Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:29

Чоң муштум күйөө үйдүн кутун качырат


Зомбулукка кабылгандардын 90 пайызын аялдар, андан кийин балдар, карылар түзөт.
Зомбулукка кабылгандардын 90 пайызын аялдар, андан кийин балдар, карылар түзөт.

​Кыргызстанда катталган үй-бүлөдөгү зомбулук фактылары 2009-жылдан бери 30 пайыз көбөйгөн.

Зомбулукка кабылгандардын 90 пайызын аялдар, андан кийин балдар, карылар түзөт. Адистер зомбулуктун көп катталып жатышына социалдык-экономикалык абал жана ички, тышкы миграция таасирин тийгизүүдө дешет.

Жашы кыркка чукулдап калган, бети-башы көгала Фарида жүзүн көрсөтүүдөн уялып, маанайы суз тосуп алды. Ал эки баласы менен кризистик борборлордун бирине качып келип, кызыл камчы күйөөсүнөн жашырынып жашоого аргасыз аялдардын катарын толуктады.

- Акыркы уруш "көчөгө чыкпа, эч жакка барба" дегенден чыкты. Кол көтөрөт, урат, сабайт. Башыма урат. Эч нерсеге карабайт. Мындай учур көп эле болгон. Үй-бүлөнү сактайын, балдар чоңойсо урганы калса керек деп өзүмдү артка тартып жүрө бердим. Азыр эми ажырашуу гана керек. Алган насыябыз да толтура, аны төлөй албай жатам дем күчүн бизден чыгарат. Мен да иштешейин, жардам берейин десем макул болбойт.

Бир кезде оорун колдон, жеңилин жерден алып, бактылуу түтүн булатабыз деп кол кармашкан жубайлар ушинтип ыдырап кетүү коркунучунда турат.

Чакан мамлекеттеги тоодой көйгөйлөр

Статистикалык маалыматтарга ылайык, 2009-жылдан бери үй-бүлө зомбулугу Кыргызстанда 30 пайызга көбөйгөн. Ал эми Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук башкы башкармалыгынын башкы тескөөчүсү Таалай Алижановдун белгилешинче, 2013-жылы зомбулукка байланыштуу 2500дөн ашуун учур катталса, былтыр бул сан 3126га жеткен.

- 2400дөн ашууну күч колдонуу, психологиялык зомбулук кылуу боюнча 700дөн ашуун факт катталган. Ал эми быйылкы эки айдын жыйынтыгы боюнча 517 учур катталган. Бул кайрылган жарандардын гана саны.

Кризистик борбордон жардам сурап келген аялдар аягына чейин чыдашканын айтышат
Кризистик борбордон жардам сурап келген аялдар аягына чейин чыдашканын айтышат

Адистер зомбулуктун көп болушу чакан мамлекеттин ыдырашына, башкача айтканда, үй-бүлөнүн ажырашуусуна алып барып жатканын белгилешет. 2014-жылы Кыргызстанда 55 251 түгөй никеден өтүп, 9276 үй-бүлө бирге түтүн булатууну токтоткон. Үстүбүздөгү жылдын бир айында эле 700гө жакын түгөй ажырашкан.

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин гендердик саясат боюнча бөлүмүнүн башкы адиси Айганыш Азисованын айтымында, зомбулукка кабылгандардын 90 пайызын аялдар, андан кийин балдар, карылар түзөт. Катталган фактылардын 70 пайызы күч колдонуу, 25 пайызы психологиялык басмырлоо жана 5 пайызы сексуалдык мүнөздөгү кордукка жана зомбулуктун башка түрлөрүнө туш болушат.

Аталган министрлик эксперттердин катышуусунда өлкөнүн аялуу катмарын коргоо жана сактоого багытталган мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Учурда ал өкмөттүн кароосунда турат.

- Биринчиден, өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалдын оордугу себеп болууда. Экинчиден, миграция, адамдардын деградация болуп кетиши.

Кендирди кескен каражат

Анткен менен эксперттер зомбулуктун алдын алуучу мамлекеттин бирдиктүү саясаты жок болуп жатканын сындашууда. Алар зомбулукка тушуккан аялдар үй-бүлөсүн эптеп сактап калуу максатында укуктарынын тебеленишине жол берип жатканын белгилешет.

Үй-бүлөлүк зомбулукту азайтуу жолдорун талкуулаган тегерек үстөлдө гендер маселелери боюнча эксперт Айна Мамбетова жер-жерлерге ишеним телефон же координациялык борборлорду ачуу зарылдыгын белгиледи.

- Бул маселе менен иштешүү расмий түрдө Социалдык өнүктүрүү министрлигине жүктөлгөн. Бирок ал жердеги потенциал жетишсиз болууда. Бул багытта болгону эки-үч киши иштейт. Мамлекет тарабынан зордук-зомбулукту жоюуга каржы бөлүнгөн эмес. Кыргызстанда 13 кризистик борбор болгону менен, алардын үчөө гана иштеп жатат.

Акыйкатчы институту 2013-жылы үй-бүлө зомбулугунан 12 адам мерт болгонун айтып чыккан болчу. Быйыл жыл башында эле күйөөсүнүн ур-токмогунан каза тапкан үч учур катталган. Саламаттыкты сактоо министрлиги үй-бүлөлүк зомбулуктан ооруканаларга кайрылгандардын саны да жыл санап өсүп жатканын билдирген. Эксперттер бул маселени алдын алуу үчүн коомчулукту жапа тырмак киришүүгө үндөдү.

XS
SM
MD
LG