Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:22

ЛИТВАНЫН ЖАҢЫ ПРЕЗИДЕНТИ ШАЙЛООНУН ЭКИНЧИ АЙЛАМПАСЫНДА АНЫКТАЛАТ.


Жекшембиде Литвада президенттик шайлоонун биринчи туру өткөрүлүп, анын жыйынтыгында азыркы президент Валдас Адамкус менен мурдагы премьер-министр Роландас Паксас экинчи айлампада ат салышмай болушту.

Литванын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Зононас Вайгаускас шайлоонун алгачкы айлампасынын жыйынтыгы тууралуу дүйшөмбүдө мындай деп жарыя кылды: “Жумурияттын президенти шайланган жок. Биз шайлоонун экинчи айлампасын өткөрөбүз, ага алгачкы турда көбүрөөк добуш алган талапкерлер катышат. Алгачкы санак жыйынтыгына караганда, бул талапкерлер – Валдас Адамкус менен Роландас Паксас”.
Аталган талапкерлердин бири Адамкус – 76 жашта. Ал 1944-жылдын соңунда бозгунчулукка кетип, Литвага 1997-жылы гана кайтып келген жана 1998-жылы 4-январда президенттик шайлоонун экинчи айлампасында быйылкы атаандаштарынын бири Артурас Паулаускасты жеңген. Ал эми 46 жашар инженер жана учкуч Паксас быйыл эле Либерал-демократиялык партияны негиздеген.
Биз “Азаттыктын” Литва кызматынын өкүлү Виргис Валентинавичюсту Прагадагы студиябызга чакырып, соңку окуялар тууралуу пикирин айтып берүүсүн өтүндүк.
- Виргис, шайлоонун алгачкы айлампасынын жыйынтыгы литвалыктар үчүн күтүүсүз болдубу?
- Адамкус үчүн шайлоочулардын 35 пайызы добуш берди. Бул – күтүлгөн эле жыйынтык. Паксастын экинчи орунда келиши – башка кеп. Дал ушул жаңылык таң калтырбай койгон жок. Ал эки жолу өкмөт башчысы болгон жана ар кыл себептер менен эки жолу тең бул кызматынан кетүүгө аргасыз болгон. Паксастын экинчи орунда келиши –акчаң, каражатың көп болсо, Литвада өтө бийик мартабага чейин дагы эле көтөрүлө алаарыңды айгинелеп койду. Паксас өзү жүргүзгөн шайлоо өнөктүгү – чабуулчул мүнөзү менен айырмаланды. Адамкус болсо шайлоо өнөктүгүн атайылап деле жүргүзгөн жок.
- Виргис, литвалыктардын шайлоого өтө аз катышуусунун себеби эмнеде? Маалыматтарга караганда, шайлоочулардын 50 пайыздайы гана биринчи айлампада добуш беришкен экен...
- Шайлоочулардын добуш берүүгө өтө төмөнкү деңгээлде катышуусу, биринчи кезекте, азыркы мамлекет башчысы Адамкустун жеңиши көпчүлүктү күмөндөр кылбаганынан улам болду. Ошону менен катар, ал экинчи айлампага калаары да көпчүлүк үчүн айкын болчу. Баары бир алгачкы айлампада ал толук жеңип чыга алмак эмес. Экинчи жагынан алганда, башка талапкерлердин жактоочулары деле өз жигердүүлүгүн көрсөтүшкөн жок. Балким, алар өз талапкеринин утаарына көзү жетпегендиктен пас маанайда болушкандыр. Экинчи айлампада, менимче, Адамкустун жактоочулары азыркыдан алда канча жигердүү катышат ко деп ойлойм.
- Рахмат, маегиңизге!
Литвада президенттик шайлоонун экинчи айлампасы январь айында өткөрүлмөкчү.

XS
SM
MD
LG