Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 22:20

Спорт

13 жаштагы жылдын мыкты шахматчысы эмнеге өкүнөт?

Кыргызстан жаш таланттарга бай. Таласта шахмат оюну боюнча 2007-жылы Түркияда өткөн дүйнөлүк чемпионаттын катышуучусу, Греция, Кытайда Азия чемпионатында алдыңкы орундарга ээ болгон 7-класстын окуучусу, 13 жаштагы Келсинбек Исакжанов өткөн жылы облус боюнча жылдын мыкты спортчусу деп табылды.

Текст көлөмү - +
Келсинбек Исакжанов чоң атасынын колунда өсүп, эс алууга ата-энесине конокко келген экен.

- Келсинбек, шахматка кызыгуу эмнеден башталды?

- Мен кичинекей кезимде шахмат ойногон туугандарымдан, чоң атамдан көрүп, кызыга баштадым. Исакжан Бекбергенов чоң атам үйрөттү.

- Бул оюнду үйрөөнү менен бир топ ийгиликтерге жетипсиң. Түркия, Греция, Кытай, Орусияда болуп, ал жактын шахматчылары менен ат салышып келген экенсиң. Ошол жактын шахматчылары менен ойногондо кызыктуу, эсиңде калган окуяны айта аласыңбы?

- Мен Кытайда 2010-жылы кытайлык шахматчы менен ойногондо аябай кыйын абалга туш болгом. Ошол учурда ойлонуп ойноп жатсам “тең бололу”,-деди. Ага макул болбой ойной берип утулуп калгам.

- Өкүнүп калдыңбы?

- Ушул күнгө чейин эстегенде өкүнөм.

- Шахматчылардын ойногондо айырмалары кандай экен? Мисалы, Т үркия менен Кытайдын оюнчуларынын ортосунда кандай айырма бар?

- Кытайда Азия чемпионаты бир аз оңой. Ал эми Түркияда дүйнөлүк чемпионат абдан эле оор болду. 150 мамлекеттен шахматчылар катышып, жүрүштөрдүн баары башкача экен.

- 4 бир тууган экенсиң, бул өнөрдү өзүңдөн кийинки инилериңе да үйрөтүп жатасыңбы?

- Ооба, иним азыр 6 жашта, мен ага үйрөтө баштадым. Анан, кудай буйруса, ал ийгиликтерди көрсөтөт деп ишенем.

- Үйгө келген конокторду да жеңип койгон учурлар көп эле болсо керек, туурабы?

- Жуматай деген жездем бар, утулса да келген сайын шахмат ойногондон тажабайт. Анан үйдөн атам менен ойнойм, атам да ойногондон тажабайт.

- Эсеп канча менен бүтөт?

- Кээде турнир болбогондо утулуп калам. 4 партия ойногондо 3-1 менен аяктайт.

Сыймыкка бөлөнгөн ата-эне

Сөзгө Келсинбектин атасы Бекбай Бекбергенов аралашты.

- Бекбай мырза, балаңыздын талантын качан байкадыңыз?

- Байкемдин Айбек, Рысбек деген балдары бар. Алар да 6 жашынан тарта шахмат ойноп, ийгиликтерге жетише баштаган. Ошондон улам балам да кызыгып, “ата, шахмат ойногонду үйрөндүм” дегенде ойноп, ошондо биринчи жолу көрдүм.

Айбектин ийгилигинин бири - Араб мамлекетинде, Азия чемпионатында 3 орунга ээ болуп, коло медалдын ээси болгон. Ага чейин Кыргызстандын чемпиону болгон.

- Келсинбекти башка мамлекеттерге узатып, тосуп алып жаткандагы сезимдериңизден ой бөлүшсөңүз?

- Алгач Түркияга барганда апасы экөөбүз жөнөттүк. Кетип жатканда өзүнчө толкундануу болот экен да. Ал жерде эң кызык жери, айнектерден көрүнүп турат эмеспи, чек ара, бажы кызматкерлери текшерип жатса, элдин баары кетип артта калып, ошол жерден текшерилбей жүгүрүп кетип калып, чек арачылар кайра алып келип текшерип, анан өтүп жатпайбы.

