Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:28

Тил комиссиясы: журналисттерге доомат көп


Адистер акыркы кезде журналисттер туура жазууну, туура сүйлөөнү билбей калганын айтууда.
Адистер акыркы кезде журналисттер туура жазууну, туура сүйлөөнү билбей калганын айтууда.

Президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы журналисттерге кыргыз тилинде сүйлөө жана жазуу эрежелери боюнча устаттык сааттарды өткөрүүнү болжоп жатат.

Мекеменин иликтөөлөрү көрсөткөндөй, журналисттер кыргыз тилиндеги сөздөрдү туура эмес сүйлөп, коомчулукту сабатсыздыкка түрткөн жагдай түзүлүүдө.

Кыргыз тил казынасындагы 50 миңден ашык сөздүн үч миңден ашуунун гана журналисттер колдонушарын жакында Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары иликтеп чыккан.

Жакында эле кыргыз телеканалдарынын биринде жарыя кылынган маалыматтын темасы “Сейил бактагы секин иштер...” деп жазылып туруптур. Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын адиси Тамара Абылкасымова эне тилдин күйөрманы катары жогорудагыдай катачылыктарды өзүнүн телефонуна тартып жүрөт экен:

Бир кабарчы: “ИИМ маалыматына ылайык, Токмокто киши өлтүрүлдү” деп жазып жатат. Демек, ошондо тиги кишини ИИМдин маалыматына ылайыктап туруп өлтүрүшкөн болобу?
Элмира Ажыканова

- Секин деген сөздү биз жылмаюу менен кабыл алдык. Аны сүрөткө да тартып алгам. Бул социалдык түйүндөрдө да кызуу талкуу жаратты. Журналисттер мындай сөздөрдү айтпашы керек да. Мисалы, секин деген сөздүн мааниси - “аста, акырын” дегенди түшүндүрөт. Ошондо “Сейил бактагы акырын иштер...” деген сүйлөм эмнени түшүндүрүп калат? “Сейил бактагы секиндин" ордуна жашыруун же тымызын, андан ары көркөмдөгүсү келсе "жең ичинен бүтүп жаткан иштер”, - деп айтса болмок да.

Абылкасымова айрым телерадиолордогу көңүл ачуучу берүүлөрдө иштеген алып баруучулар да көпчүлүк сөздөрдү туура эмес айтып, ошол сөздөрдү азыркы жаштар кеңири колдонуп жүргөнүн белгиледи:

- Менимче, күлкүмүштүү деген сөздү “тамашоучулар” сахнага алып чыкты окшойт. Мейли, алар тамаша иретинде колдонду дейли. Эми ошол эле сөздү кайсы бир медианын жүзү деп эсептелген айрым инсандар да сүйлөй баштады. Алар өз ойлорунда ошол кырдаалды жагымдуу учурга айлантам деп “күлкүмүштүү” деген сөздү колдонушат. Бул сөз туура эмес да.

Акын, журналист Элмира Ажыканова Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын журналисттерге айткан сынын туура деп эсептейт:

- Биздин журналисттер, мисалы, “Вьетнамда жер титирөө орун алды” деп жазышат. Анда кандай болуп калат, жер титирөө келип Вьетнамдан орун алып отуруп алдыбы? Жер титирөө орун албайт да, ал болот. Ушул түшүнүк да акырындап биздин сүйлөө речибизге кирип баратат. Ошол эле учурда дагы бир кабарчы: “ИИМ маалыматына ылайык, Токмокто киши өлтүрүлдү” деп жазып жатат. Демек, ошондо тиги кишини ИИМдин маалыматына ылайыктап туруп өлтүрүшкөн болобу? ИИМдин маалыматына караганда деп жазса туура болмок.

Ажыканова маалымат булактарында “быйыл базарда малдар арзандады”, “митингге элдер келди”, “түйшүктөр арбыды” деп көптүк түрдү билдирген сөздөргө да көптүк маанини берген мүчөлөр уланганы көнүмүш болуп баратканы ойлондурарын кошумчалады.

Мамлекеттик тил улуттук боюнча комиссиянын котормо бөлүмүнүн башчысы Аалы Молдокановдун айтуусунда, кыргыз тилинин эрежелерине туура келбеген айрым түшүнүктөр орус тилинен кыргыз тилине туура эмес которулгандан улам пайда болууда:

- Биздин маалымат булактарыбыз көбүнчө орустун сүйлөм түзүү ыкмасына карата өнүктү. Андыктан мамлекет жетекчилерибизден бери сүйлөмдү “я думаю," деп баштап жатпайбы. Аны биздикилер “мен ойлойм” деп чолок которуп, андан ары өз оюн баяндайт. Бул сүйлөм туура которулса, сөздү “менин оюмча” деп баштап, анан сүйлөм бүтүшү керек эле.

Аалы Молдоканов маалымдоо каражаттарында кесипкөй котормочулар жоктугунан улам маалымат айдыңында ушундай тантык сүйлөмдөр басымдуу болуп кеткенин, негизи орус тилиндеги сүйлөмдөрдү кыргыз тилине башынан эмес аягынан баштап чечмелеп которуу зарылдыгын кошумчалады.

Эгемберди Эрматов
Эгемберди Эрматов

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматов кыргыз тили жалпы өлкөгө массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү аркылуу тарай турганын, андыктан журналисттер кыргыз тилинин оозеки жана жазуу эрежелерине олуттуу мамиле жасашы зарыл экенин айтты:

- Мен жакында эле КТРКнын, ЭлТРдин жетекчилери менен сүйлөштүм. Биздин кээ бир телерадио тармагында иштеп жаткан журналисттерден бир топ кемчиликтер кетип жаткандай сезилет. Мага бул тууралуу жарандар жер-жерлерден телефон аркылуу болгон кайрылууларында айтып келишет. Ошол эле учурда маек алып жатышканда сүйлөп жаткан киши мите сөздөрдү аралаштырып жатса да оңдоп койбойт. Бул багытта журналисттер өз мекемесинде тайпаларды түзүп бизге кайрылса, биз кеп маданиятын үйрөтө турган адистерибизди жөнөтүп, устаттык сааттарды өткөрөт элек.

Эрматов бул сунушка өлкөдөгү башкы телерадио жетекчилери макул болгонун, эми Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын адистери сабак өтө баштарын айтты.

Жакында Улуттук илимдер академиясы кыргыз тилиндеги жыш колдонулган сөздөргө изилдөө жүргүзүп, 50 миңден ашык кыргыз сөз корунун үч миңге жетпеген сөзү гана такай колдонуларын аныктаган.

Маалымат жыйынынын соңунда Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө өздөрү чыгарган Константин Юдахиндин “Кыргызча-орусча сөздүгүн” жана туура жазуу эрежелери боюнча усулдук китептерин белек кылышты.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG