Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:04

ЕВРОБИРИМДИК: ЧЫГЫШ КОҢШУЛАРГА ЧЫНДАП КӨҢҮЛ БУРУУ ДЕМИЛГЕСИ КӨТӨРҮЛДҮ


Польша менен Швеция Евробиримдикте --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/F4F2F7D7-0849-417F-BBA4-E93286002320.asp Украина, Беларус, Молдова, Грузия, Армения жана Азербайжан менен тыгыз алака орнотуу үчүн "Чыгыш өнөктөштүгү" деген жаңы программа негиздөөнү сунуш кылды. Мындай демилге биримдикке кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин Брюсселдеги кечээги жыйынында көтөрүлдү жана Евробиримдик Орусия менен жаңы келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо маселесинде ич ара мунаса тапкан учурга туура келди.

Европанын коңшуларга багытталган саясат боюнча азыр күчүндөгү документи биримдиктин чыгыштагы жана түштүктөгү коңшуларын айрымалап карабайт. Анын чыгыштагы коңшуларына Армения, Азербайжан, Беларус, Грузия, Молдова, Украина кирсе, түштүк коңшулардын арасында Египет, Израил, Иордания, Ливан, Ливия, Марокко, Тунис, Сирия өңдүү мамлекеттер жана Палестин автономиясы бар. Маанилүүсү - азыр күчүндөгү программа ошондой эле бул коңшу мамлекеттердин Евробиримдикке болчокто мүчөлүккө өтүүсү боюнча кандайдыр бир милдеттемени камтыбайт.

Эми Польшанын тышкы иштер министри Радослав Сикорскинин айтымында, Варшава жана Стокгольм мындай шартты өзгөртүүнү көздөөдө:

-Биз Польшада Европанын коңшулук саясатынын түштүк жана чыгыш ченемин айрымалайбыз. Бул - түштүктө Европанын коңшулары, ал эми чыгышта европалык коңшулар дегенди туюндурат жана айрымасы чоң. Беларус, Украина, Молдова өңдүү өлкөлөрдүн аймагы толугу менен Европада жатат. Рим келишимине ( Евробиримдикти негиздеген) ылайык, алардын баарынын бир күнү Евробиримдиктин мүчөлүгү үчүн арыз берип, талап кылынган критерийлерди аткарып, балким бир күнү мүчө болууга толук укугу бар.

Евробиримдик чыгыштагы коңшуларын жээрип жатканына көбүнесе дал ушул Польша сыяктуу уюмга кийин кошулган өлкөлөр тынчызданууда. Маселен биримдиктин түштүктөгү мүчөлөрү ошол Коңшулук саясат программамсынын алкагында 2007-2013–жылдардын аралыгында ажыратылуучу 12 миллиард евро каражаттын үчтөн эки бөлүгү уюмга эч качан мүчө болбой турганына карабай Түндүк Африка өлкөлөрү үчүн бөлүнүшүнө жетишкен. Алсак Франция Евробиримдиктин түштүк коңшулар менен кызматташтыгын координациялоо үчүн "Жер ортолук деңизи биримдигин" түзүүгө катуу күч үрөөдө.

Поляк тышкы иштер министи Радослав Сикорски белгилегендей, Чыгыш өнөктөштүгү 2011-жылы, Евробиримдикке Польша төрагалык кылган учурда негизги приоритет болот, бирок жаңы демилге ага чейин эле ишке аша баштоосу абзел.

Чехиянын өкмөт башчысынын орун басары Александр Вондранын айтымында, анын өлкөсү келерки жылы биримдикке төрагалык кылганда, чыгыш жана түштүк багытты тең салмактоонун үстүнөн иштейт:

-Биз Польша менен Швециянын бул демилгесин кызуу колдойбуз. Бул биз көздөгөн багытка шайкеш келүүдө. Биз муну келерки жылы тең салмактоо зарыл деп эсептейбиз. Быйылкы жыл Жер ортолук деңизиники болду. Демек келерки жыл чыгыштын жылы болот.

Евробиримдиктин алкагында мунасага жетүү дайыма эле жеңил эместигин эске алганда, Польша жана Швециянын демилгеси биримдиктин чыгыш саясатына дароо эле олуттуу өзгөрүү алып келери арсар болуп турат. Уюмдун тышкы байланыштар боюнча комиссары Бенита Ферреро-Вальднердин айтымында, чыгыш жана түштүк коңшуларды бөлүп кароонун өзү жакшы эмес. Жаңы демилге коңшулук боюнча азыркы саясатка кандай баалуу нерселерди кошо аларын далилдөөсү керек.

Бир жагынан Польша менен Швециянын демилгеси Евробиримдик алкагындагы чоң сооданын бир бөлүгүндөй өңдөнөт. Кечээ Литва Еврошаркет Орусия менен стратегиялык жаңы келишим боюнча сүйлөшүү баштоосуна каршылыгын артка алды. Мунун натыйжасына Евркомиссияга Орусия менен сүйлөшүү жүргүзүүсүнө мандат берилди. Сүйлөшүүлөр эми Евробиримдик менен Орусиянын 26-27-июнда Ханты-Мансийскиде өтүүчү саммитинде башталат.

Литва мындай сүйлөшүүлөрдүн башталышына вето салганда Евробиримдиктен ортомчулукту Польша менен Швеция аткарган болчу. Расмий Вильнюс өз каршылыгын Орусия менен эки тараптуу соода талаштарынан тышкары, Москванын Грузияга карата жасаган кадамдарына байланыштуу билдирген.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG