Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:47

Каржы кризисинин илеби


Экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаров
Экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаров

Дүйнөлүк каржылык кризистин айынан Кыргызстандын быйылкы жылга болжогон экономикалык өнүгүүсү кыйла жайлап калары өкмөттүк жыйында көп айтылды. Экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаров 9 айдын ичинде Кыргызстандын ички дүң продукт көлөмү 6,6% көбөйгөнүн, өткөн жылы бул көрсөткүч 8,4% чыкканын, “Кумтөрдү” кошпогондо экономикалык өнүгүштүн ырааты 5,7% жеткенин белгиледи. Инфляция деңгээли азырынча 16% айланчыктап, жыл аягына чейин ал 20% ашып кетери болжолдонууда.

“Кумтөр” демекчи, Алмазбек Атамбаевдин өкмөтү мындан эки жыл илгери кол койгон келишимдерди мурунку-кийинки парламент жактырбай койгондон бери канадалык ишкерлер 2003-жылкы Николай Танаев кол койгон макулдашуунун негизинде иштеп жатышат. Төртүнчү ирет түзүлгөн алтын кен комиссиясынын төрагасы, өкмөттүн аппарат башчысы Мурат Исмаилов каржылык кризистин айынан акциялардын куну качып, “Камеко” менен “Центерранын” жетекчилиги азырынча ачык жооп берише электигин маалымдады:

- Биздин шарттарды узак талкуулап калышты. Бирок да мен ушул жумада кайсы бир жыйынтыктарды алып калабызбы деп үмүттөнөм. Кандай жыйынтыктар экенин айта албайм, себеби алардын жообун ала элекмин.

Экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаровдун айтуусунда, мунай менен будай баасынын кескин төмөн түшүп кетиши анын эсебинен оңбогондой көп киреше алып келаткан Орусия менен Казакстанга терс таасирин тийгизип, кризистин каары Кыргызстанда да каптап кетиши толук ыктымал.

- Алардын экономикасындагы проблемалар күчөп кете турган болсо бизге аябай эле кыйын болуп калат. Ошондуктан мен Улуттук банк элге болбосо да өкмөткө болжолун бериш керек деп айтып жатам.

Андай кооптонууга Кыргызстандагы ипотекалык кредит, үй салынчу жерин, бүтө элек үйлөрүн күрөөгө коюп ири кредит алгандардын карыз акчаларын убагында кайтара албай калышы себеп болууда. Буга кошумча, азырынча Улуттук банк доллардын сомго катышы канчага барып токтолорун так айта албай олтурат.

Салыктар жана жыйымдар мамлекеттик комитетинин төрагасы Акматбек Келдибеков эмдиги жыл бюджетине киргизилген макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү дагы бир тактап алуу зарылдыгын өкмөттүк жыйында айтты:

- Бүгүнкү турмуш чындыгы башкача. Эмдиги жылы кризис чакырчу 5 факторду өкмөт мүчөлөрүнүн алдында чечмелей кетсеңиз жакшы болор эле. Макроэкономикалык көрсөткүчтөр кандай болот? Быйылкы жылдын 9 айынын көрсөткүчтөрүн карап эмдиги жылкы бюджеттин макроэкономикалык параметрлерин өзгөртүү зарыл болуп жүрбөсүн?

Өкмөт башчы Игорь Чудинов буудай менен мунай баасы күндөн-күнгө төмөндөп баратканын айтып, андай тенденция негедир Кыргызстанды кыйгап өтүп баратканына нааразы экенин жашырган жок.

- Жок дегенде анын себеп-жөнүн иликтеп билишибиз керек го. Биз аны билишибиз керек, төмөндөп атат, баа бирок түшпөй жатпайбы. Бул суроо сизге, каржы полициясына. Ортодогу айырмадан салык төлөп жатышабы, рентабелдүүлүк көтөрүлүп атпайбы.

Акылбек Жапаровдун ырасташынча, каржылык кризис күчөп турган маалда Кыргызстандын ички дүң продукт көлөмү жыл аягына чейин 5% жетип берсе дурус эле болмок. Бирок да энергетика менен айыл чарбасын тушаган кризис андай көңүлток болжол курушка негиз бербейт.

XS
SM
MD
LG