Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:35

Чикагодо кыргызстандык жигитти атып кетишти


Абылбек Ызабеков ооруканада жаткан сүрөтү. Сүрөт Фейсбуктан алдынды.
Абылбек Ызабеков ооруканада жаткан сүрөтү. Сүрөт Фейсбуктан алдынды.

АКШнын Чикаго шаарында пицца ташып иштеген кыргызстандык жаранды 11-ноябрга караган түнү белгисиз бирөөлөр атып кетишти.

31 жаштагы Абылбек Ызабеков шейшембиде Чикагонун Advocate Lutheran General Hospital деген ооруканасында алган жараатынан өзүнө келбей көз жумган.

11-ноябрга караган түнү болгон окуя тууралуу Абылбектин жакын досу, аны менен чогуу жашаган Хайрулло Кокиев "Азаттыкка" телефон аркылуу буларды айтып берди:

- Абылбек менин акемди ээрчитип, үйдөн саат ондо чыгып кеткен. Ал акеме пицца ташып иштегенди үйрөтмөк. Анан биздин үйдүн жанынан бирөө пицца заказ кылган. Абылбек пиццаны алып үйгө кирип кеткенде көчөдө калган акемди белгисиз бирөөлөр келип коркутуп, “жаныңда болгондун баарын бер” деп талап кыла башташкан. Ошол маалда Абылбек келип калат. Кылмышкерлер качат. Абылбек тап берсе керек, артка бурула басканда тигилер атып жиберишкен экен. Алар эки жолу акеме жана Абылбекке ок чыгарышыптыр. Абылбекке ок мойнуна тийген экен.

Хайрулло алыскы Америкага Абылбекти өзү кандайча чакыртканын эскерди.

- Менин АКШга келгениме алты жылга чамалап калды. Өткөн жылы Кыргызстандан бир адамды алып келүүгө мүмкүнчүлүк болду. Ал жактагы иним менен кеңешсем Абылбектин жумушу жок жүргөнүн айтып, аны сунуш кылды. Абылбектин өзү менен сүйлөшсөм макул болду. Жаңы келгенде баары оңой эместигин айтып, башында бир аз кыйналарын, сабыр керектигин түшүндүрдүм. Январдан бери документтерин тууралап, иш издеп жүрдү. Кийин пицца ташып иштейт элем дегенинен машине сатып бергем. "Борбор жакка барып иште, бул жумушуңан жумасына болгону 200$ тапсан, ал эмнеге жетет" десем укпай койгон. "Мама мия" деген пиццерияга ишке киргенине бир ай боло элек болчу/

Хайрулло төрт саат бою Чикагонун полициясына көрсөтмө бергенин кошумчалады.

Маркумдун бир тууган агасы Алымбек Кыргызстандан Чикаго шаарына инисинин сөөгүн таанууга учуп барды. 31 жаштагы Абылбектин мекенинде апасы менен эки карындашы, агасы калды.

Бул каргашалуу окуя боюнча Кыргызстандын АКШдагы элчилиги тиешелүү чараларды көрүп, полиция жана башка органдарга кат жөнөткөнүн Кыргызстандын Вашингтондогу консулу Алтынай Сакеева билдирди.

- Биз окуяны уккандан бери Абылбектин достору, Кыргызстандагы агасы менен байланышып турдук. Мен жаңы эле Чикагого учуп келдим. Бул жактагы кыргыздар да колдон келген жардамын кылып жатышат. Биз бардык органдарга кат жөнөткөнбүз. Азыр мен полиция менен жолугам.

Кошмо Штаттарда 18 жылдан бери жашаган «Кыргызстан-Америка» альянсынын жетекчиси Арстанбек Саргалдаев Абылбек Ызабеков АКШдагы киши колдуу болуп жарыкчылык менен коштошкон биринчи кыргызстандык экенин айтты^

- Менин билишиме караганда киши колдуу болуп каза болгон бул биринчи окуя. Буга чейин албетте авто кырсык же болбосо ар кандай оору-сыркоо, башка бир кырсыктан набыт кеткендер болгон. Бирок бирөөлөрдөн ок жеп өлгөн мекендештерибиз болгон эмес. Бул көчө каракчыларынын колунан келген иш окшойт. Бул жакта мексикалык кылмыштуу топтор бар. Кол салгандар ошолордон деп айтылууда. Алар негизинен 18-19 жаштагы балдар, көчөдө ар кимди коркутуп, 60-70 доллар үчүн бирөөлөрдү тоноп, сабап кете беришет. Мындай окуялар өзгөчө Калифорния, Техас жана Чикаго жактарда кездешет. Биздин мекендешибиздин да ушундай окуяга кабылганы өкүнүчтүү.

Маркум жигит менен бирге жашаган Хайрулло Кокиев Абылбек үйлөнө электигин, Кошмо Штаттарга ушул жылдын январь айынын этегинде келгенин кошумчалады.

Чикагонун маалымат каражаттары кабарлагандай, кыргызстандык кырчындай жигиттин өмүрүн алган кылмышкерлер табыла элек. Американын CBS телеканалы көрсөткөн видеотасмада Абылбек айдап барган машине көрсөтүлүп, окуяны көргөндөр түнкү саат 12 жарымдарда көчөдө кишилер көп эле жүргөн чакта ушундай адамды нес кылган киши өлтүрүү кандайча болгону баяндалат.

Учурда жергиликтүү полиция кол салгандарды издөө иштерин улантып жатканы байма-бай кабарланууда.

XS
SM
MD
LG