Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:06

ШОТЛАНДИЯДА ДҮЙНӨЛҮК САММИТ БАШТАЛУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Шотландиянын Глениглс шаарында 6-8-июлда дүйнөдөгү эң өнүккөн сегиз мамлекеттин бийик жолугушуусу өтөт. Анда талкуулана турган негизги маселелер - дүйнө аба ырайындагы өзгөрүүлөр, Африка мамлекеттерине жардам көрсөтүү, Жакынкы Чыгыш чатагын токтотуу жана башкалар.

Эң өнүккөн жети дүйнөлүк мамлекет - АКШ, Алмания, Британия, Италия, Жапония, Канада жана Францияга акыркы жылдарда сегизинчи болуп Орусия кошула баштады. Бул "Улуу сегиздин" быйылкы бийик жолугушуусун Британия өткөрүп жатат жана анын премьер-министри Тони Блэрдин сунушу менен саммитте эң негизги маселе катары - Африка мамлекеттери менен башка жарды өлкөлөргө көрсөтүлүп жаткан жардамды кескин түрдө көбөйтүү жана Жер шарындагы аба ырайынын өзгөрүүсү менен байланышкан жагдай талкууланат.

Саммитке даярдык көрүлүп жатканда өнүккөн мамлекеттер атайын чечим кабыл алып, дүйнөнүн эң жарды 18 мамлекетинин 40 миллиард долларга жакын карызын кечүү тууралуу чечим кабыл алган, алардын он төртү Африка өлкөлөрү. Анткен менен кээ бир эксперттер андай чаралар жетишсиз деп чыкты жана Британия - кедей мамлекеттерге он жыл ичинде көрсөтүлө турган жардам 100 миллиард долларга жеткирилүүгө тийиш деп жарыялады.

Бийик жолугушууну утурлай, өткөн ишемби күнү дүйнөнүн эң атактуу ырчы-музыканттары тогуз мамлекеттин он шаарында ири концерттерди уюштуруп, Африка мамлекеттеринин маселелерине адамзаттын көңүлүн бурууга аракеттенди. 4-5-июлда болсо Ливияда Африка биримдигинин бийик жолугушуусу өтүп, анын катышуучулары эң өнүккөн сегиз мамлекеттен көрсөтүлө турган жардамдын көбөйтүлүшүн сурады жана Шотландиядагы жыйында бул маселе эң негизги боло тургандай.

Экинчи маселе - абанын ысып баратышы жана ал тууралуу 1997-жылы Жапониянын Киото шаарында атайын протокол кабыл алынып, анда - келерки 15-20 жылдын ичинде абага чыгарылган таштанды газдардын көлөмүн кескин түрдө кыскартуу каралган. Окумуштуулардын айтымында, өндүрүш ишканалары жана машинелер чыгарган таштанды газдар жер шарын катмар катары каптап, бүткүл планетаны өзүнчө бир күнөсканага айлантууда жана дал ошол себептен абанын температурасы улам көтөрүлүп баратат.

Атмосферага эң көп таштанды газды дүйнөдө АКШ чыгарат жана ал дагы Киото протоколуна кол койгон, бирок кийин андан чыгып кеткен. Шотландиядагы жыйынга катышкан башка мамлекеттин баары протоколго кол койгон, ошондуктан бийик жолугушуу учурунда анын кожоюну Тони Блэр АКШ президентин көндүрүп, жыйында Киото протоколу сыяктуу жаңы келишим түзүлүшү мүмкүн деп айтыла баштаган.

Бирок 4-июлда президент Жорж Буш Британиянын "Ай-ти-ви Бир" сыналгысына интервью берип, бул маселе боюнча АКШ өз турумун өзгөртпөйт деп билдирди:

- Тони Блэр Улуу Британиянын элине пайда алып келет деген чечимдерди кабыл алат, мен болсо америкалыктар үчүн пайдалуу боло турган чечимдерди чыгарам, биздин мемилелерде бул маселе боюнча соодалашуу болбош керек.

Америкалык президенттин айтымында, аба ырайынын өзгөрүшү чындап эле күнөскана таасиринен болуп жатканы толук далилдене элек, ал эми Киото протоколун аткаруу АКШнын экономикасына зыян тийгизиши мүмкүн. Кээ бир илимпоздордун пикиринде дагы абалды таза ыкмалар менен кубат өндүрүү аркылуу деле оңдосо болот.

Шотландиядагы жыйында, андан тышкары, Палестина менен Израил ортосундагы чатак, өзөктүк куралды жайылтпоо маселеси, дүйнөдөгү жакырчылык менен күрөшүү жана башка проблемалар талкууланат. Капитализмдин глобалдашып баратканын жактырбагандар Шотландиянын борбору Эдинбург шаарында 5-июлдан тартып эле каршылык аракеттерин өткөрө баштады.

XS
SM
MD
LG