Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:06

Жаңы салыктар экономиканын эсин оодарды


Президент К.Бакиев жаңы Салык Кодексинде чийки маселелер бар экенин моюнга алып, экономиканын кызыкчылыктарына шайкеш келген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жөнүндө өкмөткө тапшырма берди.

Жаңы Салык Кодекси жаңы жылдан баштап ишке киргенден бери ишкерлер патенттерге баанын көтөрүлүшүнө нааразы болушуп, айлык кирешесинен алына турган салыктын көбөйүшүнө тынчсызданышууда. Алар ошондой эле аталган кодексте көп түшүнүктөр чечмеленбей калганын белгилешип, жалпы кодексти оңдоп чыгуу зарылдыгын айтышууда.

Жеңил өнөр жайчылар ассоциациясынын жетекчиси Сапарбек Асанов жаңы Салык Кодекси айрыкча кийим тигүү цехтерине оорчулук келтирип, алардын 20 пайзы жабылууга аргасыз мажбур болушканын билдирди. Анын айтымында, жаңы Салык Кодекси жеке жеңил өнөр жайына эле эмес ири ишканаларга дагы терс таасирин тийгизүүдө.

-Жалаң эле же-ил өнөр жайы эмес, чоң-чоң ишканалардын дагы жетекчилери чогулуп жыйын өткөн.Ошол жерде чыгып сүйлөгөндөрдүн сөздөрүн угуп отурсам, бардыгына эле бүгүнкү күндө терс таасирин тийигизип жатыптыр.

Сапарбек Асанов белгилегендей дүйнөлүк экономикалык кризис тооруп турган маалда кыргыз бийлиги Салык Кодексинин жаңы редакциясын кабыл албай кое турганда болмок.

Буга чейин Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин башкармалык жетекчиси Кубанычбек Айдаралиев учурда ишкерлер коюп жаткан талаптар туура экендигин ырастап, жаңы Салык Кодексин кайрадан карап чыгуу үчүн атайын жумушчу топ иштеп жатканын маалымдаган эле.

Жаңы Салык Кодекси иштебей жатып орто бизнестеги ишкерлердин дагы нааразылыгын жаратып, алардын жүзгө чукул өкүлдөрү патент төлөмдөрүн азайтуу талабы менен Жогорку Кеңешке кайрылышкан.

Салык жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Акматбек Келдибеков болсо жаңы Салык Кодексине нааразы болуп жаткан ар түрдүү палаталар, ассоциациялар, өз алдынча бир нерсе өндүрүп чыгарбаган, өз товарын сатпаган жамааттар экендигин белгилеген.

Парламенттеги “Ак Жол” фракциясынан депутат Зиядин Жамалдинов жаңы Салык Кодекси Жогорку Кеңештин комитетинде тыкат иштелип чыгып, туура кабыл алынганын, анын натыйжалуу иштей албай жатканына дүйнөлүк каржы кризиси тоскоолдук болгонун айтты.

Президент Курманбек Бакиев болсо 11-февралда өткөргөн маалымат жыйынында журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, жаңы Салык Кодексин бир квартал иштетүү зарылдыгына токтолгон.

-Салык кодекси кабыл алынды. Бир квартал иштеп жыйынтыкты көрүп, кайсы жери ишке ашпай калды? Эмне себептен төмөндөп кетти? Жок дегенде бир квартал иштеп, анан кийин анализ кылып толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизиш керек.

Бакиев жаңы Салык Кодексин иштеп чыккан адамдарга мамлекеттик сыйлыктарды берүү сунушу айтылганын да кошумчалаган:

-Мага ушундай бир сунуш келди. Курманбек Салиевич, ушул жаңы Салык Кодексин иштеп чыккан активдүү иштегендерге мамлекеттик сыйлыктарды берелик деп. Мен айттым, “кое тургула, бир көрөлүчү” деп. Мына, эгерде ошолордун сөзүнө кирип, он-он беш кишиге мамлекеттик сыйлыктарды бергенде, ким күнөөлүү, президент күнөөлүү. Мен айттым: кое тургула, жок дегенде (Салык кодекси авт.) бир квартал иштесин, анан берелик ошол сыйлыктарды деп. Бирок турмуш өзү көрсөтүп жатат. Кээ бир маселелер чийки болуп калыптыр.

XS
SM
MD
LG