин чечимине көз каранды. Аталган кеңештин төрагасы Бакыт Орунбековдун айтымында, “Келин” сериалы алардын кароосунан өткөн эмес.

- “Келин” аттуу көп сериялуу тасманы биз текшерген эмеспиз. Себеби, биз жетекчилик жиберген материалдарды, маселен, жаңы долбоор, тасма, берүүлөрдү гана карап чыгабыз. Бирок андан кийин аны жаратпай коюу укугу бизде жок. Болгону сунуш иретинде кайрадан аларга жиберебиз. Акыркы чечимди алар кабыл алышат.

Ушул тапта сериалдын 20дан ашык сериясы көргөзүлдү. Казакстанда аталган сериал өзгөчө популярдуу болуп, үч жылдан бери көрүүчүлөргө тартууланып келет. Буга чейин Коомдук канал түрктөрдүн “Даңазалуу доор” сериалын аягына чейин көрсөтпөй токтоткондуктан, айрым көрүүчүлөр "Келинди" да көрбөй калабызбы деп тынчсызданышууда.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG