Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:39

Москва: алданган жаштар акчасын доолашууда


Москвага барган бүтүрүүчүлөр үйлөрүнө кантип кайтуу айласын таппай убара
Москвага барган бүтүрүүчүлөр үйлөрүнө кантип кайтуу айласын таппай убара

Кыргызстандык кыркка жакын мектеп бүтүрүүчүсү Орусиядагы ЖОЖго өткөрөбүз деген топко алданганын айтып, ИИМдин Москвадагы өкүлчүлүгүнө жардам сурап кайрылышты.

Азамат Москвага жатаканасы бекер, жылына 31 миң рубль төлөп окуй турган ЖОЖго өткөрөбүз деген убадага ишенип келген. 17 жаштагы улан “сентябрга чейин иштесем, окуунун акчасын чогултуп алам” деп ойлогон экен.

- Алгач М.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетине сынаксыз киресиңер деп айтышкан. Кийин Евразиялык ачык институтуна тапшырасыңар дешти. Башында жатакана бекер болот дешкен, кийин айына 3 миң рубль болду, бул жакка келгенде жатаканасы эле 7 миң рубль болгонун билдик. Контрагы башында 20 миң, анан 31 миң рублга чыккан, азыр 63 миң рубль деп айтып жатышат. Андан тышкары жол кире, чөнтөк чыгымдарды кошкондо 18 миңдей рубль кетти. Эми үйгө кайтуу үчүн билет сатып алганга акчабыз жок отурабыз.

Атын атабаган дагы бир өспүрүмдүн айтымында, Москвага чакыргандар абитуриеттерге жумушка киргизүү убадасын да беришкен. Ошол себептүү улан-кыздар Орусияга кирүү максатын миграциялык картада жумуш деп көрсөтүшкөн.

Бүтүрүүчүлөр берген акчанын тизмеси. Москва. 2015-жыл
Бүтүрүүчүлөр берген акчанын тизмеси. Москва. 2015-жыл

- Бул жакка келсек, Евразиялык ачык институту жабылып калыптыр. Азыр эми башка эле бир коллежди айтып жатышат... Эртең менен саат үчкө чейин окуйсуңар, андан кийин саат 7-8ге чейин иштеп, айына 25 миңге чейин айлык аласыңар дешкен. Пиццаканада официант же ашпоз болуп иштейсиңер дешкен.

Кийинки каарманыбыз Гүлиза окууга өткөрүү үчүн атасы ортомчуларга 18 миң сом пара бергенин да жашырган жок:

- “Шапкасына” деп 18 миң сом берген элек. Анан авиабилетти 13 миң 800 сомго алганбыз. Келип жатаканага 3800 рубль бердик. Тамак-аш өзүбүздөн. Евразиялык ачык институту дегени жабылып, эми коллеждге киргиле деп жатат. Анысынын контрагы 63 миң рубль экен. Сырттан окусаңар болот. Дем алыш күнү окуп, башка күндөрү иштесеңер 48 миң рубль төлөйсүңөр деп жатышат. Биз андай окууну каалабайбыз. Биздин чыгымдарды кайтарып беришсе болду.

Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө Орусиядагы окуу жайларга өтүүгө жардам берүү демилгесин Москвадан Сагина Мендулатова, Болот Арзыматов, Динара Приева жана Лариса Карнаева аттуу жарандар көтөрүп чыккан. Демилгечи топко Кыргызстандан Ош мамлекеттик университетте мугалим болуп эмгектенген Мурат Сыдыков да кошулган.

Бүтүрүүчүлөр Москвага келе жатканда иш менен камсыз болобуз деп ойлошкон
Бүтүрүүчүлөр Москвага келе жатканда иш менен камсыз болобуз деп ойлошкон

Уюштуруучулардын бири Сагина Мендулатова Кыргызстандын жаштарына билим алууга жардам берели деген ой менен ушул ишти башташканын айтууда.

- Лариса Карнаева менен Болот Арзыматов "билим берүү боюнча уюм ачып, ушул тармакта иштейли. Орусия менен Кыргызстандын ортосунда кадрларды даярдоо боюнча иштерди жүргүзүп, жаштарга билим алууга көмөк көрсөтөлү" дешти. Мен аялзатынын көйгөйлөрү боюнча иштейм десем, ага балдарды дагы кошолу дешкен. Ошондон баштап эле тааныштарга айта баштадык.

Бардык үмүт-тилектер Москвада билим берүү чөйрөсүндө бай тажрыйбасы жана таанышы бар деп айтылып жаткан 65 жаштагы Лариса Карнаевага байланган. Бирок ал Кыргызстандан келген кырк абитуриентти окууга кабыл алуу боюнча бир дагы окуу жай менен алдын ала расмий келишим түзгөн эмес.

Дагы бир демилгечи Болот Арзыматов өнөктөштөрдүн ортосунда туура эмес маалымат таркап, жыйынтыгында ушундай жагымсыз кесепеттерге туш болдук деди:

- Мамлекеттик эмес ЖОЖдор болсо дагы жакшынакай мамлекеттик диплом беришет экен. Ошондон улам Кыргызстандагы балдарды чакырып алалы деген ой келди. Ошентип, иш баштап жатсак, Кыргызстандагы өнөктөштөрүбүз башкача иш жүргүзүп, башкача маалымат беришиптир. Мен Евразиялык ачык институту жоюлуп жатканын мурунтан эле эскертип, бирок башка институттарга киргизели деп айткам.

Москвага окууга келүү үчүн айрымдары пара бергенин да айтууда
Москвага окууга келүү үчүн айрымдары пара бергенин да айтууда

Ички иштер министрлигинин Орусиядагы расмий өкүлү Аскат Алиев бул иш боюнча топтолгон бардык материалдар Кыргызстандагы башкармалыкка которулуп берилерин айтат.

- 19 бала окууга өткөрүүгө апам, атам акча берген деп жатышат. Мунун баары Ош шаарынын Кара-Суу районунда болгондуктан, ал жактагы жергиликтүү органдар текшерет. 8, 10, 18 миң бергенбиз деп, ар ким ар кандай айтууда. Москвадагы уюштуруучулар ал акчаларды көргөн эмеспиз дейт. Бул иш дагы каралып, такталып, каалагандар калып окушат, “жок, кымбат” дегендер Ошко учуп кетишет.

Учурда бул иштин чоо-жайы толук иликтенип бүткүчө мектеп бүтүрүүчүлөрүнө Кыргызстанга кайтуу сунушталууда.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG