Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:43

БАЗАРБАЙ МАМБЕТОВ: КҮЙҮҮЧҮ МАЙ БИРИНЧИ ЖАРЫМ ЖЫЛДЫКТА КЫМБАТТАБАЙТ


Улам 50 тыйын, 1 сомдон кошулуп отуруп, бензин менен дизелдин баасы былтыркыга караганда бир топ кымбаттап кетти. Апрель айынан тарта баалар көтөрүлөт, анын ичинде күйүүчү майдын баасы бир АКШ долларына чыгат деген сөздөр карапайым элдин да тынчын алууда. Анткени күйүүчү май кымбаттаса жол кире көтөрүлөт, тейлөө акылары жогорулайт эмеспи. Күйүүчү май рыногунда баалар эмне үчүн өсүп жаткан себептерин “Азаттык” Кыргызстандын нефтитрейдерлер ассоциациясынын президенти Базарбай Мамбетовдон сурап иликтеген.

- Айтылып аткан сөздөр баары ушак. Апрель айында эч кандай кымбаттоо болбойт. Себеби жаңы жылдын алдында чийки нефтинин дүйнөдөгү баасы 100 долларга чыкпады беле, азыр 91-88 долларга түшүп калды. Россияда дагы 2-3 айдын ичинде 85-76 долларга чейин ылдай түшөт деген божомолдорду Россиянын аналитиктери айтып жатат. Биз 90 пайыз күйүүчү майды Россиядан алып аткандан кийин биздин чоң үмүтүбүз бар, быйыл күйүүчү майдын баасы стабилдешет, биринчи жарым жылдыктын ичинде эч кандай жогорулоо күтүлбөйт.

- Жаз келип, айыл чарбасында жер айдоо иштери башталган мезгилде адатта күйүүчү майдын баасы көтөрүлүп, таңсыктыгы пайда болот. Сиздердин Нефтитрейдерлер ассоциациясы же болбосо “Газпром нефь Азия” тарабынан кандай жардамдар берилиши мүмкүн. Анткени Казакстан ушул мезгилде сыртка сатканга квота коюп, же өзүнүн базарын жаап алчу эмес беле?

- Бир жарым жылдан бери “Газпром” бизге келгенден баштап биздин рынок стабилдешип, бензиндин дагы, солярканын дагы эки айлык запасын резервде кармап турабыз. Жазгы талаа жумуштарында эч кандай үзгүлтүк болбойт.

- Базарбай мырза, сиз бир жолу “Азаттыкка” берген маегиңизде айттыңыз эле, “Кыргызгаз” ишканасын жакшылап иштетүүдөн күйүүчү май дагы, газ дагы кеңири болот деп. Жакында эле Орусиянын «Газпром” ишканасы “Кыргызгазга” болгон кызыкдарлыгын билдирди. Алар геологиялык изилдөө иштеринен кийин “Кыргызгазды” өздөрүнө пайдалуу кызматташа турган ишкана катары көрүшөбү?

- “Газпром” эки долбоор жасап, биздин жердин астындагы газды, нефтини чыгарууга аракет кылышкан. Биз ошол долбоорду ишке ашыралбай жатабыз. Былтыр «Газпром” биздин эки участогубузга чалгындоо иштерин жүргүзүп, эгерде ошол жерден нефть, газ табылса ошону биз “Газпромго” жердин алдынан газ менен нефтини соруп алып иштеткенге мүмкүнчүлүк бергенбиз. Биз ошону жакшы иштетели десек, жаны чалгындала турган жерлерди эмес, түштүктөгү “Кыргызнефтегаз” деген бирикмени толугу менен “Газпромго” беришибиз керек. Алар өзү аябай чоң кубаттагы потенциалы бийик газ компаниясы болуп эсептелет. “Кыргызгазды” дагы биздин премьер-министр ошого беребиз деген ойду айтпадыбы. Мен ойлойм бул абдан туура. Себеби биздин “Кыргызгаздын” финансылык акыбалы аябай катастрофалык акыбалга келип, финансылык коллапска жакындап калды. Эгерде “Газпром” келип “Кыргызгазды” алып иштетип берсе, жок дегенде газды алып аткан субъектерден акчаны толугу менен өндүрүп, анан экинчиден Өзбекстандан алып аткан жаратылыш газынын акчасын убагында төлөп, эффективдүү иштетет деген оюм бар, андан башка биздин жолубуз жок.

- Маегиңизге чоң ырахмат.


Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек

XS
SM
MD
LG