Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:18

ЕВРОСОЮЗ: ПОЛЬША КОНСТИТУЦИЯНЫН ДОЛБООРУНА КАРШЫ


Евросоюздун конституциясына байланышкан талаштуу маселелер башынан эле арбын экени белгилүү. Жакында аларга дагы бир кычыктуу жагдай кошулду. Атап айтканда, Польша биримдиктин декабрдагы саммитинде бирдиктүү конституциянын долбооруна каршы чыгаарын туюндурган ишаара берди.

4-ноябрда Польшанын тышкы иштер министри Ян Трушчински анын өлкөсү Евробиримдигинин конституциянын долбоорун, балким, жактыраарын, бирок аны “өлчөп-ченебей туруп колдоого” Польша милдеттү эмес деп билдирди. Варшаванын негизги нааразылыгын Польшанын Евросоюздун Министрлер кеңешиндеги добуш берүү укугу туудурду. 2000-жылкы Ницца келишимине ылайык, Польша кеңеште 27 добушка ээ болмок. Бул биримдиктин эң чоң 4 өлкөсү - Франция, Британия, Германия жана Италияныкынан 2 добушка гана аздык кылмак. Польшанын калкы аталган мамлекеттерге караганда алда канча азыраак экенин эсиңиздерге сала кетели. Бирок жаңы долбоордун нормаларында негизги маселелердин квалификациялык көпчүлүк добуш менен чечилишине артыкчылык берилет. Мындай өзгөрүү көп калктуу өлкөлөрдүн купулуна толгонун айтпаса да түшүнсө болот. Ал эми Испания менен Польша өңдүү орточо мамлекеттер буга карама-каршы чыгууда. Ница келишими боюнча 27 добуштан үмүт артып жүргөн Испания бул маселеде компромисске баруу жөнүндө кыйыр түрдө туюндурду. Премьер-министр Хосе Мария Аснар Берлиндеги визити учурунда:

- Европалык бир катар маселелер боюнча Германия менен Испаниянын пикири бир жерден чыгат. Ошол эле мезгилде арабызда конституция боюнча айырмачылыктар жок эмес. Биз суроону талкуулап, орток бүтүмгө келебиз.

Ал эми Варшава саммитте да өз турумунда кала берет шекилдүү. Евросюзду колдогон Уния Польска тобунун жетекчиси Кжиштоф Бобински:

- Бул маселе жергиликтүү коомчулукта көп талкууга алынып жүрөт. Саясатчылар сөз кылган сайын, карапайым эл арасында Польшаны кемсинтип жатышат деген ой пайда болууда. Эмне себептен өлкөнү таарынтып жатышканын эч ким айта албайт. Элдин түшүнүгү боюнча Ница келишими Польша үчүн жакшы болчу эми Евросоюз аны өзгөрткүсү келет.

Бобински ошондой эле буларды айтты:

- Июнда өткөрүлгөн референдумдун маанилүү аргументтеринин бири – Польша Евросоюздун чечимдерин кабыл алууда акыркы эмес позицияны ээлейт деген Ницанын формуласы эле. Эл Ница келишими үчүн добуш берген.

Айрым аналитиктер бул маселеде компромисс табуу кыйын боло турганын белгилешет. Британиянын Еврореформалар борборунун жетекчиси Чарлз Грант Ницада жетишилген норма жок жеринен эле татаалдаштырып жиберген деп эсептейт.

Бобински болсо кептин баары каражатта деген ойдо. Анткени Польша жакынкы жылдары Евросоюздан акчалай жардам алууну көздгөн эле. Ал эми Министрлер кеңешиндеги олуттуу таасирсиз бул иш бир аз кыйын болуп калмакчы.

Добуш берүү маселесинен тышкары Польша конституциянын преамбуласына христиан дининнин Европа тарыхындагы ролу жөнүндө жазылсын деген демилгесин оротого салууда.

XS
SM
MD
LG