Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:14

БИРИНЧИ-ВИЦЕ БОЮНЧА ПАРЛАМЕНТ МЕНЕН ӨКМӨТ ТИЛ ТАБЫШПАЙ КАЛДЫ


Жогорку Кеңеш шейшембиде өкмөттүн курамын кароого киришти. Бирок түшкө чейинки отурумунда эч кандай тыянакка келе алган жок. Анткени, президент 1-вице премьер-министрлик орунга байланышкан сунушун кайра кайтарып алды. Парламентке берилген үч талапкердин экөөнүн бул кызматтан өз каалоосу менен баш тартышы президенттин ушундай чечим кабыл алынышына негиз берди.

Президент Курманбек Бакиев өз сунушун кайтарып алышын президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Данияр Нарынбаев төмөнкүдөй түшүндүрдү:

- Үч талапкердин экөө баш тартышты. Азыркы иштеп аткан Үсөнов менен Керимкулов баш тарткандыгына байланыштуу президент үчөөнү тең кайра чакырып алуу тууралуу чечим кабыл алды. Алардын ордуна кайра башка бир талапкер киргизилмей болду.

1-вице-премьер-министрликке президент Курманбек Бакиев дүйшөмбү күнү кечинде биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Медетбек Керимкуловду, вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөновду жана Жогорку Кеңештин депутаты Жантөрө Сатыбалдиевди сунуштаган. Адегенде эле үч талапкердин сунушталышы парламентте кызыл чеке талашты жаратты. Анткени, президенттин алгачкы сунушунда бир гана талапкер – Данияр Үсөновдун аты аталган болчу. Дагы кошумча эки талапкердин киргизилишин, маселен, төрага Өмүрбек Текебаев кадырэсе көрүнүш катары карап, жумшак рейтинг менен тандап, көп добуш алганын кайрадан добушка коюну сунуштады. Бирок депутат Байболовдун үч талапкердин тагдыры бирдей, жабык добуш берүү аркылуу чечилсин деген сунушу көпчүлүктө колдоо тапты. Депутат кийинчерээк сунушунун жөн жайын мындайча түшүндүрдү:

- Себеби нечен күндөн бери депутаттарды ар кайсы бурчка такап, таяке-жээнинен бери алып келип, илгери көзү өтүп кеткен туугандарынан бери эске салып, иштетип атышпайбы. Бийлик деген бийлик. Ар кандай амалдарга салып атышат. Ошондуктан мен депутаттарга жашыруун добуш берүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүлсүн деген сунушту киргиздим.

Байболовдун сунушуна ылайык, кабыл алынган чечимдин негизинде парламент түштөн кийин биринчи вице-премьер-министрликке талапкерлердин бирин жабык добуш менен тандап алмак. Бирок президенттин сунушту кайтарып алышы парламенттин иш багытын өзгөрттү. 1-вицеликке сунушталган депутат Жантөрө Сатыбалдиев жетектеген «Эл менен!» фракциясы өкмөттүн курамына байланыштуу кеңешер кеби барын билдирип, каттоодон өтүүдөн баш тартты. Айрым депутаттар өкмөт курамын сунуштоодо ырааттуулуктун жоктугун президент менен премьер министрдин пикирдеш болбой жаткандыгы менен байланыштырышты. Депутат Сооронбай Жээнбеков өкмөттү төмөнкүдөй сынга алды:

- Жогорку Кеңеш ар кимдин ойной турган жери болуп калдык азыр. Кааласа андай кылышат, кааласа мындай кылышат. Кааласа берет. Мына мен азыр окуп атам: мурдагыны кайра чакырып алам дегенди. Бул эмне деген эме? Үчөөнү бергенден кийин, кеңешүү болгондон кийин, экөөнү алып койсо бирөөнө токтош керек эле да.

Депутат Алишер Сабиров өкмөттүн курамын кароону бейшембиге жылдырууну сунуштады. Бирок көпчүлүк депутаттар мындай кадам саясий оюндарды күчөтүп жиберет деп эсептешти. Алардын бири депутат Иманалиев отурумга катышып жаткан премьер министр Феликс Куловго кайрылды:

- Урматтуу Феликс Шаршенбаевич, биздин бул өкмөттүн тагдыры көп сериалуу «Санта-Барбарадай» болуп калды. Адегенде 10-майда бекитмекпиз. Анан шайлоо бүткөндөн кийин бекитмекпиз. Регламент боюнча Феликс Шаршенбаевич, сиз 1-сентябрда бекидиңиз. Эки жумада алып келишиңиз керек болчу. Эки жума эмес, азыр 27-сентябрь. Бүгүн кворум болобу-болбойбу? Ар ким багынан көрсүн. Бир саат убакыт берели, фракция сүйлөшсүн. Бир сааттан кийин добуш берүүгө өтөлү.

Ушундай талаш-тартыштан кийин парламент министрлердин талапкердигин кароо чечимине келишти. Ал эми биринчи-вице-премьер-министрдин талапкердигин президент үч-төрт күн аралыгында парламентке сунуштаарын анын парламенттеги өкүлү Данияр Нарынбаев билдирди.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG