Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:46

Ишеним кебетеде эмес, көкүрөктө


Акыркы кезде дин жолуна, ыйман жолуна түшкөн адамдардын саны көбөйүп баратканы жакшы жышаан. Элибиз эзелтен ислам динин тутуп, анын ишениминде жашап келген. Ар бир адам динге болгон ишенимин биринчи кезекте көкүрөк тазалыгы, ыйман тазалыгы, пейил тазалыгы менен бирдей карап, исламдын көкүрөк агарткан жол-жобосун сактоого, жашоодо таза ниетке, нукура аруулукка умтулат. Ошону менен бирге эле ар бир эл өзүнүн түпкү маданий дөөлөттөрүн, салт-санаасын, дүйнө таанымын, улуттук өзгөчөлүгүн бапестеп келет. Менден эгер сенин ишенимиң эмне десе мусулманмын, улутум кыргыз деп жооп берер элем. Ислам дини өзүнүн табиятында тынчтыкты, адам менен адамдын таза мамилесин жактаган пакиза дин. Адам эң оболу дин ишенимин жандүйнө ишеними менен бекем байланыштырып, исламдын дөөлөттөрүн бекем сактоого аракет кылат.

Кыргызда “Чала молдо дин бузар” деген накыл кеп бар. Бул ата-баба сөзү да бекеринен айтылып калбаса керек. Диндин канондору менен жашоо эң оболу адамдын ички диний маданияты менен тыгыз каралат, дегеним, акыркы кезде шаар-кыштактарда ислам динин чала-моңол түшүнгөн адамдар, ашкере жол-жосун күтүп, келбетине жарашпаган чокчо сакалдарды коюп, кыргыз табиятына туура келбеген узун көйнөктөрдү, баш кийимдерди кийип “динчилбиз” дешип дин кадырын кетирип жатканын ачык эле айтып коюуга туура келет.

Мен деле кудай деген адаммын, баарыбыз деле мусулман баласыбыз. Аны жарыя кылуунун дале кажети жок, анткени, динибиз ар бир адамды сабырдуу болууга, ыйман жолунда жасаган ишин жалпыга жарыя кылып, шардана кылууга жол бербейт. Анткени Ыйык Куранда да адамдын жасаган изги ишин Алла Таала көрүп турат, Алла Таала баарын билет, Алладан өткөн эч ким жок деп айтылат. Жараткан көрүп турган ишти кайра эле шаңдануучуулук менен жарыя кылуу туура эмес болсо керек.

Коомчулукта динге карата мамиле таза болушу үчун, эң оболу өзүбүз таза болушубуз керек. Адам өзү таза болмоюн, диндин тазалыгын сактай албайт. Ислам дининде тазалык деген түшүнүк ички жана сырткы тазалык, көкүрөк тазалыгы. Көкүрөгүбүз ислам, көөдөнүбүз кыргыз болгондо гана биз, динибизди да, улуттук дөөлөттөрүбүздү да бекем сактап калабыз. Бир жолу өлкөбүздүн өкмөт башчысы Темир Сариев өтө чучукка жеткен, туура сөздү айтты. Бул сөз эл арасында кеңири айтылып келет. Бирок, өкмөт башчыбыз аны ачык айтып, ак сүйлөдү. Анын сөзүнүн маңызы, ишеним эң оболу көкүрөктөн, жүрөктөн башталат деген маанини туюндурат... Жүрөктөн башталган ишеним гана чыныгы ишеним... Ал эми “динчилбиз” деп бутуна кепичти илип, үстүнө узун кийим кийип, ээгине чокчо сакал койгондор эле ашкере дин туткан адам катары баалана бербейт, себеби Жаратканыбыз да ошол ишенимди ар бирибиздин көкүрөгүбүзгө салган. Көкүрөк ишеними баарынан жогору, баарынан бийик.

Кубан Кадыралиев, Бишкектин тургуну

XS
SM
MD
LG