Анан келе жатканда аябай толкундандык. Айнекти карап эле “качан чыгат” деп турасың. Ар бир бала эле ойлойт да, баласын жеңиш менен келет деп үмүттөнөт.

Мына жаңы жыл келди, эми экономикабыз өнүксө ушул спортчуларга көбүрөк көңүл буруш керек да. Анткени биздин Кыргызстанда мыкты спортчулар чыгат.

Келсинбектин апасы Айнура Бекбергенова:

- Бул балдарды тарбиялоо да чоң мээнетти талап кылат экен. Анткени аларды “мындай тур, мындай бас, сабагыңды жакшы оку” деп көзөмөл кылыш керек. Мисалы Келсинбекти Түркия, Кытайга, башка мамлекеттерге узатаарда алардын аба ырайына карап, кийимин даярдап берип, дары-дармектерин камдап, “муну мындай киесиң, тигини тигиндей киесиң, ден соолугуңду жакшылап кара” деп, өзүнүн бронхити бар, “муздак ичпе” дейм. Айтор көп мээнетти талап кылат да.

Келсинбектин устаты Замир Кыдыралиев:

- 2007-жылдан тарта Келсинбекти окутуп келем. Окуучулардын эң биринчилери десем жаңылбайм. Ошол жаңы келгенде 3 разряд болчу, азыр 2009-жылы майда биринчи ийгилиги болду, спорттун мастерлигине талапкерлигин жактады.

Ошентип ийгилик 5-класста эле башталды. 5-класста болсо деле чоңдордун арасынан экинчи орунду алган болчу. Былтыр болсо 14 жашка чейинкилердин арасынан улуу балдар менен ойноп, 12де болсо да алтын медалга ээ болду.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Көк көйнөк каяктан: Кыргызстан
30.01.2011 04:04
Баардык жаш талантарыбыздын жолу ачык болсун!
30.01-04.02.2011. Анталия-Турция. Шахмат боюнча 8-12 жаш улан-кыздар арасында Турция чемпионаты өтмөкчү. 12 жашта күч сыноого укук алган Акылга ийгилик каалап, жалпы журтубуздун колдооруна ишенебиз!
http://tyg2011.tsf.org.tr/

кимден: ТОКТОМАМАТ каяктан: РОССИЯ
29.01.2011 12:34
КЕЛСИНБЕК уулум азаматсын! кудайым берген талантын бар экен мындан ары да онорун оркундой берсин! КУДАЙ МАМЛЕКЕТКЕ муктаждык кылбасын финансыдан АТА ЭНЕНЕ куч кубат берсин!!!

кимден: журналист каяктан: кыргызстан
21.01.2011 14:32
кичинекей кыргызстан таланттарга бай, азыркы парламенттеги атайын маданият болуму, ушундай таланттарды чогултуп, озунчо конул буруп, окутса кандай жакшы, менин 8 жаштагы синдим бар, ал укмуштай сурот тартат, айтып берсен корбой эле кагаз бетине тушурот. мындай таланттар мамлекеттин колдоосуна муктаж. Келсинбекке окшогон жаштар Кыргызстанды которушот, биз аларды тушунбой, бир гана акча, бийлик менен эле жашап калбадыкпы, мени ушул окундуруп келет. Келсинбекке ийгилик каалайм.

кимден: nurlan каяктан: student
12.01.2011 04:21
men turkiyada okuym,bizdin universitet amerikan univeri anglische nemische turkcho toltura shahmat jonundo toltura kitep ushu balaga kantip jetkirsem bolot bir paydasi tiyebi ne deysinger?
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
12.01.2011 21:55
нурлан сага ыраазы болдум жардам бергин келиптир.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
12.01.2011 02:12
Azamat! Kandai sonun ushundai jangylyktardy okugan.
Saga chong chong iiglikterden kaalaim!

кимден: Тамара
12.01.2011 01:55
Келсинбеке жетишкен коптогон ийгиликтерди каалайм.Кыргыз элини намысын коргоп журо бер.
Азаматсын!
мындай жакшы жанылыктарды окуганда,кадимкидей кубанасын.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)