Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:35

КЫРГЫЗСТАН ЭНЕРГЕТИКАЛЫК КРИЗИСТЕН КАНТИП ЧЫГАТ?


Кыргызстан азыр электр кубатын, суу ресурстарын үнөмдүү пайдаланбаса жана бул багытта кошумча чаралар көрүлбөсө Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү келерки кыш айларында эле эң төмөнкү чекке түшүп кетиши мүмкүн. Жылуулук аздыгынан мектеп окуучуларынын кышкы эс алуусу да узарышы ыктымал. Бул тууралуу алдыдагы кышка даярдык маселелери талкууланган өкмөттүн бүгүнкү жыйынында айтылды.

Жыйында Токтогул суу сактагычындагы азыркы абал жана кышка даярдык маселеси боюнча өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбеков баяндама жасады. Министрдин айтымында, Токтогул суу сактагычында азыркыга чейин 9,2 миллиард куб метр суу топтолгон. Бул мурда болжолдонгондон 1 миллиардга аз. Бул багытта кошумча чаралар көрүлбөсө суу сактагычтагы суунун көлөмү келерки январь айында эле эң төмөнкү 5,5 жарым миллиард куб метрлик чекке түшүп кетиши мүмкүн.

- Суу сактагычтагы суунун төмөнкү чекке түшүп кетүүсүнө жол бербеш үчүн тиешелүү чараларды көрүшүбүз керек. Буга байланыштуу биз республикада 1-августтан келерки жылдын мартына чейин электр кубатын керектөөгө жаңы лимит киргизүү маселесин иштеп чыктык. Анда азыркыга чейин колдонулуп келген лимитти дагы 30 пайызга азайтуу каралган.

Министр Сапарбек Балкыбековдун айтымында, бул Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээлин өтө төмөн түшүп кетүүсүнө жол бербөө үчүн жасалууда. Бул аралыкта суу сактагычтан чыккан суунун көлөмү 7, 8 миллиард куб метрден ашпоого тийиш.

Жыйында ошондой эле алдыдагы кыш үчүн 600 мегаватт электр кубатын үнөмдөө зарылдыгы айтылды.

Өкмөт башчы Игорь Чудинов болсо бул үнөмдөө электр кубатын жапырт өчүрүүгө алып келбеши керектигин белгиледи:

- Биз канча электр кубатын үнөмдөй алабыз жана аны каяктан алабыз, мен кайра эле электр кубатын жапырт өчүрүүгө баратканыбызды сезип турам. Бирок андайга жол бербешибиз керек.

“Электр станциялары” ачык акционердик коомунун жетекчиси Бакирдин Сартказиев болсо бул үнөмдөөнү өзүмдүк үйлөрдөгү электр менен жылытууларды өчүрүүнүн жана мектептердеги кышкы эс алууларды узартуунун эсебинен жасоо мүмкүндүгүн, муну менен экономиканын өсүү темпин төмөндөтүүгө жол берилбестигин белгиледи.

Жыйында кошуна өлкөлөрдөн электр кубатын алып туруу боюнча да сөз болуп, мындай мүмкүнчүлүк бир гана Өзбекстанда бар экени айтылды:

- Тажикстандын өзүндө суу тартыш, Өзбекстан менен күзгө чейин сүйлөшүүлөрдү жүргүзсөк болот, аларда азыр сугат суу маселеси боюнча абал кыйын. Казакстанда болсо бул багыттагы ишканалар коммерциялык болгондуктан биз нак акча төлөй албайбыз, Орусиядан болсо алып келүү кымбатка турат.

Бакирдин Сартказиевдин мындай жообунан соң премьер-министр болсо тиешелүү тараптарга бул багытта кошуна өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү тапшырды.

Мындан сырткары жыйында табигый газдын баасын да өзбек тарап азыркыдан эки эсеге кымбаттатуусу күтүлүп жатканы айтылды. Акырында бул маселе боюнча токтом кабыл алынып, анда тиешелүү тараптарга жаратылыш газына, көмүргө жана мазутка баалардын өсүшүнүн дүйнөлүк тенденциясын эске алуу менен республиканын отун-энергетика комплексинин ишканаларын мамлекеттик колдоону кароо зарылдыгы, ар бир шаарда жана райондук борбордо калкка көмүр сатуучу кампаларды ачуу, окуу жайлардагы кышкы эс алууну 25-декабрдан 1-мартка чейин узартуу мүмкүндүгүн кароо сыяктуу милдеттер жүктөлдү.

Айрым талдоочулардын баамында, мындай шартта алдыдагы кыш Кыргызстан үчун бир топ эле кыйын болчудай. Алардын пикиринде, өлкөдөгү энергетикаклык каатчылыкка суу тартыштыгынан мурда, сууну башкарууга болгон шалаакылык, энергетика тармагындагы башаламандык да негизги себеп болууда.

- Мурдагы жылдарда Өзбекстан менен Казакстандын суроосу менен электр кубатын ашыкча сатуу менен 4 миллиард куб метр сууну кошумча берип жибергенбиз. Ошонун айынан эми Токтогул суу сактагычын толтура албай, минтип кризиске кептелип отурабыз. Суунун башында турганыбыз менен өз суубузду башкара албай, кошуна өлкөлөр менен сууга байланышкан мамилебизди жөнгө сала албай бүт дүйнөгө уят болуп келебиз.

Суу-энергетика маселелери боюнча эксперт Базарбай Мамбетов ошондой эле Кыргызстан бул багытта катуу стратегия иштеп чыгып, кошуналар менен ошонун негизинде мамиле жасашы керектигин да кошумчалады.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG