Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:43

Жакшы уктаган жакшы иштейт


Беларус парламентиндеги уйкулуу депутаттар. (иллюстрация)
Беларус парламентиндеги уйкулуу депутаттар. (иллюстрация)

Өткөн жумада айыл чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиевдин парламентте отуруп, көзү илинип кеткени тартылган видео тасма коомчулукта чоң талкуу жаратты.

4-декабрда Бажы биримдиги боюнча маселе талкууланып жатканда парламент жыйынында үргүлөп отурган аткаминердин видеосу интернетке тарап, социалдык тармактарда талкуу жараткан. Интернет колдонуучулар бийлик өкүлүн сындап чыгышкан болчу.

Видеодогу аткаминер, айыл чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиев ал күндөрү тумоолоп жатканына байланыштуу дары ичкенин, буга байланыштуу шайы ооп отурганын “Азаттыкка” билдирген:

- Министр жана башка орун басарлары Москвада иш сапарда болчу. Статс-катчыбыз көптөн бери ооруканада. Мен да ооруп аткам, бирок, башка жетекчи жоктугуна байланыштуу аргасыз иште болчумун, – деген Керималиев.

Буга чейин Башкы прокуратуранын коллегиясында Базар-Коргон районунун прокурору уктап кетип, мунун айынан кызматтан кол жууган. Июль айында Ысык-Көл облусунун жыйынында бир катар аткаминерлер уктап жатканы тууралуу сүрөттөр интернетке тараган. Бул кабар премьер-министр Жоомарт Оторбаевге чейин жетип, жергиликтүү жетекчилер сынга кабылган.

Адам канча саат укташы керек?

Адистердин айтымында, жүрөк - кан тамыр оорулары, инсульт, экинчи типтеги кант диабети уйкунун бузулуусунан улам келип чыгат.

Жакында эле Гарвард университетинин окумуштуулары "кечкисин же түнкүсүн кирпик какпай иштөө адамдын ишмердүүлүк жөндөмүн азайтып, жашоодо ийгиликке жетишүүсүн басаңдатат" деген тыянак чыгарды. Кеч жатып, аз уктаган кишилердин маанайы да төмөн болот дешет адистер. Алар уйкусу бузулган кишинин жалпы абалын алкоголдук ичимдикти көп ичип, мас болууга салыштырышат.

Республикалык психикалык саламаттык борборунун башкы врачы Кубанычбек Айдаралиевдин айтымында, адам жетиштүү уктабаса, анда жалпы саламаттыгы начарлап, психикасы да жабыркайт:

- Киши канчалык жакшы эс алса, мээси да ошончолук эс алып, маанайы, ой жүгүртүүсү, акыл-эси жакшырат. Адамдын саламаттыгы уйкуга аябай көз каранды. Уктабаган кишинин мээси эс албайт.

Медицинада уйку адамдын мээси үчүн пайдалуу деген теория бар. Бирок Рочестер университетинин илимпоздору мээ клеткалары эмнеге уйкуну талап кыларын так аныкташты. Адам уктабай жүргөндө мээнин нейрондорундагы уулуу протеиндер көбөйөт. Тилекке каршы, мындай уулуу заттарды тамак-аштын, же дары-дармектин жардамы менен чыгарууга мүмкүн эмес. Адам уктап, эс алганда гана токсиндүү протеиндер жуулуп, ордуна тазалары пайда болот. Уйкудан калуу же кеч жатуу мээнин функциясын басаңдатып, кандайдыр бир маалыматты кабыл алуу, аны анализдөө жөндөмүн азайтат жана чыгармачылыкты төмөндөтөт. Адистер уйкуну азайткан кишилердин дээрлик баары стресске учурайт дешет. "Эки-үч күндөн ашуун уйкусу бузулган киши сөзсүз түрдө догдурларга кайрылуусу шарт", - дейт Айдаралиев:

- Эки-үч же беш-алты күн уктай албаган киши сөзсүз түрдө адиске кайрылышы керек. Эгер кайрылбаса, психикасына доо кетиши мүмкүн. Кишинин жүрүм-туруму өзгөрүп, ачуулуу болуп, кыйкыра баштайт. Эмоциясы тез өзгөрөт. Жакындарына тили, кээде колу да тийип калышы ыктымал. Азыр бизде уйку жетишсиздигин дарылаганга жакшы мүмкүнчүлүктөр бар. Андыктан бул көйгөйдү эки-үч аптада чечсе болот.

Жетишсиз уйку гормондорду да талкалайт

Уйку бузулса адамдын жеке эле мээси эмес, жалпы саламаттыгы да жабыркайт.

Гарвард университетинин окумуштуулары жүрөк оорулары, инсульт, экинчи типтеги кант диабети жана семирүү илдети уйкусу бузулган кишилерде көп кезигерин аныкташты. Себеби, уктабаган адамдын организми стресске учурап, кортизол гормону бөлүнүп чыгат. Бул гормон адамдын иммундук системасы үчүн зыяндуу жана кишини өз курагынан кары көрсөтөт. "Кортизол теридеги коллаген менен протеин затын талкалайт. Тестостерондун деңгээлин көтөрүп, эркектерди тукумсуз кылууга жөндөмдүү", - дешет окумуштуулар. Күнүнө алты сааттан кем уктаган кишилерде ашыкча салмак илдетине чалдыгуу коркунучу 30 процентке жогорулайт. Анткени уйкусуздук адамда ачка болуу сезимин күчөтүп, грелин гормонун көбөйтүп, азыкты сиңирүүнү басаңдатат.

АКШнын Улуттук уйку фондунун адистери киши жок деген кеминде жети-тогуз саат укташы керек деген бүтүм чыгарган. Аталган фонд атайын изилдөө жүргүзүп, суткасына алты сааттан аз уктагандардын айынан АКШ жылына 63 миллиард доллар зыян тартып жатканын аныктаган. Talent Smart бирикмеси жакында эле бир миллиондон ашык кишини байкоого алып, алардын ичинен таланттуулары жана ийгиликтүүлөрүнүн 90 проценти уйку маалын бузбай эс алышарын аныктаган.

Адамдын сергек уйкусу үчүн адистер төмөндөгүдөй бир нече кеңеш беришет. Алардын эң башында уйкуну чакыруучу димедрол сыяктуу дарыларды ичпей, өзү уктаганга аракет кылышы керек. Кофе, чайды жатаарда ичпей эле койгон дурус. Алардын курамындагы кофеин мээдеги уйку чакыруучу заттардын функциясын басаңдатат. Күн сайын убагында туруп, өз маалында уктоо керек. Дем алыш күндөрү түшкө чейин уктоо адамдын саламаттыгына тескери таасир этет. Себеби, кишинин уктоо ритми бузулуп, эс албайт.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG