Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:21

Жикчилдер Донецк аэропортун алууну көздөөдө


Донецк аэропортунун үстүн кара түтүн каптоодо. 2-октябрь, 2014-жыл.
Донецк аэропортунун үстүн кара түтүн каптоодо. 2-октябрь, 2014-жыл.

Орусиячыл жикчилдер Донецк шаарында Украинанын өкмөттүк аскерлеринин көзөмөлүндөгү башкы аэропортту алуу аракетин улантууда. Украин тараптын ырастоосунда, учурда жикчилдер аэропортко кеңири масштабда чабуул коюп жатат.

Украин армиясынын басма сөз өкүлү Владислав Селезневдун ырастоосунда, алар кечээ кечинде жикчилдердин кеминде төрт чабуулунун мизин кайтарган. Уруш учурунда жикчилдердин жетөө мерт болуп, алардын бир танкы керектен чыгарылган.

Украин армиясынын өкүлү кошумчалагандай, бүгүн эртең менен уланган чабуул учурунда жикчилдер кайра эле танктарды, бир нече ракетаны, бир учурда атуучу системаларды, артиллерияны, минометторду колдонууда.

Өзүн "Донецк элдик республикасынын" "премьер-министри" жарыялаган Александр Захарченконун кечээги сөздөрүнө караганда, аэропорт аймагынын 90% азыр алардын көзмөлүндө, ал эми толук көзөмөл алдыдагы эки-үч күндүн аралыгында орнотулат.

Аэропорттун айланасында эле эмес козголоңчулар колундагы Донецктин өзүндө артиллериялык аткылоолордун үнү угулуп жатканы кабарланууда.

Орусиялык "Интерфакс" агенттигинин маалыматына караганда, шаардын эл жашаган аймактары артиллериялык аткылоолорго бүгүн да кабылды, кечээ андай соккулардан ондой кишинин өмүрү кыйылган, төрт адам мектептин аймагынан мерт болгон. Бул кан төгүү үчүн жикчилдер менен өкмөттүк күчтөр бири-бирин айыптоодо. Донецкте жаңы окуу жылы бир айга кечигип, кечээ башталган эле.

Ошентип, Донецктин аэропорту үчүн күрөш өкмөттүк күчтөр менен жикчилдер ортосунда 5-сентябрда ок атышууну токтотуу келишими жетишилгенине карабай жүрүп жатат.

НАТОнун жаңы дайындалган баш катчысы Йенс Столтенберг кечээ Брюсселде өзүнүн алгачкы пресс-конференциясында сүйлөп жатып Украинанын чыгышында ок атышууну токтотуу келишими “буга мүмкүнчүлүк берерин, бирок Орусия кырдаалды курчутуусун токтотот деген кепилдик” жоктугуна токтолду:

- Биз бүгүн Түндүк Атлантика кеңешинин жыйынында тегерегибиздеги коопсуздук кырдаалы өзгөргөнүн талкууладык. Чыгыш тарабыбызда - Украинада ок атышууну токтотуу боюнча келишим буга шарт гана түзүп берет, бирок Орусия Украинадагы кырдаалды дестабилдештирүү мүмкүнчүлүгүнө дагы эле ээ. Орусия эл аралык мыйзамдарды бузууну улантууда.

Столтенберг ошондой эле НАТОнун Орусия менен конструктивдүү мамиле курууга болгон умтулуусу жана бул уюмду бекемдөө аракеттеринин ортосунда эч кандай карама-каршылык жоктугун кошумчалады.

Бул аралыкта Германиянын канцлери Ангела Меркел 1-октябрда орус президенти Владимир Путин менен телефондон сүйлөшүп, эки өлкөнүн башчылары Украинада кан төгүү жана зомбулук токтобой жатканына тынчсыздануу билдиргенин немис тарап кабарлады.

Меркел телефон сүйлөшүүсү учурунда Путинге Москва Украинадагы жикчилдерди ооздуктоого милдеттүү экенин да айткан.

Германия канцлери ага катар Украина менен Орусиянын чек арасы көзөмөлгө алынып, бул иште ЕККУ уюму башкы ролду ойноосу зарылдыгын белгилеген.

XS
SM
MD
LG