Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:59

ИНДИЯ-ПАКИСТАН БААРЛАШУУСУ


Азиза Турдуева, Прага 28-29-июнь күндөрү Делиде Индия менен Пакистандын ортосунда Кашмир маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Айрым серепчилер аны Кашмир чатагын жөнгө салуудагы биринчи кадам катары баалашты. Индия менен Пакистандын эксперттери Кашмир аймагына байланыштуу талаш маселени тынчтык жол менен чечүү үчүн эки тарап тең компромисттүү маанайды карманууга тийиш деген пикирлерин айтышууда.

Пакистан менен Индиянын ортосундагы Делиде өткөн сүйлөшүүлөр соңку үч жылдан берки жогорку деңгээлдеги алгачкы баарлашуу болду. Индиянын тышкы иштер министринин өкүлү Навтеж Сарна бул сүйлөшүүлөр жемиштүү өткөндүгүн маалымдады:

- Алар тынчтык жана коопсуздук, өз ара ишенимди чыңдоо чараларына байланыштуу маселелерди талкуулашты. Эки тарап идеялар менен сунуштарын айтты. Талкуулар жагымдуу жана конструктивдүү маанайда өттү.

Сүйлөшүүлөрдүн соңунда билдирүү кабыл алынды. Анда тараптардын эки өлкөнүн ортосундагы бардык талаш-тартыштуу маселелердин, алардын ичинде, Кашмир маселесинин да тынчтык жол менен жөнгө салынышына ишенимдери билдирилген.

Нью-Делидеги сүйлөшүүдө Индия менен Пакистандын тышкы иштер министрлери Кашмир маселесин тынчтык жол менен чечүү боюнча эки тараптуу диалогду улантуу жөнүндө макулдашышты. Исламабадда кайрадан Индиянын элчилиги, ал эми Делиде Пакистандын элчилиги ачылмак болду. Ошондой эле Бомбей менен Карачидеги консулдуктар да кайрадан өз ишин улантат. Элчиликтер менен консулдуктар 1994-жылы жабылган болчу.

Пакистан менен Индиянын эксперттери Кашмир маселеси боюнча сүйлөшүүлөр оор жана узак мөөнөттү талап кыла тургандыгын айтышууда.

Пакистандын Эл аралык иштер боюнча министрлигинин аналитиги Нушин Васи Делидеги сүйлөшүүнү Кашмир маселеси боюнча жетишкендик деп баалоо азырынча эртелик кылат деген пикирде:

- Индия менен Пакистандын ортосундагы тынчтык келишимдердин тарыхын эсибизге салсак, бул сүйлөшүү ири жылыш болду деп айта албайм. Буга чейин да биз бири-бирибизге карата ишенимди чыңдоого жетишкен көп сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнбүз. Бирок тилекке каршы, алар иш жүзүндө сезилерлик натыйжаларын бере алган эмес. Пакистандын президенти Первез Мушараф да Кашмир маселеси боюнча натыйжалуу чечимге келүү кыйын экендигин бир нече ирет айткан. Эгерде талаш-тартыштуу маселелер чечилсе, анда сүйлөшүүлөрдү жемиштүү болот деп айтса болот.

Ал эми Делидеги Изилдөөлөр институтунун өкүлү Удай Вхаскар Кашмир маселеси боюнча сүйлөшүүлөр канааттандырарлык деп бааласа болот деген пикирин билдирди. Бирок аналитик Кашмир боюнча мындан аркы сүйлөшүүлөр ийгиликтүү болушу үчүн, эки тараптан тең туруктуулук талап кылынат дейт.

Кашмир маселеси Түштүк Азия аймагындагы жарым кылымдан бери чечилбей келаткан опурталдуу талаш-тартыштуу маселелердин бири болуп саналат.
Индия менен Пакистан Кашмир чатагына байланыштуу эки ирет согушкан.

Миңдеген козголоңчулар 1989-жылы Индиянын көзөмөлүндөгү Кашмирдин бийлик өкүлдөрүнө каршы күрөшүп, анын натыйжасында 65 миңге жакын адам набыт кеткен. Расмий Дели бул козголоңду уюштурууда Пакистанды күнөөлөп чыккан. Ал эми Исламабад болсо козголоңду эркиндик үчүн күрөш катары баалаган.

Индия Кашмирдин 46 пайызын көзөмөлдөйт. Пакистандын көзөмөлүнө бул аймактын 35 пайызы карайт. Ал эми Кытай Эл Республикасы аймактын калган 19 пайызын өзүнүн көзөмөлүнө алган.
XS
SM
MD
LG