Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:28

Москвада Кыргызстандын жарандары да кармалган


Орусия - Бирюлеводогу окуядан кийин кармалган мигранттар, Москва, 14-октябрь, 2013.
Орусия - Бирюлеводогу окуядан кийин кармалган мигранттар, Москва, 14-октябрь, 2013.

Москванын Бирюлево районундагы окуядан кийин кармалган кыргызстандык жарандардын сегизи бошотулду.

Элчиликтин маалыматына ылайык, тополоңдо кармалган миңден ашуун мигранттардын арасында жалпысынан 14 кыргызстандык жаран колго түшкөнү белгилүү болду. Кечээ элчилик Бирюлеводогу окуядан кийин кармалган мигранттардын арасында кыргызстандыктар жок экенин маалымдаган эле. Ушу тушта Москвада четтен келгендерди тыкыр текшерүү уланууда.

Москвадагы Кыргызстандын элчилигинин вице-консулу Алмаз Букалаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, учурда камакка алынган алты жарандын биринин соту бүгүн болот:

- Кечээ кечки саат 4төн баштап, бүгүн таңкы 4-30га чейин камактагы кыргыз жарандары менен жүрдүк. Азыр камакта калган беш баланынын маселесин дагы аныкташ керек, ал эми бирөөсүнүн соту бүгүн болот. Соту боло турган баланын Орусияда жүрө турган мөөнөтү ашып кетиптир. 18-сентябрда Орусиядан чыгып кетиши керек болчу. Чыкпагандыктан эрежени бузду деп административдик жаза берилмекчи. Сотко биз өтүнүч жөнөттүк, процесске барып катышабыз.

Букалаев тополоң чыккан жерден башка райондордо да текшерүү жүрүп жатканын, анда кыргыз жарандары бар-жогун аныктоо үчүн тыкыр көз салып, жергиликтүү бийликтер менен кызматташарын айтып берди:

- Ал жумушту такай эле аткарып турабыз. Негизи эле рейд жүрүп жатканда миграция боюнча кызматкерлер, полиция менен иштеп, кыргызстандык жарандар бар-жогун аныктап турабыз. Кечээ Бирюлеводогу окуядан кийин ошол түштүк административдик округдун ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары менен жолукканбыз. Андан чыгып алып Бирюлево районун кыдырып, ИИБине кирсек тогуз жараныбыз бар экен. Аларга жардам берип, сегизин дароо чыгарып алганбыз.

Бирюлеводогу окуядан кийин ошол райондо жашаган кыргызстандыктар менен “Азаттык” буга чейин байланышканда, кооптонуп жатышканын айтып беришкен эле. Москванын ортосунда жашагандар болсо кырдаал тынч деп билдиришти:

- Азыр эле интернеттен Бирюлеводогу тополоңго себеп болгон адам өлтүрүүнү Азербайжандын тургуну жасады деп шектелип жатат деп окудук. Кыргыздар көп деле чочулаган жок. Баары мурдагыдай эле.

Алмаз аттуу кыргызстандык жаран бүгүн Курман айт намазына барышканын, эл мурункудай эле келгенин маалымдады:

- Курман айтта мечитке адамдар келип, кетип жатат. Ошол Бирюлеводо эле ызы-чуу болбосо башка жер тынч эле. Андай-мындай деп эле айтып жатышат, бирок Кудай сактасын деп коюп эле жүрөбүз. Кыйналган эч кимди деле көрө элекмин.

Соңку учурда Орусияда миграциялык мыйзамдар катаалдады жана коомдо улутчул маанай күч алды. Ал ортодо Борбор Азия мамлекеттерине визалык каттам киргизүү демилгеси байма-бай көтөрүлүп келатат.

Расмий Кремль кыргызстандык жарандардын Орусияда ID карт менен жүрүүсүнө тыюу салынарын жарыялаган. Ага ылайык, 2015-жылдан тарта кыргызстандык жарандар Орусияга жалпы жарандык паспорт менен гана кире алышмакчы.

XS
SM
MD
LG