Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:45

БРИТАНИЯНЫН ПОЛИЦИЯСЫНДА ӨҢҮ БУРУУЛАР КӨБӨЙӨТ


Британиянын полициясына көп жылдардан бери теги азиялык жана африкалык британдарды көбүрөөк ишке алгыла деп кысым көрсөтүлүп келатат. Мындай иш-чаранын жактоочулары азчылыктардын өкүлдөрү өздөрүнө улутташ полициячыларга көбүрөөк ишенип, жакшыраак кызматташмак дешет. Өкмөт да жакында бул жаатта жылыш аз болуп жаткандыгы айтылган отчёт жарыялады. Көп улуттун өкүлдөрү жашаган оодандарда тартип сактоону кандайча жүргүзүш керек? Мындай квота киргизүү жардам береби?

Кыргызстан көп улуттуу өлкө, бирок бийлик чөйрөлөрүндөй эле, тартип коргоочулардын курамы да бул кырдаалды чагылдырбайт. Ал эми Британияда бул маселе өкмөттүн деңгээлинде көтөрүлүп, кызуу коомдук талкууга түрткү болууда.

"Азаттыктын" кабарчысы менен маегинде Лондондун шаардык полициясынын кард бөлүмүнүн директору Симон Маршал жергиликтүү полиция күчтөрүндө расалык тең салмактуулук жетишсиз экендигин моюнга алды:

– Шаардык полиция кызматынын алдында турган чоң көйгөйлөрдүн бири – бизге карата коомчулуктун мамилесин жакшыртуу болуп саналат. Тилекке каршы, бизди ак түстөгү эркектер басымдуулук кылган кызмат деп кабылдашат.

Соңку талкууга мындан алты жыл мурда теги африкалык өспүрүмдүн өлтүрүлүшү боюнча Ички иштер министрлигинин соңку отчёту түрткү болду. Аталган кылмыштын бети алигиче ачыла элек жана отчёттун авторлору Лондондун шаардык полициясын расисттик туруму үчүн айыптап, расалар аралык маселеге полициянын мамилесин жакшыртуу жаатында бир катар кеп-кеңештерин берди.

9 миллион калкы бар Лондондун көптөгөн оодандарында өңү буруу элдер көп жашайт. Британиянын Лутон, Брэдфорс жана Лайкастер өңдөнгөн шаарларында да ушул тенденция байкалууда.

Британдар "биз түпкүлүктүү калкпыз, ошондуктан башкалар, айрыкча, кийин келгендер биздин ыкка көнүп жашашы керек" деши мүмкүн эле, анын ордуна мисалы, ошол эле Лондон полициясынын өкүлү полициянын катарында башка улуттун өкүлдөрүнүн көбөйүп баратканын жакшы жышаана деп эсептейт. Анын айтымында, бул жылыш кылмыштуулуктун төмөндөшүнө өбөлгө болууда.

Ички иштер министрлигинин отчётунан кийин өкмөт тартип коргоо органдарында улуттук азчылыктардын да, аялдардын да санын көбөйтүүгө убада кылды. Мисалы, 2009-жылга чейин улуттук азчылыктар азыркы 2,5 миңден 8 миңге чейин көбөйтүлүп, ал эми полициячы айымдардын саны 40 пайызга жетиши керек.

Мында негизги кыйынчылыктардын бири полицияда иштөөгө кызыккандардын билим деңгээли жана адистик даярдыгы. Бүгүн улуттук азчылыктардын полицияда иштөөгө арыз бергендердин 17 пайызы гана жумушка алынат.

Лондон полициясы учурда улуттук азчылыктардын өкүлдөрүн көбөйтүү үчүн ишкерлерге жана диний уюмдарга жардам сурап кайрылууда. Лондондун мэри Кен Ливингтон улуттук азчылыктарга квота киргизүүнү, башкача айтканда, алар үчүн белгилүү сандагы кызмат орундарын ажыратууну сунуш эткен. Бирок Лондон полициясынын кадрлар бөлүмүнүн жетекчиси ансыз деле жылыштар болуп жатат дейт:

- Ливингтон квота жардам берет деп ойлойт, бирок квотасыз деле бизде жылыштар бар. 2000-жылы мисалы, биз улуттук азчылыктардан болгону 71 кишини ишке алганбыз. Быйыл 515 кишини алууга жетиштик.

Британиянын расалык тең укуктуулук комиссиясы да полициянын катарында улуттук азчылыктардын өкүлдөрү көбөйгөндө, кылмыштуулук азайаарын белгилейт. "Улуттук азчылыктын өкүлдөрү кылмыштуу жагдайларга көбүрөөк тушугат. Полицияга болгон ишеним канчалык жогору болсун, алар кылмыш тууралуу кабар берип, тергөө жана кылмышты жазалоо ишинде көбүрөөк кызматташат" деп эсептейт бул комиссия.
XS
SM
MD
LG