Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:58

Путин менен Порошенко Минскте жекеме-жеке сүйлөштү


Президент В. Путин (солдон экинчи) президент П. Порошенко менен саламдашууда. ЕБнын тышкы иштер комиссары К. Эштон (солдон биринчи) жана казак президенти Н. Назарбаев (ортодо). Минск, 26-август
Президент В. Путин (солдон экинчи) президент П. Порошенко менен саламдашууда. ЕБнын тышкы иштер комиссары К. Эштон (солдон биринчи) жана казак президенти Н. Назарбаев (ортодо). Минск, 26-август

Президент Петро Порошенко Украинанын чыгышындагы жикчилдер менен чатакты тез арада токтотуу боюнча планды даярдайт.

Ал мындай билдирүүнү 26-августта Минскте орус президенти Владимир Путин менен жүзмө-жүз өткөн эки сааттык кездешүүдөн кийин жасады.

Президент Петро Порошенко сүйлөшүү “абдан оор жана катаал” болгонун, бирок Киевдин тынчтык планын анын катышуучулары тегиз колдошконун баса белгиледи. Ал кабарчыларга билдиргендей, жикчилдер менен тирешүүлөрдү мүмкүн болушунча тезинен токтотуу максатында элдешүүгө жетишүүнүн жол картасы даярдалат.

“Украина бүгүн тынчтыкка муктаж,- деди президент Порошенко кабарчылар алдында сүйлөп. - Краснодондун, Луганск, Донецк, Первомайск, Брянканын тургундарына тынчтык керек. Бул шаарлардын калкы азыр баскынчылардын кол астында, эл 21-кылымда согуштук абалда жашагандан тажады. Ошон үчүн алар Украин жерине тынчтык алып келчү чечкиндүү кадамдардын жасалашын талап кылышууда.”

БУУнун маалыматы боюнча, украин армиясы менен орусиячыл жикчилдердин Донецк жана Луганск облустарында апрелден бери болуп жаткан согушунда 2100дөй адам набыт болду, 1-августка карай 280 миңдей адам бозгунга айланды.

Владимир Путин өз кезегинде элдешүүгө жетишүү Киев менен козголоңчулардын ички иши, ага биздин тишебиз жок деп белгиледи. Бирок тынчтык жараяны башталса, аны Орусия ар тараптан колдоорун айтты:

- Биз ок атууну токтотуунун эч кандай шарты, Киев, Донецк жана Луганск арасындагы ыктымал келишим жөнүндө сөз кыла албайбыз. Бул биздин ишибиз эмес, бул Украинанын ички иши. Биз мүмкүн болчу жана аябай зарыл сүйлөшүү бири-бирине ишенүү менен өтчү жагдайды түзүп бере алабыз. Биз ушулар тууралуу сүйлөштүк.

Батыш өлкөлөрү Орусияны Чыгыш Украинадагы жикчилдерди каруу-жарак менен камсыздайт деп күнөөлөгөн. Москва андай сөздү куру доомат ирети четке каккан. Деген менен Минск сүйлөшүүсү башталар алдында Украин армиясы өлкө аймагында кармалган он орус десантчысы сурак берип жаткан видеону жарыялады. Орусиянын коргоо министрлигинин ырасмийлеринин айтымында, солдаттар Украинанын ичине чек аранын жакшы белгиленбеген бөлүгүнөн өтүп кеткен.

Владимир Путиндин кабарчыларга айтымында, Порошенко экөө өтө талуу маселе - Украинаны газ менен камсыздоо боюнча сүйлөшүү өткөрөлү деп да макулдашты. Евробиримдик катышкан энергетикалык сүйлөшүү, Порошенконун сөзүнө караганда, 6-сентябрга мерчемделди. Биримдик Орусиядан алчу газдын негизги бөлүгү Украина аркылуу өтөт.

26-августтагы Минск сүйлөшүүсү Москванын тынчын алган дагы бир маселени кашкайтып көрсөттү. Евробиримдик Украина менен түзүлгөн Ассоциациялык келишимге байланыштуу Орусияны кыжаалатка салган суроолор боюнча иштешүүгө макулдук берди. Эгер бул маселе жоопсуз калса, Путиндин сөзүнө караганда, Москва тийиштүү чара көрмөк.

Порошенко жана Путин чек ара көзөмөлүн күчөтүү үчүн эки өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы жана Чек ара командачылыгы деңгээлинде сүйлөшүүлөрдү өткөрөлү деп да макулдашты. Анткени ырасмий Киев Украинанын чыгышындагы кандуу булоонду токтотуу жана жагдайды стабилдештирүүнүн бирден бир жолу - чек арада эффективдүү көзөмөлдү түзүү деп жаткан.

Украина жана Орусия лидерлеринин Минкстеги сүйлөшүүсүнө ошондой эле Беларус президенти Александр Лукашенко, казак президенти Нурсултан Назарбаев жана Евробиримдиктин тышкы иштер комиссары Катерин Эштон айым катышты.

Бул сүйлөшүүдөн кийин Порошенко жана Путин көзмө-көз да жолукту.

Ассошиэйтед пресс агенттиги Финляндиянын тышкы иштер министрине шилтеп маалымдагандай, июнь айында Финляндияда Орусия жана АКШ Украин кризиси боюнча жашыруун сүйлөшүү өткөргөн. Августтун башында Финляндиянын президенти Сауле Нийнисте Владимир Путин менен кездешип, кийин Киевге Порошенко менен сүйлөшкөнү барган. Нийнистенин кеңсеси 26-августта билдиргендей, финн президенти Украинадагы абалды жөндөөгө багытталган Орусия-АКШ арасындагы купуя сүйлөшүүгө катышкан эмес.

Минск: Путин менен Порошенко бетме-бет сүйлөштү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:59 0:00

XS
SM
MD
LG