Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:26

МАЙЫП БАЛДАР ОКУУГА ЗАР


Чолпон Орозобекова, Бишкек Кыргызстанда учурда 17 миңге чукул майып бала бар. Алардын билим алышы үчүн мамлекет бир нече атайын мектептерди жана реабилитациялоо борборлорун ачкан. Бирок, бейөкмөт уюмдар жүргүзгөн иликтөөлөргө караганда майып балдардын көбү окубайт. Ата-энелердин майып баласын атайын мектепке бергенге же үйүнөн окутууга шарты жок. “Шоола-көл” бейөкмөт уюму сурамжылаганда майып балдар да, ата-энелери да кадимки мектепке дени-карды соо балдар менен теңкатар окутуу маселесин көтөрүшкөн. Бирок, буга Кыргызстанда азырынча ыңгай-шарт жок.

Кыргыз өкмөтү майып балдардын акыбалын ондоо ниети менен баш аягы 17 токтом жана жоболорду жана улуттук программаларды кабыл алыптыр. 2001-жылы кабыл алынган “Жаңы муун” программасында майып балдарды коомго аралашатырып, билим алуусуна кеңири мүмкүнчүлүк түзүүгө көп көңүл бурулган. Бирок, тилекке каршы бул ойлордун ишке ашышы үчүн бир да тыйын каралган эмес. “Жаңы муундун” эксперти Татьянанын айтымында, Кыргызстанда каражат тартыштыгынын айынан бул программаны колдоого акча бөлүнбөй атат. Бул мамлекеттик программанын үч жеринде майып балдардын окутууга жана коомчулук менен камыр-жумур кылып чоңойтуу жагы айтылган. Совет убашынан бери Кыргызстанда майып балдар атайын мектептерге барышат же үйүндө билим алышат. 28-августта “Акипресс” агенттигинде эл аралык жана бейөкмөт уюмдар катышкан жыйында окууга жөндөмдүү майып балдар мектепке бара албай калганы тууралуу сөз болду. “Шоола-көл” бейөкмөт уюму “Фридом хауз”, ЕККУ өңдүү эл аралык уюмдардын колдоосу менен Ысык-көл дубанында иликтөө жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында майып балдардын 42% ар кандай себепке байланыштуу билим алуу укугунан ажырап калган.

Эмгек жана социалдык коргоо министринин орун басары Өктөмхан Абдуллаеванын билдиргенине карганда учурда республикада майып балдар үчүн эки атайын мектеп бар. Бири Бишкекте, экинчиси Ошто. Анда 200 бала билим алууда. Мындай мектептен алыс жашагандар баласын атайын ыңгайлаштырылган окууга бере албай калат. Министрдин орун басарынын айтымында кыргыз өкмөтү деле өнүккөн мамлекеттерге окшоп майыптарды өзүнчө бөлбөй кадимки мектепте окутууга далалат кылууда. Бул тууралуу былтыр кабыл алынган майып балдарды колдоо боюнча улуттук программада да белгиленген дейт Абдуллаева. “Шоола-көл” уюмунун башчысы Антонина Линин айтымында, кадимки мектепке окутканда дагы бир көйгөй пайда болушу ыктымал. “Майып баланы курбалдаштары кемсинтип шылдыңдаган да учурлар болот” дейт ал. Бирок мындай пикирге кошулбагандар да бар. Майып балдардын энелеринин ассоциациясын башкарган Тамара Дыйканбаева алты саны аман балдар менен кадимки мектепте окуш майып бала үчүн чоң бакыт деген оюн айтты.

Анын пикиринде мамлекет мектеп курганда майыптардын муктаждыктарын эске алса, майып балдардын окутуу проблемасы чечилмек. Анын кызы Зейнеп төрөлгөндөн майып. 27 - мектепте эң жакшы деген баага гана окуп, чоң конкурста жеңип АКШга сапар тартканы турат. “Майып экенибизге карабай жакшы билим алганда гана мамлекеттин көзүн карабай, өкмөттөн пособие күтпөй өз күчүбүз менен жашайбыз” дейт Зейнеп.

Учурда мамлекет көтөрө албаган жүктү бейөкмөт уюмдар мойнуна алды. Мындай тажрыйба Нарын дубанында башталган. “Акбайрак” бейөкмөт уюму 50 майып баланы кадимки орто мектептерге орноштуруп, сабакка күнсайын жеткирип, партага отургузуп, кайра үйүнө жеткирет. Бишкектеги “Үмүт” борбору 65 майып баланы окутууда.

XS
SM
MD
LG