Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:00

Депутат Санжар Кадыралиевди атып кетишти


Cанжар Кадыралиевдин сөөгүн соттук-медициналык экспертиза жүргүзүү үчүн алып кетишүүдө.14-апрель, 2009
Cанжар Кадыралиевдин сөөгүн соттук-медициналык экспертиза жүргүзүү үчүн алып кетишүүдө.14-апрель, 2009

Жогорку Кеңештин депутаты Санжар Кадыралиевди бүгүн кечки саат бешке чукул Бишкектин С. Ибраимов жана Ж. Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйүнүн жанында белгисиз бирөөлөр атып кетишти.

Бул тууралуу “Азаттыкка” парламенттин аты-жөнүн атагысы келбеген бир депутаты билдирди. Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Бакыт Сеитов "Азаттыкка" бул чуулгандуу окуянын чоо-жайы иликтенип жатканын кабарлады.

Окуяга күбө болгондордун "Азаттыкка” айтымында, депутат Кадыралиев үйүнөн чыга бергенде белгисиз бир адам алдынан тосуп чыгып, сүйлөшкөндөй болгон жана ошол замат “тарс” деген үн чыгып, депутат жерге кулап түшкөн.
Депутат Кадыралиевдин сөөгү

Ага ок аткан адам ошол замат көп кабаттуу үйлөрдү аралап качып кетүүгө үлгүргөн. Санжар Кадыралиевдин жанындагылар аны сактап калууга үлгүрбөй калышты.

Окуя болгон жерден биздин кабарчыбыздын билдиргенине караганда, Улукбек Ормонов, Ибрагим Жунусов баштаган айрым депутаттар да окуя болгон жерде болушуп, маркумдун сөөгүн моргго алып кетишти.

Санжар Кадыралиев 1976-жылдын 16-ноябрында Оштун Өзгөн районундагы Куршаб айылында туулган. 2000-жылы Оштогу кыргыз-өзбек университетинин экономика факультетин, 2003-жылы ОШМУнун юриспруденция факультетин бүтүргөн.

1998-2002-жылдары Кыргызстандын “Панкратион” федерациясында инструктор, 2002-2006-жылдары бул уюмдун вице-президенти болуп иштеген.

2006-жылы Санжар Кадыралиев Өзгөн районунан Куршаб шайлоо округу боюнча депутаттыкка ат салышып, чыр-чатак, соттошуулар менен акыры депутат болгон. 25-июнь күнү добуш берүү маалында Санжар Кадыралиев менен атаандаш талапкер Мамат Орозбаевдин жактоочуларынын ортосунда кагылышуу болуп, массалык тополоң чыккан. Милициянын кийлигишүүсүнө карабастан эки тараптын тең жактоочулары бейбаштык аракеттерди жасашып, ок атуучу куралдарды пайдаланганга чейин барышкан.

Андан кийин ал 2007-жылдын декабрындагы парламенттик шайлоодо “Ак жол” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке келген.
Санжар Кадыралиев

2005-жылы болгон март окуясынан кийин Кыргызстанда Санжар Кадыралиев киши колдуу өлтүрүлгөн төртүнчү депутат болуп калды.

Буга чейин ЖКнын мурдагы курамындагы депутаттар Жыргалбек Сурабалдиев, Баяман Эркинбаев, Тынычбек Акматбаев атылып өлтүрүлгөн.


Депутат Санжар Кадыралиевди атып кетишти
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:30 0:00
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG