Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:42

СУУ - КЫМБАТ ТОВАР


Бүгүнкү күндө Кыргызстанда куюлган табигый суулар менен улуттук суусундуктар сапаты жагынан Борбор Азиядагы белгилүү маркалардын катарына кирээрин адистер белгилешүүдө. Кыргызстанда жалпысы болуп 500 гө жакын минералдык суу булактары бар. Жергиликтүү ишкерлердин суусундук базарын кандай өздөштүрүп жаткандыгы тууралуу “Адам жана базар” түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышы менен тааныштырабыз.

Жалабаттан чыккан минералдык суулар дарылык касиети менен жалпы Фергана өрөөнүнө белгилүү. Ал эми Жарташ-Аксуу суусун кыргыздан чыккан алгачкы географ жана эколог, профессор Султан Орозалиев дарылык касиети бар суу экенин изилдеп чыгып, Аксуу минералдык суу катары союз мезгилинде эле белгилүү болгон. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын өзүнөн чыккан дарылык касиети бар жана ашкана сууларынын түрлөрү эле ондоп саналат. Учурда бул сууларды куюп, сатуу менен Кыргызстанда бир нече ишканалар алектенип жатышат.
Кээ бир адистер Кыргызстан суулары менен дүйнөлүк рынокто өз ордун табууга мүмкүнчүлүгү бар деген пикирлерин билдиришет. Алсак, ЖК вице-спикери Кубанычбек Исабеков суу көйгөйү азыртан эле башталды, ошондуктан экологиялык жактан таза, ичүүчү суунун баасы бара-бара алтындын баасы менен тең болуп калуусу мүмкүн деген пикирде:


-Кыргызстан –тоолуу аймак. Суусу таза. Биз бул таза суу менен Борбор Азия эле эмес, дүйнө базарынын жарымын ээлеп алсак болот. Суу-эң кымбат байлык. Үзөңгү-Куушту алып атканда деле Кытайлар айтышты, андагы мөңгү менен таза суу биз үчүн байлык, деп..

Кыргызстанды минералдык сууларга караганда таза, табигый суулар дүйнөлүк базарга алып чыгары турган иш. Мындай пикирин билдирген саясатчы Темир Сариев минералдык сууларга караганда, таза табигый сууларды дүйнөлүк рынокко алып чыгууга мүмкүнчүлүк көп деп эсептейт:

-Суусундуктар боюнча бизде мүмкүнчүлүк көп. БУУнун атайын билдирүүсү боюнча 2050-жылы Борбор Азиянын эли 100 млндон ашат, ошондо эң биринчи сууга, таза сууга суроо-талап көбөйөт. Дүйнөдөгү калк болсо 9 млрд га жетет деген маалымат бар. Суунун бирден бир мекени –Кыргызстан. Биздин бирден-бир байлыгыбыз-суу. Сууну, суу ресурстарын сатууда биздин келечегибиз чоң, мүмкүнчүлүктөр көп.

Бирок учурда Кыргызстандын суусундук базарында сапаты төмөн, жасалма минералдык суулардын көбөйүп жатканына адистер тынчсызданып келишет. Алардын белгилөөсү боюнча, мындай көрүнүш менен Кыргызстан дүйнөлүк суу базарына чыга албайт. Ошондуктан, суусундук өндүрүүгө жана сууга мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулушу зарыл дешет.

Ишкер Улан Орозалиевдин айтымында, рынокту ээлеш үчүн эң алгач суунун сапатынын жакшылыгына кам көрүү керек:

-Суу базарын кыргызстандык жигиттер ээлеп атканы жакшы. Бирок бир нерсе жакшы болбой жатат, сапаты боюнча туура эмес иш жасап атышат. Мисалы: бүгүнкү күнү минералдык суу деп туруп эле, крандын суусуна газ кошуп сатып атышат. Бул кардарларды иренжитет.

Улан Орозалиев суунун жогорку сапатын башка элдер эмес, эң биринчи Кыргызстандыктар сезгендей болууга тийиш деп эсептейт.

Ысыктын күнүндө суусундуктардын арасында максым, чалап сыяктуу улуттук ичимдиктер да белгилүү бир орунду ээлеп келишет. Мындай суусундуктарды чыгаруу менен Кыргызстанда эле эмес, коңшу Казакстанга, Орусияга белгилүү болгон “Шоро” компаниясы суусундук базарында азырынча алдыга эч кимди чыгарбай келе жатат. Аталган компания ишмердүүлүгүн кеңейтип, Кытайда да кыргыздын улуттук суусундуктарын даярдоочу завод тургузуп, ишке киргизгени белгилүү.

Улуттук суусундуктарды даярдаган дагы бир ишкана “Артезиан” компаниясы Кыргызстандын суусундук базарына киргенине бир нече жыл болду. Учурда бул компания даярдап жаткан “Таң” чалабы жана “Аршан” деп аталган максымы менен “Шоро” компаниясына атаандаш негизги ишканалардын бири болуп саналат.

Адистердин айтымында, дарылык касиети бар минералдык суулар менен катар эле улуттук суусундуктардын да адамдын ден соолугуна пайдалуулугу жана натуралдык азыктар камтылган өзгөчө артыкчылыктары бар.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG