Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:44

Элчи Жумалиев: АКШ менен алака экономикалык мүнөзгө өтөт


Кыргызстандын АКШдагы элчиси Муктар Жумалиев эки өлкө ортосундагы алака-катыштын айрым жагдайлары тууралуу “Азаттыкка” маек курду.

- АКШ “Манастагы” транзиттик жүк ташуу борбору үчүн Кыргызстанга канча доллар төлөйт, канча акча Кыргызстандын бюджетине түшүп жатат?

- “Манас” транзиттик жүк ташуу борборунун ижара акысы тууралуу маалымат ачык. Ага ылайык, 60 миллион долларга чейин каражат Кыргызстандын казынасына түшөт. Андан сырткары бул борбор аркылуу кыйыр түрдө бюджетке түшүп жаткан салым 200-300 миллион долларга бааланып келет.

- Бул база жабылабы же калабы?

- База боюнча позицияны биздин президент Алмазбек Атамбаев айтып келген. Анда эки тараптуу келишим 2014-жылга чейин толук аткарылат, андан кийин бул транзиттик борбордо аскердик өкүлчүлүк болбосун деген позицияны президент Атамбаев билдирген. Ошондуктан 2014-жылга чейин база Кыргызстанда болот. 2014-жылдан кийин бул база жарандык борбор, жарандык хабга айландыруу боюнча иш жүргүзүп жатышат.

- Демек америкалык база Кыргызстанда калышы мүмкүнбү? Макамы өзгөргөнү менен америкалыктар калат экен да, азыр ушул багытта иштеп жатасыңарбы?

- Ал багытта биз эч кандай сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн жокпуз. Биздин позициябыз бар. 2014-жылдан кийин базада аскердик өкүлчүлүк болбошу керек. Ошонун үстүндө гана иштеп жатабыз.

- Кыргызстандагы база Кыргызстан менен жалпы эле Орто Азия менен мамиле америкалыктар үчүн биринчи кезекте Ооганстан үчүн керек болчу. 2014-жылы Ооганстандан аскерлери чыккан соң АКШнын Борбор Азияга болгон кызыгуусу сууйт деген пикирлер бар. Сиз ушундай пикирлерге кошуласызбы?

- Мен андай пикирге кошулбайм. Ооганстан менен АКШнын ортосундагы өз келишимдери бар. Ушул жылы эле эл аралык кызматташуу боюнча жаңы келишимге кол койду. Аларга (оогандарга) чоң жардамдар берилет. Ал келишимде америкалыктар Ооганстанда 30 пайыздык аскердик өкүлчүлүгүн калтыруу да белгиленген.

Анын үстүндө бул эки өлкө иштеп жатышат. Мен АКШ да, Ооганстан да азыркы абалды туура баалап, туура карап жатат деп ойлойм. Андан башка аскердик кызматташуунун алкагында жардам берип, өзүн-өзү коргоосуна мүмкүнчүлүк түзгөнгө жардам берүү жаатында иштеп жатышат.

- Ал түшүнүктүү. Бирок Ооганстандагы согуш бүтүп, америкалыктар кетсе, Кыргызстанга АКШнын кызыгуусу азаябы же азайбайбы?

- Биз АКШ менен жүргүзүп жаткан сүйлөшүүлөр боюнча экономика жаатында активдүү кызматташтыкты өнүктүргөнгө аракет кылып жатабыз. Экономиканын ар кыл тармактарына инвестиция салууну суранып жатабыз. Алардын атайын программасынын негизинде инвестицияны ушул аймакка алып келип, ушул жерде өнүктүргөнгө аракет кылып жатышат. Биз ошонун үстүндө иштеп жатабыз.

- АКШдан Кыргызстан курал сатып алабы?

- Жок. Биздин эки тараптуу соода боюнча товар алмашуу 100 миллион долларга жетет. Анын ичинде 30 миллион долларга АКШдан машина алып келинет. Анан дары-дармек продукциялар келет. Бизден чыккан товарлар болсо негизинен текстиль тармагы. Мындан башка айыл чарба азыктары: өрүк, мейиздердин да АКШга экспорт болуп жатканы тууралуу эсептерибиз бар.

- Кыргызстан АКШдан “Дрон” же пилотсуз учактарды сураган эле. АКШ болсо алдын-ала “муну карап көрөлү” деп жооп берген. Бул маселе боюнча абал кандай?

- Бул маселени биз караган жокпуз. Жыл сайын биздин Тышкы иштер министрлиги менен АКШнын Мамлекеттик департаменти эки тараптуу карала турган маселелер боюнча консультацияларды жүргүзөт. Биздин консультацияларда андай маселе каралган жок.

XS
SM
MD
LG