Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:01

БАКИЕВ КЫЗМАТ АБАЛЫНАН ПАЙДАЛАНЫП ЖАТАБЫ?


Чолпон Орозобекова, Бишкек Президенттик шайлоо чукулдаган сайын бул шайлоонун кандай өтөөрү тууралуу ар кыл пикирлер арбыды. Президенттикке талапкерлердин кээ бирлери шайлоонун адилет өтөөрүнөн күмөн санашып, азыр өлкө башында турган Курманбек Бакиевди административдик куралдарды пайдаланып жатат деп айыпташууда. Мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү болсо мындай пикирлерге макул эместигин, эч кандай буйрук болбогонун айтышууда.

Кыргызстан демокартиялык кыймылынын лидери, президенттикке талапкер Жыпар Жекшеев биринчилерден болуп Курманбек Бакиевге ушундай айып такты. Жыпар Жекшеевдин айтымында, мамлекеттик казынага көз каранды мекемелердин көбүндө Курманбек Бакиевди колдоо жана 10- июлда ага добуш берүү боюнча тымызын иш- чаралар башталды. Мындай ойду президенттикке дагы бир талапкер Турсунбай Бакир уулу да коштоду. Акыйкатчынын айтымында, региондордо башка талапкерлерге бут тосуулар болуп жатканын балким Бакиев мырза өзү билбейт.

Жакында эле Курманбек Бакиев менен тандемге барган Феликс Кулов 2- май күнү журналисттерге президенттик шайлоодо Бакиев саясий серепчилердин баамында 65- 70 пайыз добуш алат деп айткан. Феликс Куловдун айтымында, Бакиев экөө келишкенде шайлоо кампаниясында админитсративдик ресурс пайдаланбайбыз деп сүйлөшүшкөн.

Вице-премьер-минитср Ишенгүл Болжурова президенттин милдетин аткаруучу тарабынан да, мамлекеттик жогорку чиновниктер тарабынан шайлоого аралашпоо тууралуу катуу буйрук болуп жатат деп билдирди:

- Өкмөттүн жыйындарында Курманбек Бакиев өзү акимден баштап министрлерге чейин катуу буйрук берип жатат. Шайлоонун жүрүшүнө кийлишпегиле деп. Мындай фактылар жок. Айрым мекмелер өз демилгеси менен Бакиевдин талапкерлигин көрсөтүп жатышат, бул алардын укугу.

Кыргызстан элдик кыймылынын лидерлернин бири Топчубек Тургуналиев шайлоодо жеңилерин билген айрым талапкерлер негизсиз доомат коюп жатат деген ойдо:

- Айрым талапкерлер өздөрү утулаарын сезип, жумурткадан кыр издеп жатышат. Курманбек Бакиевге бул тууралуу сунушубузду биз да айтканбыз. Мамлекеттик органдар шайлоого жолобосун, болгону шайлоо комиссиялары уюштурулуп жатканда имарат жана башка шарт жагынан жардам берсин дегенбиз.

Президенттикке талапкер Жыпар Жекшеев шаршембиде “Азаттыкка” билдиргенге караганда, айрыкча түштүк региондо басым күч алып, айрым жерлерде үгүт иштери эчак башталган:

- Жогорку окуу жайларда студенттерге Курманбек Бакиевдин саясий программасын жана китебин мактаган макалаларды талкуулатып жатышат. Билим берүү программасын токтотуп коюп, ушундай талкуулардын уюштурулганы үгүт кампаниясынын башталганын билдирет. Бул бир эле мисал.

Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкенге караганда, президенттикке талапкерлердин үгүт өнөктүгү 14-июндан тарта башталат.

XS
SM
MD
LG